Кыргызстан билим берүү реформасы үчүн Евробиримдиктен 6 млн евро грант алды
Кыргызстан билим берүү тармагындагы реформалардын жыйынтыгы үчүн Европа Биримдигинен 6 млн евро грант алды. Бул болжол менен 592 млн сом. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, каражат "Билим берүү тармагын реформалоо боюнча келишим" (ESRC) программасынын алкагында берилди.
Программанын өзгөчөлүгү - акча алдын ала берилбейт. Каражат өлкө макулдашылган шарттарды аткарып, белгиленген көрсөткүчтөргө жеткенден кийин гана бөлүнөт. Бул транш Кыргызстандын реформалар боюнча ийгиликтерин тастыктайт.
Программа мектептик билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Негизги артыкчылыктуу багыттар:
• STEM-билим берүүнү өнүктүрүү;
• санариптик жана медиасабаттуулукту жогорулатуу;
• экологиялык компетенцияларды жана "жашыл көндүмдөрдү" калыптандыруу.
Алынган колдоо билим берүү системасын модернизациялоого кошумча мүмкүнчүлүк түзөт.