Шакира башталышы гана... Дагы көп дүйнө жылдыздарынын келиши күтүлөт

Шакира башталышы гана... Дагы көп дүйнө жылдыздарынын келиши күтүлөт

Кыргызстанда мындан ары да дүйнөлүк жылдыздардын концерттерин өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдирет. 18-октябрда "Бишкек аренада" өткөн Шакиранын концертине 40 миңден ашуун көрүүчү катышкан. Билеттерди 36 өлкөнүн жарандары сатып алышкан, ал эми чет өлкөдөн келген көрүүчүлөрдүн саны 10 миңден ашкан.

"Бул жөн гана концерт жана шоу эмес. Бул — жаңы туристтер, бизнестин өнүгүшү, дүйнөгө таанылуу жана өлкөбүз үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр. Биздин милдет — жетишкендиктер менен токтоп калбоо. Шакира — башталышы гана. Алдыда дагы дүйнөлүк жылдыздар жана ири долбоорлор бар", — деп белгилешти мекемеден.

Концерт жеке уюштуруучулардын, инвесторлордун жана өнөктөштөрдүн колдоосу менен өткөрүлүп, ырчынын гонорарына мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнбөгөнү айтылат.

Буга чейин Туризмди өнүктүрүү агенттиктин директору Эдуард Кубатов, Шакиранын концертинен болжолдуу 200 миң доллар киреше экономикага түшкөнүн, алдыда дагы да эсептелип жатканын айткан.

Мындан тышкары окуңуз

Эмгек министри Дүйнөлүк банктын КРдагы кеңсесинин жетекчиси менен жолугушту

Эмгек министри Дүйнөлүк банктын КРдагы кеңсесинин жетекчиси менен жолугушту

Бүгүн эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министри Алмаз Имангазиев Дүйнөлүк банктын КРдагы кеңсесинин жетекчиси Хью Ридделл менен Дүйнөлүк банктын “Эмгек рыногунун жана социалдык коргоонун программаларын чыңдоо” долбоору боюнча миссиясынын алкагында жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшүн, аткарылып жаткан иштердин учурдагы жыйынтыктарын, ошондой эле калкты иш менен камсыз кылууга

Ишкер Media
Бишкек шаарындагы жылуулук электр борбору кышкы жылытуу сезонуна даяр

Бишкек шаарындагы жылуулук электр борбору кышкы жылытуу сезонуна даяр

20-октябрга карата Бишкек шаарындагы жылуулук электр борбору (ЖЭБ) штаттык режимде иштеп жатат. Жылуулук электр станциясынын орточо электр кубаттуулугу 160 МВтты түзөт. Электр энергиясын иштеп чыгуу көлөмү 3,851 млн кВт/саатты, ал эми жылуулук энергиясын берүү көлөмү 2,4 миң гигакалорияны түздү. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жылуулук электр

Ишкер Media
Өлкөдө жаңы авиакомпанияларды ачууга киргизилген мораторий алынды

Өлкөдө жаңы авиакомпанияларды ачууга киргизилген мораторий алынды

Кыргызстанда жаңы түзүлгөн авиакомпанияларга эксплуатанттын сертификатын (AOC) берүүгө киргизилген тыюу алынды. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги кабарлап, мындай чечим өлкөнүн жарандык авиациясын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи. 2024-жылы киргизилген мораторий учуулардын коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө, ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө жана авиация тармагын реформалоого багытталган убактылуу чара болгон.

Ишкер Media
Кыргызстанда бизнеске коррупцияга каршы эл аралык стандарттарды киргизүү талкууланды

Кыргызстанда бизнеске коррупцияга каршы эл аралык стандарттарды киргизүү талкууланды

Кыргызстанда коммерциялык уюмдардын ишине коррупцияга каршы эл аралык ак ниет башкаруу стандарттарды жана корпоративдик башкаруу принциптерин киргизүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынан билдиришти. Билдирүүгө караганда, 16-октябрда өткөн иш-чарага банктардын, камсыздандыруу уюмдарынын, ломбарддардын, лизинг компанияларынын, мамлекеттик эмес пенсиялык

Ишкер Media