Кыргызстан экспортко басым жасаган жаңы экономикалык моделге өтөт
Президент Садыр Жапаров 21-октябрда өткөн республикалык кеңешмеде өлкө экспортко багытталган индустриалдык өнүгүү моделине өтөрүн билдирди.
Өлкө башчысы белгилегендей, ал экспорттук кызмат көрсөтүүлөргө жана кошумча наркы жогору турган кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясын экспорттоого негизделет.
"Экспорттук мүмкүнчүлүктөрүбүздү толук пайдалануу үчүн соода жана бажы саясаты түп-тамырынан кайра каралып, жаңыланат. Ата мекендик товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тышкы рынокторго жигердүү чыгарууга, товар агымдарын тейлөөнү ыкчамдатууга жана экспорттук экосистеманы чыңдоого басым жасалат", - деди президент.