Өлкө башчы Базар-Коргон эли менен жолукту

Өлкө башчы Базар-Коргон эли менен жолукту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Базар-Коргон районунун активи жана тургундары менен жолугушту. Мамлекет башчысы райондун бюджетинин кыйла өскөнүн айтып, өздүк бюджеттик каражаттардын көбөйүшү менен катар аймак социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн республикалык бюджеттен да олуттуу каржылык колдоо алып жатканын баса белгиледи.

 "Базар-Коргон районунун 2021-жылы бюджетинин көлөмү 189,6 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 350,5 млн сомго жеткен. Башкача айтканда, райондун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 1,8 эсеге көбөйгөн. 2026-жылга Базар-Коргон районунда объектилерди куруу үчүн “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча каржылоо каралган. 2026-жылдын 1-октябрына карата бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 767,3 млн сомду түздү. Райондо акыркы беш жылда жалпы 57 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Анын ичинен 2026-жылы 21 чакырым жол асфальтталды”, - деди президент. 

Ал ошондой эле аймакта «Алтын Казык» программасы ишке ашырылып жатканын белгиледи. Бардык мектептерде усулдук иш-чаралар, мугалимдер үчүн тренингдер өткөрүлүүдө. Жаңы муундун өкүлдөрүн жаңы ыкмалар менен окутууга басым жасалууда. Инфраструктураны өнүктүрүүгө токтолгон Садыр Жапар Базар-Коргон шаарында ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарын калыбына келтирүү боюнча долбоордук-сметалык документтер даярдалып жатканын билдирди. Район аймагындагы Кара-Үңкүр дарыясына суу сактагыч куруу боюнча долбоорлоо иштери аяктаары менен курулуш иштери башталмакчы. Жаңы келген атайын техникалар менен ички чарбалык каналдар тазаланып, вегетациялык мезгилге каналдарды даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Мамлекет башчысы инфраструктуралык маселелерди чечүү менен катар аймактын жаратылыш жана экономикалык дараметин натыйжалуу пайдалануу маанилүү экенин баса белгиледи. Ал Базар-Коргон районундагы жаңгак токойлору дүйнөдөгү эң ири токойлордун катарына кирерин белгилеп, чийки затты экспорттоодон жаңгакты кайра иштетүүгө, жаңгак майын, пастасын жана унун өндүрүүгө, ошондой эле «Табигый кыргыз жаңгагы» улуттук брендин жайылтууга өтүү зарылдыгын айтты.

Президент райондун социалдык маселелерине да өзүнчө токтолду. Ал 2028-жылга чейин мектептердин жетишсиздиги көйгөйүн толук чечүү максаты коюлганын, андан кийин негизги көңүл бала бакчаларды жана маданият үйлөрүн курууга жана жаңылоого буруларын билдирди.

 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 2026-жылдын августунда азайды

Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 2026-жылдын августунда азайды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын август айында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулган акчанын таза агымы 269,6 млн $ түздү. Бул көрсөткүч 2025-жылдын август айындагы 342,5 млн $ салыштырмалуу төмөн. Маалыматка караганда, акча которуулардын негизги бөлүгү Россиядан которулуп келген. Август айында бул өлкөдөн 239,2 млн $ которулуп,

Ишкер Media
Президент: Жалал-Абад облусунун бюджети 5 жылда 4,5 эсеге өстү

Президент: Жалал-Абад облусунун бюджети 5 жылда 4,5 эсеге өстү

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун бюджети 5 жылда 4,5 эсеге өскөнүн билдирди. Бул тууралуу өлкө башчы Манас шаарынын жана Сузак районунун жашоочулары менен жолугушууда айтты. Айтымында, 2021-жылы облустун боюджетинин көлөмү 2 миллиард 630 миллион сом менен бекитилген. "2025-жылы ал 11 миллиард 490 миллион сомду түздү.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Швейцария кызматташтыкты өнүктүрөт

Кыргызстан менен Швейцария кызматташтыкты өнүктүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Швейцариянын Улуттук кеңешинин төрагасы Пьер-Андре Паж менен жолугушту. Бул тууралуу 22-октябрда МинКабдан билдирди. Билдирүүгө ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин жана өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы келечегин талкуулашты. МинКаб төрагасы Швейцария Кыргызстандын Европадагы маанилүү өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, саясий диалогду

Ишкер Media
Өлкөгө акыркы 6 айда 1,9 миллион эс алуучу келген

Өлкөгө акыркы 6 айда 1,9 миллион эс алуучу келген

2026-жылдын 6 айында өлкөгө 1,9 миллион эс алуучу келип, башка жылдарга салыштырмалуу 1,4 эсеге өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдирет. Маалыматка ылайык, туризм тармагында түзүлгөн дүң кошумча нарк 34 миллиард сомду түзүп, өлкөнүн ички дүң продукциясынын 3,6 пайызына барабар болгон. "2026-жылдын 1-июлуна

Ишкер Media