Өлкөгө акыркы 6 айда 1,9 миллион эс алуучу келген
2026-жылдын 6 айында өлкөгө 1,9 миллион эс алуучу келип, башка жылдарга салыштырмалуу 1,4 эсеге өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдирет. Маалыматка ылайык, туризм тармагында түзүлгөн дүң кошумча нарк 34 миллиард сомду түзүп, өлкөнүн ички дүң продукциясынын 3,6 пайызына барабар болгон.
"2026-жылдын 1-июлуна карата туризм менен байланышкан 158,2 миңге жакын чарба жүргүзүүчү субъект катталса, анын 140 миңге жакынын жеке ишкерлер түзөт. Ошондой эле биринчи жарым жылдыкта өлкөдө туристтерди кабыл алуу жана тейлөө боюнча 604 мекеме жигердүү иш алып барды. Бул сандар туризмге болгон суроо-талап менен катар инфраструктурага инвестиция салуу да өсүп жатканын айгинелейт. Бирок алты айда түзүлгөн 34 миллиард сом дүң кошумча наркты бюджетке түз түшкөн киреше катары кароого болбойт. Жыл аягында бул көрсөткүч эки эсеге көбөйөрүн айтуу үчүн да азырынча расмий болжолдор жетишсиз", - деп жазылат маалыматта.