Өлкөдө энелердин өлүмү 34,4 пайызга азайганы айтылды

Өлкөдө энелердин өлүмү 34,4 пайызга азайганы айтылды

Кыргызстанда 2026-жылдын 9 айында кош бойлуулук, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилде энелердин өлүмүнүн 23 учуру катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34,4 пайызга төмөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, үй-бүлөнү пландоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.

Мекеме мамлекет тарабынан заманбап контрацепция каражаттарын сатып алууга 12,5 млн сом бөлүү каралганын белгиледи. Бул каражаттар социалдык жактан аялуу топторго кирген аялдар үчүн да жеткиликтүү болот.

Кош бойлуулук жана төрөттөн кийинки мезгилде аялдарды колдоого өзгөчө көңүл бурулууда. Камсыздандырылбаган аялдарга милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин акысыз алуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Президент: Жалал-Абад облусунун бюджети 5 жылда 4,5 эсеге өстү

Президент: Жалал-Абад облусунун бюджети 5 жылда 4,5 эсеге өстү

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун бюджети 5 жылда 4,5 эсеге өскөнүн билдирди. Бул тууралуу өлкө башчы Манас шаарынын жана Сузак районунун жашоочулары менен жолугушууда айтты. Айтымында, 2021-жылы облустун боюджетинин көлөмү 2 миллиард 630 миллион сом менен бекитилген. "2025-жылы ал 11 миллиард 490 миллион сомду түздү.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Швейцария кызматташтыкты өнүктүрөт

Кыргызстан менен Швейцария кызматташтыкты өнүктүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Швейцариянын Улуттук кеңешинин төрагасы Пьер-Андре Паж менен жолугушту. Бул тууралуу 22-октябрда МинКабдан билдирди. Билдирүүгө ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин жана өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы келечегин талкуулашты. МинКаб төрагасы Швейцария Кыргызстандын Европадагы маанилүү өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, саясий диалогду

Ишкер Media
Өлкө башчы Базар-Коргон эли менен жолукту

Өлкө башчы Базар-Коргон эли менен жолукту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Базар-Коргон районунун активи жана тургундары менен жолугушту. Мамлекет башчысы райондун бюджетинин кыйла өскөнүн айтып, өздүк бюджеттик каражаттардын көбөйүшү менен катар аймак социалдык-экономикалык өнүгүү үчүн республикалык бюджеттен да олуттуу каржылык колдоо алып жатканын баса белгиледи.  "

Ишкер Media
Өлкөгө акыркы 6 айда 1,9 миллион эс алуучу келген

Өлкөгө акыркы 6 айда 1,9 миллион эс алуучу келген

2026-жылдын 6 айында өлкөгө 1,9 миллион эс алуучу келип, башка жылдарга салыштырмалуу 1,4 эсеге өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдирет. Маалыматка ылайык, туризм тармагында түзүлгөн дүң кошумча нарк 34 миллиард сомду түзүп, өлкөнүн ички дүң продукциясынын 3,6 пайызына барабар болгон. "2026-жылдын 1-июлуна

Ишкер Media