Чүйдө индустриалдык парк түзүлөт: ага 1,5 млрд сом караштыруу сунушталууда
Кыргызстанда биринчи индустриалдык паркты түзүү жана өлкөдөгү индустриалдык парктарды өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин бул боюнча тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, “Биринчи индустриалдык парк” Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында, жалпы аянты 24,2 гектар болгон аймакта түзүлмөкчү.
Токтом долбоорунда Финансы министрлигине индустриалдык парктарды түзүүгө, инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана башкаруучу компаниянын ишин камсыз кылууга республикалык бюджеттен 1 млрд 500 млн сом караштыруу сунушталган.
Каражат төмөнкү багыттарга жумшалмакчы:
- индустриалдык парктардын башкы пландарын жана долбоордук-сметалык документтерин даярдоого;
- электр энергиясы, газ, суу, канализация, жол жана байланыш инфраструктурасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө;
- башкаруучу компаниянын алгачкы ишин уюштурууга, анын ичинде кызматкерлердин эмгек акысына жана зарыл жабдууларды сатып алууга.
Көрсөтүлгөн каражаттын 519 миң 520 сому индустриалдык парктардын долбоордук документтерин, анын ичинде Биринчи индустриалдык парктын башкы планын иштеп чыгууга каралган. Каржылоону 2027-жылдын январынан тартып, тиешелүү жылга бекитилген бюджеттик каражаттардын чегинде баштоо сунушталууда.
Индустриалдык парктарды башкаруу
Долбоордо “Индустриалдык парктардын башкаруучу компаниясы” аттуу ачык акционердик коом түзүү каралган. Анын жалгыз акционери Министрлер Кабинети болмокчу. Компания Чүйдөгү биринчи паркты гана эмес, келечекте өлкөнүн башка аймактарында түзүлө турган индустриалдык парктарды да башкарат. Ал эми индустриалдык парктарды түзүү, өнүктүрүү жана алардын ишин координациялоо Экономика жана коммерция министрлигине жүктөлөт.
Долбоордун негиздемесинде бирдиктүү компания түзүү - башкаруу чыгымдарын кыскартууга, инвесторлор менен иштөөнү жеңилдетүүгө жана инфраструктураны өнүктүрүүдө бирдиктүү тартипти камсыз кылууга мүмкүндүк берери белгиленген.
Индустриалдык парктарда ишкерлер үчүн - электр энергиясы, суу, жол жана башка зарыл коммуникациялар менен камсыздалган өндүрүш аянтчаларын түзүү пландалууда. Мындай шарт инвесторлордун инфраструктурага жумшай турган баштапкы чыгымдарын азайтууга багытталган.
Ошондой эле биринчи индустриалдык паркка улуттук инвестициялык долбоор статусун берүү маселесин атайын комиссиянын кароосуна киргизүү сунушталган.
Мындан тышкары, парк жайгаша турган жердин чек араларын жана укуктук статусун тактоо, анын аймагындагы суу мунарасынын иштешин жана аны тейлөөгө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу маселелери чечилиши керек.