Бишкекте жаңы заманбап аялдамалар орнотулууда

Бишкекте жаңы заманбап аялдамалар орнотулууда

Борбор калаада коомдук транспорттун инфраструктурасын өнүктүрүү уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты.

Билдирүүгө караганда, "Санариптик технологиялар борбору" ишканасы "Акылдуу аялдама" долбоорунун алкагында шаардагы аялдамаларга 15 интерактивдүү маалыматтык панель орнотту. Орнотуу иштери уланууда.

Мындан тышкары, AUGUL компаниясы менен биргеликте Айни көчөсү – Чыңгыз Айтматов кең көчөсү аялдамасына автобус жакындаганын кабарлоочу маалыматтык такта орнотулду.

Интерактивдүү панелдер аркылуу жүргүнчүлөр автобус номерлери, каттам багыттары жана аралык тууралуу маалымат ала алат.

Долбоор коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жана ыңгайлуулугун жогорулатууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда кескин суукка байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өстү

Кыргызстанда кескин суукка байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өстү

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК өлкөдө күндүн кескин сууктаганына байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өскөнүн билдирди. Мекеме белгилегендей, бүгүн Кыргызстандын энергосистемасында электр энергиясын суткалык керектөө 64 млн 318 миң кВт саатка жетти. Бул — күз мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле күнүнө салыштырмалуу 16

Ишкер Media
Бишкекте бир жумада 77 мыйзамсыз объект алынды

Бишкекте бир жумада 77 мыйзамсыз объект алынды

Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы мыйзамсыз объекттерди алуу тууралуу президенттин Жарлыгын аткаруу иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Маалым болгондой, 19-23-октябрь күндөрү шаар аймагында жеңил типтеги 44 объект жана 33 капиталдык курулуш демонтаждалды. Натыйжада 7 664 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Иштер мажбурлоо жана ыктыярдуу түрдө жүргүзүлдү.

Ишкер Media
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунда 28 тоннель казылууда

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунда 28 тоннель казылууда

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун өлкө аймагындагы бардык тилкесинде жумуштар кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдирди. Билдирүүгө караганда, жаңы курула турган 29 тоннелдин 28инде курулуш иштери жүрүп жатат, ал эми бир тоннель толугу менен казылып бүттү. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу

Ишкер Media
4 облуста таштанды төгүүчү жайлар дрондун жардамы менен көзөмөлдөнөт

4 облуста таштанды төгүүчү жайлар дрондун жардамы менен көзөмөлдөнөт

Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан Бишкек шаарынын Экологиялык прокуратурасы менен биргеликте Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарында таштанды төгүүчү жайлардын абалына көзөмөлдү күчөтүү пландалууда. Министрликтин маалыматына караганда, бүгүн тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү катышкан видеоконференция форматындагы жолугушуу орун алды. Анда катуу тиричилик калдыктарынын стихиялуу түрдө төгүлүшү, алардын үзгүлтүксүз тутанышы жана түтөп күйүшү,

Ишкер Media