4 облуста таштанды төгүүчү жайлар дрондун жардамы менен көзөмөлдөнөт

4 облуста таштанды төгүүчү жайлар дрондун жардамы менен көзөмөлдөнөт

Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан Бишкек шаарынын Экологиялык прокуратурасы менен биргеликте Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарында таштанды төгүүчү жайлардын абалына көзөмөлдү күчөтүү пландалууда.

Министрликтин маалыматына караганда, бүгүн тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү катышкан видеоконференция форматындагы жолугушуу орун алды.

Анда катуу тиричилик калдыктарынын стихиялуу түрдө төгүлүшү, алардын үзгүлтүксүз тутанышы жана түтөп күйүшү, медициналык калдыктардын тиричилик калдыктары менен аралаштырылышы, ошондой эле экологиялык коопсуздук жана санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин одоно бузулушу сыяктуу маселелер талкууланды.

Жыйынтыгында Бишкек шаарынын Экологиялык прокуратурасы менен биргеликте ведомстволор аралык жумушчу комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Комиссиянын алкагында өлкөнүн Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарына жеринде чыгуу менен катуу тиричилик калдыктары төгүлүүчү жайлардын иш жүзүндөгү абалын текшерүү, талдоо жана баалоо пландаштырылууда.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө таштанды төгүүчү жайлардын абалы дрондордун жардамы менен катталып, айлана-чөйрөнүн булгануу деңгээлине инструменталдык өлчөөлөр жүргүзүлөт.

Кыргызстандын аймагында мурда жалпы 323 таштанды төгүүчү жай болгон. Административдик-аймактык реформалардын жүргүзүлүшүнүн, ошондой эле айрым таштанды төгүүчү жайлардын рекультивацияланышынын, калдыктардын көмүлүшүнүн жана чакан таштанды төгүүчү жайлардын борборлоштурулушунун натыйжасында алардын саны 230га чейин кыскарган. Анын ичинен 93 стихиялуу таштанды төгүүчү жай жоюлган, ал эми 160 таштанды төгүүчү жай ушул күнгө чейин уруксатсыз иштеп келет.

Мындан тышкары окуңуз

"Тазалык" Бишкектиктерге таштандыны чыгаруу боюнча кайрылды

"Тазалык" Бишкектиктерге таштандыны чыгаруу боюнча кайрылды

"Тазалык" ишканасы шаар тургундарына таштандыларды саат 19:00дөн кийин чыгарууну сунуштайт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти. Бул чара таштанды чыгаруу иштерин оптималдаштырып, жол тыгындарын азайтууга багытталган. Ишканадан билдиришкендей, унаа кыймылы азайган кечки убакта таштанды ташуучу техникалар натыйжалуу иштейт. Мэрия тургундарды сунушту эске алып, коммуналдык кызматтардын ишине көмөк

Ишкер Media
Кыргызстанда кескин суукка байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өстү

Кыргызстанда кескин суукка байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өстү

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК өлкөдө күндүн кескин сууктаганына байланыштуу электр энергиясын керектөө кыйла өскөнүн билдирди. Мекеме белгилегендей, бүгүн Кыргызстандын энергосистемасында электр энергиясын суткалык керектөө 64 млн 318 миң кВт саатка жетти. Бул — күз мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле күнүнө салыштырмалуу 16

Ишкер Media
Бишкекте бир жумада 77 мыйзамсыз объект алынды

Бишкекте бир жумада 77 мыйзамсыз объект алынды

Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы мыйзамсыз объекттерди алуу тууралуу президенттин Жарлыгын аткаруу иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Маалым болгондой, 19-23-октябрь күндөрү шаар аймагында жеңил типтеги 44 объект жана 33 капиталдык курулуш демонтаждалды. Натыйжада 7 664 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Иштер мажбурлоо жана ыктыярдуу түрдө жүргүзүлдү.

Ишкер Media
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунда 28 тоннель казылууда

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунда 28 тоннель казылууда

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун өлкө аймагындагы бардык тилкесинде жумуштар кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдирди. Билдирүүгө караганда, жаңы курула турган 29 тоннелдин 28инде курулуш иштери жүрүп жатат, ал эми бир тоннель толугу менен казылып бүттү. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу

Ишкер Media