Бишкекте балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча жыйын өттү
КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызынын жетекчилиги астында балдардын укуктарынын сакталышы боюнча маселелерди кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өттү. Бул тууралуу министрликтен билдирди.
Жыйынга Чүй облусунун прокуратурасынын, Агартуу министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Министрлер Кабинетинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын өкүлдөрү катышты.
Маалым болгондой, жыйында Акыйкатчынын сунуштамасында көрсөтүлгөн маселелер жана Чүй облусунун прокуратурасынын Чүй жатак мектебинде аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча сунуштамасында белгиленген жагдайлар каралды.
Комиссиянын мүчөлөрү тиешелүү материалдарды талкуулап, аныкталган мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди жоюу, мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча сунуштарды беришти.