Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Өлкөдө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин маянасы жана ардагерлердин пенсиялары жогорулатылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгы менен куттуктаганда айтты.

"Буюрса, ушул жылдын 1-декабрынан баштап, жогорулаган айлыктарды жана пенсияларды алып баштайсыздар", - деди президент.

Өлкө башчысы милициянын 102 жылдыгына карата 102 даана жаңы автоунаалар тапшырыла турганын кошумчалады.

"Мындан сырткары, жалпы өлкө боюнча коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоону күчөтүүгө шарт түзүү максатында, жер-жерлердеги ички иштер органдарына тиешелүү болгон 42 жаңы имаратты онлайн ачып, ишке киргизебиз", - деди мамлекет башчысы.

Президент ачылып жаткан жаңы имараттар жана тапшырылып жаткан жаңы автоунаалар "Коопсуз өлкө" долбоорунун негизинде ишке ашырылып жатканын баса белгиледи.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

10 айда Салык кызматы 288,5 млрд сом, Бажы кызматы 155,6 млрд сом чогултту

Бир жумада сасык тумоо жана КРВИнин 10,9 миң учуру катталды

БУУнун СЕФАКТ форумунда транзиттик коридорлорду санариптештирүү маселеси талкууланды

Кыргызгидромет: шашылыш билдирүү

Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан кафенин ээсине 200 миң сом айып салынды