Президент Таласка иш сапары менен барат

Президент Таласка иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда Талас облусуна иш сапар менен барат. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы аймактын эли менен жолугушуп, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин облустун учурдагы социалдык-экономикалык абалы жана мындан аркы өнүгүү келечеги тууралуу маалыматтарын угат.

Ошондой эле Талас шаарындагы "Талас Арена" борбордук стадионунун ачылыш аземине катышат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө жер титирөө катталды

Өлкөдө жер титирөө катталды

Бүгүн өлкө аймагында түнкү саат 01:20да 2,5 балга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди. Билдирүүгө карарганда, жер титирөөнүн очогу Жетим-Бел кырка тоосуна туура келген. Ал Арчалы айылынан 7 чакырым түндүк-батышта, Узун-Булак айылынан 12 чакырым түндүк-чыгышта жана Бөкөнбаев райондук борборунан 47 чакырым

Ишкер Media
Республика боюнча 10 млн гектарга жакын жайыт жердин 180 миң гектары деградацияга учураганы айтылды

Республика боюнча 10 млн гектарга жакын жайыт жердин 180 миң гектары деградацияга учураганы айтылды

Өлкөдө жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу, деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирүү жана мал чарбачылыгынын тоют базасын чыңдоо боюнча программа иштелип чыкты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, республика боюнча 10 млн гектарга жакын жайыт жер бар, анын 180 миң гектары деградацияга учураган. Бул

Ишкер Media
Ноокенде аңчылык эрежелерин бузган жаранга 12 500 сом айып салынды

Ноокенде аңчылык эрежелерин бузган жаранга 12 500 сом айып салынды

Ноокен районунун Шайдан участкасынан тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок ок атуучу куралды автоунаасында алып жүргөн жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди. Аталган факты боюнча жеринде тиешелүү документтер толтурулуп, аңчылык эрежелерин бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жаранга 12 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Маалым

Ишкер Media
Таласта төө буурчактын "Ак лопатка" түрү 135 сомдон сатып алынат

Таласта төө буурчактын "Ак лопатка" түрү 135 сомдон сатып алынат

Талас облусунда төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ишке кирип, жергиликтүү дыйкандар үчүн түшүмүн туруктуу баада сатууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Айыл чарба министрлиги билдиргендей, түзүлгөн келишимге ылайык, завод жети жыл бою дыйкандардан төө буурчактын "Ак лопатка" сортун килограммын 135 сомдон, ал эми "Томатный" сортун 100 сомдон кем эмес

Ишкер Media