Өлкөдө жер титирөө катталды
Бүгүн өлкө аймагында түнкү саат 01:20да 2,5 балга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Билдирүүгө карарганда, жер титирөөнүн очогу Жетим-Бел кырка тоосуна туура келген. Ал Арчалы айылынан 7 чакырым түндүк-батышта, Узун-Булак айылынан 12 чакырым түндүк-чыгышта жана Бөкөнбаев райондук борборунан 47 чакырым түштүк-батышта болгон.
Арчалы айылында жер титирөөнүн күчү болжол менен 2 баллды түзгөн.