Ноокенде аңчылык эрежелерин бузган жаранга 12 500 сом айып салынды

Ноокенде аңчылык эрежелерин бузган жаранга 12 500 сом айып салынды

Ноокен районунун Шайдан участкасынан тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок ок атуучу куралды автоунаасында алып жүргөн жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Аталган факты боюнча жеринде тиешелүү документтер толтурулуп, аңчылык эрежелерин бузгандыгы үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жаранга 12 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Маалым болгондой, ок атуучу куралга байланыштуу жагдайларга укуктук баа берүү жана мыйзам чегинде андан аркы чараларды көрүү үчүн тиешелүү материалдар Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.
Рейддик иш чара Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Биоресурстарды контролдоо бөлүмүнүн жана Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб төрагасы: маданият тармагына жылына 6-10 млрд сом бөлүнүп жатат

МинКаб төрагасы: маданият тармагына жылына 6-10 млрд сом бөлүнүп жатат

Кыргызстанда маданият тармагына жыл сайын 6-10 млрд сомдун тегерегинде каражат бөлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып айтты. Анын айтымында, бул каражат маданиятты өнүктүрүүгө, маданий мекемелердин ишмердүүлүгүн илгерилетүүгө, искусство чыгармаларын жаратууга жана жайылтууга, керектүү шартарды түзүүгө сарпталууда. МинКаб башчысы

Ишкер Media
Бишкекте өнөр жайды өнүктүрүү боюнча форум өтөт

Бишкекте өнөр жайды өнүктүрүү боюнча форум өтөт

5-ноябрда Бишкек шаарында "Борбордук Азиядагы өнөр жай трансформациясы жана инвестицияларды мобилизациялоо" аттуу өнөр жайды өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты. Белгилүү болгондой, иш-чараны Министрлер Кабинети тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү уюму (ЮНИДО) менен биргеликте уюштурулууда. Форумга Кыргызстандын жана

Ишкер Media
Бишкек - Алматы мэриясы кызматташуу боюнча план кабыл алышты

Бишкек - Алматы мэриясы кызматташуу боюнча план кабыл алышты

Бишкек шаарынын мэриясы менен Алматы шаарынын акиматы 2026–2030-жылдарга карата иш-чаралар планын кабыл алышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан бүгүн маалымдады. Маалым болгондой, документ эки шаардын боордоштук мамилелерин мындан ары чыңдоого жана практикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган. Планда соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык жана гуманитардык багыттарда биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу,

Ишкер Media
Өлкөдө жер титирөө катталды

Өлкөдө жер титирөө катталды

Бүгүн өлкө аймагында түнкү саат 01:20да 2,5 балга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди. Билдирүүгө карарганда, жер титирөөнүн очогу Жетим-Бел кырка тоосуна туура келген. Ал Арчалы айылынан 7 чакырым түндүк-батышта, Узун-Булак айылынан 12 чакырым түндүк-чыгышта жана Бөкөнбаев райондук борборунан 47 чакырым

Ишкер Media