Таласта төө буурчактын "Ак лопатка" түрү 135 сомдон сатып алынат

Таласта төө буурчактын "Ак лопатка" түрү 135 сомдон сатып алынат

Талас облусунда төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ишке кирип, жергиликтүү дыйкандар үчүн түшүмүн туруктуу баада сатууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Айыл чарба министрлиги билдиргендей, түзүлгөн келишимге ылайык, завод жети жыл бою дыйкандардан төө буурчактын "Ак лопатка" сортун килограммын 135 сомдон, ал эми "Томатный" сортун 100 сомдон кем эмес баада сатып алат.
Бул демилге төө буурчак өстүргөн дыйкандардын эмгегин колдоого, түшүмдү туруктуу баада өткөрүүгө жана ата мекендик айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө багытталган.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте өнөр жайды өнүктүрүү боюнча форум өтөт

Бишкекте өнөр жайды өнүктүрүү боюнча форум өтөт

5-ноябрда Бишкек шаарында "Борбордук Азиядагы өнөр жай трансформациясы жана инвестицияларды мобилизациялоо" аттуу өнөр жайды өнүктүрүү боюнча аймактык форум өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты. Белгилүү болгондой, иш-чараны Министрлер Кабинети тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү уюму (ЮНИДО) менен биргеликте уюштурулууда. Форумга Кыргызстандын жана

Ишкер Media
Бишкек - Алматы мэриясы кызматташуу боюнча план кабыл алышты

Бишкек - Алматы мэриясы кызматташуу боюнча план кабыл алышты

Бишкек шаарынын мэриясы менен Алматы шаарынын акиматы 2026–2030-жылдарга карата иш-чаралар планын кабыл алышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан бүгүн маалымдады. Маалым болгондой, документ эки шаардын боордоштук мамилелерин мындан ары чыңдоого жана практикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган. Планда соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык жана гуманитардык багыттарда биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу,

Ишкер Media
Өлкөдө жер титирөө катталды

Өлкөдө жер титирөө катталды

Бүгүн өлкө аймагында түнкү саат 01:20да 2,5 балга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди. Билдирүүгө карарганда, жер титирөөнүн очогу Жетим-Бел кырка тоосуна туура келген. Ал Арчалы айылынан 7 чакырым түндүк-батышта, Узун-Булак айылынан 12 чакырым түндүк-чыгышта жана Бөкөнбаев райондук борборунан 47 чакырым

Ишкер Media
Республика боюнча 10 млн гектарга жакын жайыттын 180 миң гектары деградацияга учураган

Республика боюнча 10 млн гектарга жакын жайыттын 180 миң гектары деградацияга учураган

Өлкөдө жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу, деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирүү жана мал чарбачылыгынын тоют базасын чыңдоо боюнча программа иштелип чыкты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, республика боюнча 10 млн гектарга жакын жайыт жер бар, анын 180 миң гектары деградацияга учураган. Бул

Ишкер Media