Кыргызстан менен Пакистан товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча талкуулашты
Тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Исламабад шаарында Пакистандын Премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар үстүбүздөгү жылы болуп өткөн сапарлардын алкагында жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
ТИМ маалымдагандай, тараптар соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорттук-логистикалык кызматташтыкты кеңейтүү максатында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү мындан ары активдештирүүнүн зарылдыгын белгилешти.
Ошондой эле эки тараптуу товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча биргелешкен иштин артыкчылыктуу багыттарын белгилешти.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу