Инвестиция салууну 1 миң сомдон кантип баштаса болот?

Инвестиция салууну 1 миң сомдон кантип баштаса болот?

АКШнын фондулук рыногуна инвестиция салуу каржылык көз карандысыздык маданиятын жайылтуу менен бирге жагымдуу жана жеткиликтүү болуп баратат. Коронавирустук пандемия отко май тамызды жана көптөр инвестицияларды финансылык «коопсуздук жаздыгы» катары карай башташты.

«Инвестология» мектебинин негиздөөчүсү Дильноза Алымова 2018-жылы инвестиция сала баштаган жана азыр өзүнүн блогунда социалдык тармактарда бөлүшүүдө.

Ал Economist.kg сайтына берген маегинде инвестиция салууну кантип баштоо керектигин, жаңыдан баштагандар көбүнчө кандай каталарды кетирерин жана алдамчыларды кантип айланып өтүү керектигин айтып берди.

– Инвестицияны кантип баштадыңыз?

– Мен 2018-жылдан бери инвестиция жасайм. Мен ар дайым депозиттерден алганга караганда көбүрөөк кирешеге ээ болууну каалачумун, пайыздарды берүү учурун күтүүгө чыдай алчу эмесмин. Каржы жана аларды кантип көбөйтүү жөнүндө көптөгөн китептерде «инвестициялоо» сөзү дайыма кезиккендиктен мен бул жөнүндө ойлонуп баштадым.

КМШнын элдери инвестиция үчүн жок дегенде 50-100 миң доллар керек окшойт деп ойлошот. 90-2000-жылдары баалуу кагаздар рыногуна кирүү чынында эле кыйын болчу, бирок азыр бардыгы ушунчалык жеткиликтүү болгондуктан, сиз брокердик эсепти онлайн ачып, инвестиция салууну баштай аласыз. Пандемиядан кийин, бир нерсеге инвестиция салуу актуалдуу болуп калды, анткени адамдар «коопсуздук жаздыкчасынын» болушу керектигин түшүнүштү.

Америка биржасында 200 доллар менен, кыргызстандык рынокко 1000 сом менен, россиялыкка 1000 рубль менен кирүүгө мүмкүн.

Өткөн жылдын мартында мен декреттик өргүүдө болчумун, баладан жана күнүмдүк жашоодон башка бир нерсе кылгым келип, декрет кызыктуу жана пайдалуу болушу үчүн блог жазууну чечтим. Инвестиция темасы дүйнө жүзүндө трендде болуп келсе дагы, Кыргызстанда бул тууралуу көп маалымат жок эле, мен буга чейин эле бул менен алектенгендиктен, мен өз билимим менен бөлүшүүнү чечтим.

– Инвестицияны кантип баштоо керек?

– Мен дайыма башында аз өлчөмдө инвестиция салууга кеңеш берем, анткени жаңы баштагандар көп ката кетиришет. Эгерде жоготуп алсаңыз, ичиңиз ачышпай турган сумманы инвестициялашыңыз керек. Мен баштаганда, эгер акчамды жоготуп алсам, аны үйрөнүү жана тажрыйба топтоо катары кабыл алам деп чечкем, бирок тилекке жараша, менин биринчи салган 200 долларым бир айга жетпей 286 долларга айланды.

Жаңы инвесторлор үчүн башында дароо оң тажрыйба алуу пайдалуу. Андан кийин алар өздөрүнө ишенип башташат да инвестиция дүйнөсүнө кирип кетишет жана рынокто өзгөрүүлөр болгондо көп коркпой калышат.

Ошондой эле диверсификация дагы маанилүү, башкача айтканда, ар кандай компанияларга инвестиция салуу керек. Эгерде сиз бардык активдериңизди, мисалы, ар кимдин оозунда турган Tesla акциясына салсаңыз, анда компаниянын наркы төмөндөп кетсе, акчаңыздын бир бөлүгүн жоготуп аласыз. 2021-жылы январда Тесланын бир акциясынын баасы 900 долларды түзгөн, бирок кийинчерээк баасы оңдолуп, учурда 650-700 доллардын тегерегинде болуп калды. Маанилүү эреже бар – бул максимумга жеткенде, башкача айтканда, баары ал жөнүндө сүйлөп баштаганда сатып албоо керек. Сиздин портфелиңиз экономиканын ар кандай фазаларында мүмкүн болушунча кирешелүү болушу үчүн артка кетчү жөнгө салуучу активдерди камтышы керек.

Сиз жумуртканы ар кандай себеттерге салышыңыз керек, башкача айтканда, тренддик тармактардагы  электрокарларга, циклдик компаниялар сыяктуу модалуу индустрияга инвестиция салыңыз.

Диверсификация сектор, компания жана активдин түрү боюнча болушу керек. Бардык багыттар өйдө-ылдый түшүп турат, андыктан сиз бул тең салмактуулук сакталганда гана толкунда туруштук бере аласыз. Кризисте алтындын баасы дайыма көтөрүлөт, анткени бул коргоочу актив. 2020-жылдын мартында биз рыноктун кулаганын көрдүк, бирок ал тез эле калыбына келди. Техникалык сектор жакшы көтөрүлдү, бирок азыр ал кайра өзүнүн мурдагы баасына кайтты. Жыл башынан бери мунай жана циклдик запастар жакшы көрсөткүчтөргө жетишти. Базар өзгөрүлүп турат жана сиз аны сезип, тренддерди ээрчишиңиз керек.

– Рынокко канча сумма менен кириш керек?

– Мен туруктуу кирешеңиздин 10%ын инвестициялоону сунуштайм. Албетте, канчалык көп инвестиция салсаңыз, ошончолук көп киреше табасыз деген принцип иштейт. Америка рыногуна киргенде, жылына 7-15% кирешеге ишениш керек, башкача айтканда, эгер сиз 100 доллар инвестиция салсаңыз, 7 доллар, 1000 доллар болсо, 70 доллар табасыз. Киреше татаал пайыздар экенин эске алуу кажет.

Кээ бирөөлөр инвестицияларга туруксуз мамиле жасашат жана казинодогудай соодагерликке, жулунууга, дайыма баскычтарды басууга аракет кылышат.

Инвестициялоодо эң башкысы – бул күйүп-бышпай токтоо болуу, күчтүү компанияларды тандоо, жакшы диверсификацияланган портфель түзүү жана аны унутуп коюу маанилүү.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, өлгөн адамдар гана портфелин эң жакшы алып жүргөндөрдүн катарына кирген, анткени алар бир инвестиция кылган боюнча тийишкен эмес. Эгер сиз дагы муну кыла турган болсоңуз, анда 5-10 жылдан кийин сизди жакшы сюрприз күтүшү мүмкүн.

– Инвестиция баарына эле ылайыктуубу?

– Кээ бирөөлөр бардыгын бир заматта каалашат, көбүнчө мындай адамдар финансылык пирамидаларга түшүшөт. Жакында FINIKO менен болгон эле окуяны айталы, ал болжолдуу түрдө криптовалютага инвестиция сунуштаган, бирок натыйжада, ал финансылык пирамида болуп чыкты. Мен жана башка инвесторлор дайыма мындай кереметтүү киреше бере турган убадаларга ишенбешиңиз керек деп айтабыз.

Инвестиция баштаганда эле дароо жылына 100% киреше табам деп ойлобоңуз. Бул болот, бирок бардык жерде эмес.

ZOOM тиркемесинин бир акциясынын баасы өткөн жылы январь айында болжол менен 100 долларга бааланган, ал эми 2020-жылдын сентябрында ал 600 долларга көтөрүлгөн жана ушуга окшош акциялардан жакшы акча табууга мүмкүн. Бул үчүн тренддерди ээрчиш керек, бирок баары эле ийгиликке жете бербейт.

– Инвестицияны үйрөнүү үчүн канча убакыт керек?

– Сиз өмүр бою окуйсуз, андан тышкары, дайыма рынокту изилдеп турууга туура келет. Сиз өз алдынча окуй аласыз, бирок убактыңызды үнөмдөп, профессионалдардан үйрөнсөңуз болот. «Бир тонна билимдин баасы 1 кг тажрыйбага жетпейт» деп айтылат. Теория менен практиканын ортосундагы тең салмактуулук маанилүү, кандай билимге ээ болуп, аны иш жүзүндө колдонууга аракет кылсаңыз, жок дегенде бир акция сатып алып, аны көрө аласыз, ар кандай куралдарды колдонуп көрүңүз.

Билим менен тажрыйбанын ортосундагы алтын ортолук болушу керек. Азырынча биринчи сабакта биз студенттерибизге брокердик эсеп ачууну, компанияларды талдоону, портфель түзүүнү жана биринчи баалуу кагаздарын сатып алууну үйрөтөбүз. Андан кийин алар инвестициялык идеяларды өздөрү тапканды үйрөнүшөт. Инвестиция жасап көрүүдөн баш тарткандар бар, бул деле жакшы, анткени адам ага кызыкдар эмес экенин дароо түшүнөт. Кимдир бирөө – кыймылсыз мүлккө, кимдир бирөө – бизнеске инвестиция салууну жактырат.

Ар бир жерде тобокелчилик бар. Бир жерге акча салуудан мурда анализ жүргүзүш керек. Мисалы, эгерде депозитке салсаңыз, банк банкротко учурашы мүмкүн, кыймылсыз мүлктүн баасы болсо ары-бери ойноп турат же жаман арендаторлор туш келиши мүмкүн. Тобокелчиликсиз акча таба албайсың, ошондуктан акыл менен тобокелчиликке баруу керек.

– Окуучуларыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

– Булар негизинен активдерин диверсификациялоону каалаган ишкерлер. Пандемия бизнести күтүлбөгөн жерден кирешеси токтоп, артка кетип, кээде ал тургай банкрот боло аларын көрсөттү.

Ошондой эле, пенсияга эрте чыккысы келген студенттер окуганы келишет. Башкача айтканда, азыр акча салып, келечекте дивиденддер менен жашагысы келгендер деп айтсак болот. Кошумча киреше алгысы келген карапайым кызматкерлер дагы келишет.

Мен ойлойм, менин студенттеримдин болжол менен 80%ы инвестиция салууда калат, анткени сиз жылына бир жолу портфель түзүп, тең салмакташтыра аласыз. Жакында менин бир студентим жазды, ал 200 доллар салып, 3 доллар тааптыр. Эки жума жаман эмес. Жылдар өткөн сайын адамдар көбүрөөк киреше табууну ойлошот. Сиз дивиденддер менен жашоого мүмкүндүк бере турган портфель түзө аласыз.

– Инвесторлор, брокерлер кирешеге кепилдик бере алабы?

– Эгер сизге кандайдыр бир кирешеге кепилдик берилсе, анда бул алдамчылык. Базар тирүү жана биз анын кандай болорун так биле албайбыз, ага көптөгөн факторлор таасир этип турат.

Кардар үчүн жеке портфель түзгөндө да, биз аны тобокелдиктер азыраак болгон жерде консервативдүү түрдө чогултууга аракет кылабыз. Сиз туруксуз акциялардан тез акча таба аласыз, бирок ал жерде жоготуу коркунучу дагы чоң,  анткени баа дайыма секирип турат. Биз, адатта, рецессия учурунда анын наркын максималдуу кыла турган портфолио курабыз.

Биз эч кандай кепилдик бербейбиз, жадагалса, Уоррен Баффет да мындай кылбайт.

– Инвестициянын кандай түрлөрү бар?

– Узак мөөнөттүү инвестиция жана спекулятивдик соода жүргүзүү бар – бул трейдинг.

Москва биржасынын статистикасына ылайык, адамдардын 15%ы гана соодада ийгиликтүү болушат, калгандары максатына жетишпейт. Бирок бүгүнкү күндө муну адамдардан жакшыраак аткарган роботтор бар, эгерде ал кирешени 1%га бекитүү үчүн программаланган болсо, ал аны оңдоп, алдыга жылат. Роботтун сезими, эмоциясы жана үмүтү да жок, ал алгоритм боюнча так иштейт. Адамдар, адатта, көп нерсеге үмүттөнүп, стратегияны карманышпайт, жоготуп алышы мүмкүн.

– Кыргыз биржасы канчалык өнүккөн?

– Ал бар, бирок баалуу кагаздар өтө аз, компаниялар туруктуу эмес, сом менен киреше кээде инфляциядан да ашпайт. Жергиликтүү биржа Америкадагы же дүйнөдөгү башка биржалар менен эч кандай тең келе албайт.

Өнүгүп, жакшы компанияларды тартса жакшы болмок. Азыр «Манас» эл аралык аэропорту, Баркад, ошондой эле микрофинансылык компаниялар бар. Мен кыргыз биржасы тууралуу анча жакшы билбейм.

– Жаңы баштагандарга кандай кеңеш берет элеңиз?

  • Биринчиден, брокерди кылдаттык менен тандоо керек. Эгерде ал америкалык брокер болсо, анда ал Баалуу кагаздар боюнча комиссиянын көзөмөлүндө болушу керек. Бул орус брокери болсо, анда Орусиянын Борбордук банкынын лицензиясы болушу керек. Банкрот болгон учурда камсыздандыруу эсеби бар-жоктугуна көңүл буруңуз
  • Экинчиден, алар кандай иштээрин билген гана компанияга, тармакка салыш керек
  • Үчүнчүдөн, диверсификация жөнүндө дагы бир жолу эскертип кетейин
  • Фундаменталдык анализсиз соодага барбаңыз
  • Жана дагы бир маанилүү эреже: инвестиция үчүн кредит албаңыз. Бул тобокелчиликтүү бизнес жана акыркы акчаңызды ал жакка алып баруунун эң жакшы идеясы эмес. Сизге ыңгайлуу боло турган сумманы инвестициялашыңыз керек. Сиз ырахаттанып инвестиция салышыңыз керек.

Мен инвестицияларды пенсиям сыяктуу кабыл алам, башкача айтканда, мага жаккан компаниялардын акцияларын сатып алам. Менин стратегиям аларды кийинки 20-30 жылда сатып салуу эмес. Курт Дегерман деген бөтөлкөлөрдү чогултуп тапшырып, анын акчасына акцияларды сатып ала берген адамдын сонун окуясы бар. Ал күн сайын эртең менен китепканаларда отуруп, рынокту изилдеп, эң жакшы варианттарды тандап, аларга инвестиция салчу экен. Ошентип ал жашыруун миллионер болуп кеткен. Ал өлгөндө анын эсебинде 1.4 миллион доллар бар экени белгилүү болгон. Албетте, ал өлгөндөн кийин мүлк талашып согуш башталды, бирок бул башка окуя.

Мындан тышкары окуңуз

McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

Кыргызстанга азык-түлүк жеткирүү пландары боюнча мурда айтылган McDonald’s ресторандар тармагынын ордуна Орусиянын "Вкусно - и точка" тармагы аталды. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги тактады. Министрликтин жаңыланган маалыматына ылайык, "РУЛОГ" компаниясы Burger King жана "Вкусно - и точка" ресторандар тармактары үчүн азык-түлүк

Ишкер Media
“Торугарт” өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын агымы 50%га өстү

“Торугарт” өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын агымы 50%га өстү

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы «Торугарт» өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын суткалык агымы 50%га көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында өткөрүү пунктуна суткасына орточо 359 жүк ташуучу унаа келсе, октябрь айында алардын саны 538ге жеткен. Бажы жол-жоболорун тездетүү максатында кайталанган

Ишкер Media
Ынтымак-Ордодо эл аралык аба каттамдарын кеңейтүү маселелери талкууланды

Ынтымак-Ордодо эл аралык аба каттамдарын кеңейтүү маселелери талкууланды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Knighthood Global консалтингдик компаниясынын төрагасы Джеймс Хоган менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу МинКабдан билдирди. Билдирүүгө ылайык, тараптар жарандык авиацияны өнүктүрүү, эл аралык аба каттамдарын кеңейтүү, аэропорттук инфраструктураны модернизациялоо жана улуттук авиа ташуучулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жаатындагы кызматташуунун келечегин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында

Ишкер Media
Кыргызстанда картошка импортуна убактылуу тыюу салынган, анын таасири сезилдиби?

Кыргызстанда картошка импортуна убактылуу тыюу салынган, анын таасири сезилдиби?

Кыргызстанда картошка калктын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылган эң маанилүү социалдык азыктардын бири болуп саналат. Анын баасынын өзгөрүшү керектөөчүлөргө да, дыйкандарга да түздөн-түз таасир этет. Буга байланыштуу өлкөдө картошка өндүрүү, анын баалары, импорттун көлөмү тууралуу сөз кылабыз. "Ишкер" медиа сайтынын бул багыттагы суроолоруна Суу ресурстары, айыл чарба

Ишкер Media