Кыргызстандын кургатылган жемиштерин кошуп, кениялык чайды кыргыз бренди менен чыгарган «Самоор чай» фабрикасы ачылат

Кыргызстандын кургатылган жемиштерин кошуп, кениялык чайды кыргыз бренди менен чыгарган «Самоор чай» фабрикасы ачылат

31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүн утурлай «Самоор чай» фабрикасынын расмий ачылышы болот. Чайды Кениядан, Пакистандан, Индиядан алып келип, Кыргызстандын кургатылган чычырканак, карагат, клубника, малина, алмаларын, дары чөптөрүн кошуп, пакетке салып чыгарган ишкана учурда 17 адамды жумуш менен камсыздап келет.

«Самоор чай» фабрикасынын адиси Кубанычбек Малик уулу Economist.kg басылмасына компаниянын жаңы баштаган ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.
Алгач ушул ачыла турган фабрика тууралуу айтып берсеңиз?

Бул компанияны чет өлкөдө билим алган кыргызстандык жарандар өлкөдө жумуш орундарын камсыз кылалы деген максатта ачып жатышат. Кыргызстанда бир жылдай кайсы облуста кандай чай ичишерине чалгындоо жүргүздүк. 31-августта эгемендик күнүнө карата Нарын шаарында чоң фабрика ачылат.

Азыр чийки затты Кениядан, Пакистандан, Индиядан алып жатабыз. Пандемияга байланыштуу чек аралар жабык болуп жатат, ачылганда Шри-Ланка сыяктуу өлкөлөрдөн жакшы чайлардан алып келебиз. Фабриканын кубаттуулугу тууралуу айта турган болсок, учурда айына 100 миң «коробка-домик» чыгарганга күчүбүз жетет, андан тышкары, 1 миллиондон 10 миллионго чейин кичине пакет кофе чыгарабыз.

Кимдер каржылайт?

Каржылоону ишкананы ачкан ишкерлер, колдон келишинче аракет кылып, өз чөнтөктөрүнөн чыгарып жатышат. Буга чейин 5 мамлекетте сегиз жылдай иштеп жүрдүк. Учурда баш аягы 17 киши иштейт. Буюрса, расмий ачылгандан кийин жумуш орундары көбөйөт. Дүкөндөргө кирүү үчүн ар кандай акцияларды өткөрүп, баасын да кармап жатып, 3-4 млн сомго минуска кеттик.

Сиздердин продукция башкалардан эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

Биздин продукция – башка чайларга салыштырмалуу сапаттуу болот. Ошондой эле Кыргызстанда өскөн чычырканак, карагат, клубника, малина, алма жана дары чөптөрдү кургатып, чайларыбызга кошобуз. Ошентип ички рыноктон да чийки азык сатып алып, экономикага да кандайдыр бир деңгээлде салым кошобуз. Экспортко да чыгаруу жолдорун караштырып жатабыз.

Эмне үчүн бул бизнести тандап алдыңыз, Кыргызстанда чай жетишсизби?

Россиядагы оор кырдаалга байланыштуу дүйнөлүк бренддер бул рыноктон чыгып жатышат. Россия менен соода мамилебиз чоң болгондуктан, бул бизге да таасир этет. Андыктан бош калган орундарды ээлеп калууну көздөп жатабыз.

Атаандаштыкка туруштук бере аласыздарбы, азыр базарда чайдын түрү көп го?

Чет элдик атаандаштарга туруштук бере алабыз. Биздин фабрикада технолог-дегустаторлор аябай күчтүү, чайдын сапатына басым жасайбыз. Экинчиден, инженер-конструкторлор бар. Мисалы, 1 станок 10 миң доллар турса, биздин инженерлер темирин Россиядан, электроникасын Кытайдан алып келип, аны 200 миңге гана Кыргызстанда чогултуп кое алышты. Бул өз кезегинде баага таасир этет дагы, башка продукциялар менен баада атаандаштыкты кармай алат.

Күнүнө дүйнө боюнча 2.5 млрд чыны чай, 2.5 млрд чыны кофе ичилет экен. Мисалы, биздин атаандашыбыз MacCoffee айына 100 млн пакет кофе чыгарат жана олимпиадаларга демөөрчүлүк кылат. Ал эми биз болсо ар бир продукциядан түшкөн каражаттан 1 сомдон муктаж үй-бүлөлөргө берели, алардын балдарын компьютер сабаттуулугуна окутуп, компьютер алып берип, кайра алардын биринчи кардары бололу деп чечтик. Балыкчыга балык эмес, балык кармоону үйрөтөлү дедик.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткенде үч өлкөнүн жаштарынын катышуусунда эл аралык форум өтүүдө

Баткен облусунда "Жаштардын достук көпүрөсү: тынчтык, ынтымак жана кызматташтык" аталышындагы эл аралык жаштар форуму өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалымдалгандай, иш-чара жаш кол өнөрчүлөрдүн жана өндүрүүчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси менен башталды. Форумдун расмий бөлүгү Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында өттү. Ага Кыргызстандын,

Ишкер Media
Баатыр энелердин пенсиясы көбөйүшү мүмкүн

Баатыр энелердин пенсиясы көбөйүшү мүмкүн

Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тартып айрым категориядагы жарандардын пенсияларын жогорулатуу жана кошумча төлөмдөрдү белгилөө каралууда. Тиешелүү токтомдун долбоорун бүгүн Социалдык фонд коомдук талкууга алып чыкты. Долбоорго ылайык, төмөнкү өзгөртүүлөр сунушталууда: * 12 300 сом — мөөнөттүү аскердик кызматтагы жоокерлердин майыптыгы боюнча пенсиясынын минималдуу өлчөмү; * 5 000 сом — “Баатыр эне” же “Мать-

Ишкер Media
Баткенде чек арага чектеш 27 айылда суу долбоору ишке ашууда

Баткенде чек арага чектеш 27 айылда суу долбоору ишке ашууда

Баткен облусунда чек арага чектеш 27 айылда суу менен камсыздоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлү кабарлады. Маалыматка караганда, облус жетекчисинин орун басары Абдирашит Ташбалтаев "Мерсико" жана PATRIP уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, сугат жана ичүүчү суу системаларын өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Долбоор Германия Өкмөтүнүн PATRIP фонду аркылуу каржыланган

Ишкер Media
Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга арыз берди

Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышууга арыз берди

Сыймык Жапыкеев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды. Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашкандай, Жапыекеев бүгү 28-октябрда президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 12-ноябрында саат 24:00дө аяктайт. Борбордук

Ишкер Media