Оштогу "Барбол" кондитердик компаниясынын негиздөөчүсү Канатбек Акаев: Өзбекстандын таттуулары рынокту ээлеп алышты

Оштогу "Барбол" кондитердик компаниясынын негиздөөчүсү Канатбек Акаев: Өзбекстандын таттуулары рынокту ээлеп алышты

Оштогу "Барбол" компаниясы өлкөнүн түштүгүндө кондитертик цехтерди, жыйырмадан ашык фирмалык дүкөндөрүн ачып, 3 жүздөн ашык жаранды жумуш менен камсыз кылып келет. Торт, токоч, кекс, печенье сыяктуу шириндиктердин түрлөрүн жана кара буудайдан жасалган нандарды өндүргөн ишкананы Оштун "Куликовскийи" десек болот.

"Барбол" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Канатбек Акаев ИШКЕР MEDIA менен маектешип, бизнесиндеги ийгиликтер менен көйгөйлөрү, эмне үчүн Өзбекстандын шириндиктери Кыргызстандын рыногун ээлеп алганын, ата мекендик өндүрүшчүлөргө эмнеси менен коркунуч жаратып жатканын, өлкөдө бизнеске коюлган баа саясаты тууралуу кызыктуу пикирлери менен бөлүштү.

Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз, каякта туулгансыз, каякта окудуңуз?

— Мен Ноокатта мектепти бүткөндөн кийин президенттин "XXI кылымдын кадрлары" программасынын алкагында азыркы Сербияда окудум. 2004-жылдан 2010-жылга чейин Тажикстандын Хожент шаарында кондитердик товарларды сатып иштеп жүрдүм. Ошол жылдары бир тажик досум печенье чыгарган цех ачып калды, өзүм өндүрүшкө кызыгат элем, ал мага көп нерсени үйрөттү. Андан кийин ошол досумдун жардамы менен 2008-жылдары Ошко келип кондитердик цех ачып баштап калдым.

— Канча каражат менен баштадыңыз, башында канча адам иштеп жүрдү?

— 100 миң доллардай каражат менен баштадым, башында отуздай адам иштечү.

— Бизнесиңиз чоңоюп келе жатканда эң чоң кандай көйгөйгө туш болуп жаттыңыз?

— Кыргызстанда жакшы технолог таппай, тапкандары кондитер тармагын жакшы билишпей, жасаган азыктары жакшы сатылбай, адис маселесинен кыйналдым. Кийин Россиядан, Украинадан, Голландиядан технологдор менен кызматташып, алар Ошко келип бизге жардамдашып жүрүп, өзүбүздөн эки технолог даярдадык.

— Азыр канча адамды жумуш менен камсыз кыласыз?

— Азыр "Барболдо" иштегендердин саны 300 адамдан ашат.

— Негизинен кайсы азыкка талап көп жана ассортиментиңизде эмнелер бар? Сиздер колдонгон азыктар ата мекендикиби же чет жактан алып келесиздерби?

— Бизде пряник, кекс, печеньенин, торттун түрлөрү чыгат. Азыр бар азыктардын эле түрлөрүн көбөйтүп жатабыз. Баарына эле талап көп, бирок эгерде кайсы бир продукция жакшы сатылбаса аны чыгарууну токтотуп, анын ордуна башка бир жаңы азыкты чыгарууну пландай баштайбыз. Ошондой эле ата мекендик чийки заттарды колдонууга аракеттенебиз, мисалы, ун Кыргызстандан эле чыгат, ал эми шекерди өзүбүздүн эле Кошой-Канттыкын алабыз. Маргаринди Россиядан алып келген дистрибьютерлерден алабыз.

— Сиздерде Жаңы Жылдан башка кайсы убактарда сезон жакшы болот?

— Тортторго Жаңы Жылда, 8-мартта сезон болот. Негизинен шириндик чыгарганыбыз үчүн жай мезгилинде июнь-июль айларында бизде соода жок. Печеньелерге күзүндө, кышында, кеч жазга чейин суроо-талап боло берет.

— Канча фирмалык дүкөнүңүз бар жана канча цех иштейт?

— 21 фирмалык дүкөнүбүз бар. Торт жасаган цех, кондитердик цех жана нан чыгарган цехтерибиз бар. Цехтерди ачуу аябагандай эле чоң каражатты талап кылат, он жылдан ашык иштеп жатканыбызга карабай эле арендада жүрөбүз.

— Бишкекте ачуу пландарыңыздар барбы?

— Оштон эле азыктарды чыгарып, Бишкекте кампа ачсак деген пландарыбыз бар. Өзүбүздө иштеп кеткен эки балабыз Бишкекке барып, салык органдарынан каттоодон өтүп, азыр даярдык көрүшүүдө. Баары даяр болсо башында печенье, пряник, кекстерди жөнөтөбүз. Баары жолго коюлгандан кийин тортторду да жөнөтө баштайбыз.

— Чет өлкөдөн, коңшу мамлекеттерден кирип жаткан таттуулар сиздерге атаандашпы? Баалар салыштырмалуу кандай?

— Сырттан кирип жаткан таттуулардын баары биз үчүн чоң конкурент. Россиядан, Өзбекстандан кирип жаткан таттуулар биздин рынокту ээлеп алышкан. Биз аларга атаандаш боло албай жатабыз.

Өзбекстанда өндүрүшкө аябагандай колдоо жакшы, газ, жумуш күчү арзан, салыктык жеңилдиктер берилген, ошондуктан алар чыгарган шириндиктердин баасы арзан. Мен Өзбекстанга көп каттадым, сапаты төмөндөрү деле бар, бирок кондитердик тармак аябагандай алдыга кеткен. Россияныкынан да күчтүү кондитерлери көбөйгөн. Өзбекстан тараптан көп коркунуч бар, алар биздин рынокту дагы көбүрөөк ээлеп алышы мүмкүн. Учурда алар Казакстандын, Россиянын рыногуна кирип жатышат.

Россиядан келип жаткан "Яшкино" сыяктууларга атаандаш болуу да кыйын болуп жатат. Өзбекстандан арзан баада көп келген үчүн биздикин кымбат дегендер бар. Өзбекстанда баары арзан, анан калса, мамлекет бизнеске жер, имарат маселесин чечип берген үчүн алардын азыктары арзан болуп, бат өнүгүп жатышат.

Ал эми шекер сыяктуу чийки заттар Россияда арзан, чыгарган азыктарынын да өз наркы төмөн болуп, натыйжада, бизге келип эле атаандаш болуп калып жатышат. Биз алардын баасына туруштук бере албай жатабыз. Биз аларга карап арзандата турган болсок, өзүн өзү актабай ишкана жабылып калышы мүмкүн.

— Мөөнөтү өтүп кеткен тортторду эмне кыласыздар?

— Тортторго туура сактоо боюнча беш күн берилет, төртүнчү күнү 20% арзандатуу боюнча акция кылабыз. Андан да сатылбай калгандарды ишканада 3 жүздөн ашык адам иштейт да, 50% арзандатуу менен аларга сатып жиберебиз.

— Башка өлкөлөргө экспорт тууралуу ойлондуңуздарбы же ал пайдасызбы?

— Ооба, экспорт боюнча ойлорубуз бар. Биринчи азыр биз Бишкекке жеткирип башташыбыз керек. Бирок сыртка экспорт боюнча өздүк наркы кымбат болуп калат.

Жогоруда айткандай Өзбекстан бизден 10 жыл алдыга кетишкен, заманбап жабдыктарды коюшкан. Биз беш жылдан кийин чыгарабыз деген продукцияларды алар мурда эле чыгарып коюшкан. Бирок тортту экспорттоо боюнча потенциал бар деп ойлойм. Анткени каймак бизде Кыргызстандыкы болгон үчүн даамы жакшы, ошого Казакстан, Өзбекстанга сатсак болот, бирок кайра келип эле биздики Өзбекстан үчүн кымбатыраак болуп калышы мүмкүн.

Бизде азыр кадр проблемасы бар, көбү эле Россияга кетип калышкан. Бизнес ачканда көбүрөк досума карап ачкан эле, бирок азыр ача турган болсом, тигүү тармагында ачмакмын. Себеби, анын экспортко потенциалы көбүрөөк.

Биздики тамак-аш болгон үчүн көңүлдү көп талап кылат. Анан калса, мөөнөтү, коопсуздук маселеси бар.

— Дегеле бул канчалык кирешелүү бизнес? Салык же мамлекет тараптан жолтоо болгон көйгөйлөр барбы?

— Биздеги эң чоң көйгөй учурда социалдык төлөмдөрдүн эң чоң тарифи. Биз жумуш берүүчүлөр кызматкерге берген айлыктан 17% төлөйбүз. Бул аябай жогору деп эсептейм. Ага кошумча 10% киреше салыгы, 10% социалдык төлөм бар. Кирешенин көбү эле ушуларга кетип, жер тилкесин алып, фабрика салганга каражат артпайт. Ошондуктан 15-16 жылдап арендада жүрөбүз. Президент көзөмөлгө алып, тарифтик саясатын өзгөртпөсө, көптөгөн бизнестердин көмүскөдөн чыгышына кыйын болуп калат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек – Кант – Токмок жолун оңдоп-түзөө иштери башталат

Бишкек – Кант – Токмок жолун оңдоп-түзөө иштери башталат

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Бишкек –Кант унаа жолуна барып, жолдун учурдагы абалы жана транспорт агымы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө министрге тиешелүү кызматтар тарабынан маалымат берилип, жол кыймылынын коопсуздугун

Жаш Гвардия бульварындагы көпүрө оңдолот

Жаш Гвардия бульварындагы көпүрө оңдолот

24-июндан тарта Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги жаңы транспорттук жол түйүнүн жана көпүрөнү куруу иштеринин экинчи этабынын алкагында аталган кесилиш унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, долбоордун биринчи этабында Бөкөнбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейин Бакаев көчөсүн улап ачуу

Ошто коомдук транспоттун каттамдык багыты өзгөртүлөт

Ошто коомдук транспоттун каттамдык багыты өзгөртүлөт

Ош шаарында коомдук транспорттун каттамдык багыттарын кайра кароо боюнча комиссиянын биринчи жыйыны өттү. Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев төрагалык кылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, жыйында шаар чоңоюп, калктын саны көбөйүп жатканы айтылды. Жаңы конуштар, жаңы көчөлөр пайда болду, жолдор өзгөрдү. Борбордук базар жаңы

Шаар четиндеги каттамдарга жол кире накталай эмес төлөмдө алынып баштады

Шаар четиндеги каттамдарга жол кире накталай эмес төлөмдө алынып баштады

"Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы тарабынан шаар четиндеги жана шаар аралык автобус каттамдарында “Бакай Банк” ЖАКтын QR-коддору аркылуу накталай эмес жол кире төлөө системасы пилоттук режимде ишке киргизилди. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, учурда жаңы төлөм системасын этап-этабы менен киргизүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын алкагында программалык камсыздоо,