Инженердик изилдөөлөр департаментинин материалдык-техникалык базасы чыңдалууда

Инженердик изилдөөлөр департаментинин материалдык-техникалык базасы чыңдалууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев министрликке караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментинин автобазасына барып, капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү жана жаңы алынган атайын техникалар менен таанышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1978-жылы курулган автобаза имараты көп жылдар бою капиталдык оңдоодон өтпөй, анын техникалык жана өндүрүштүк базасы эскирип калган. Учурда объектте кеңири масштабдагы оңдоо жана жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө.

Министр департаменттин кызматкерлери менен жолугушуу учурунда инженердик изилдөөлөрдүн сапаты өлкөдөгү курулуш объектилеринин коопсуздугу үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Ал кызматкерлерди жоопкерчиликтүү иштөөгө, мыйзам талаптарын сактоого жана ачык-айкындуулук принциптерин карманууга чакырды.

"Биз мамлекет тарабынан бардык шарттарды түзүп берип жатабыз. Ар бир кызматкер таза, ак ниет жана жоопкерчиликтүү иштеши керек. Инженердик изилдөөлөрдүн сапаты келечектеги курулуштардын бекемдигин жана коопсуздугун аныктайт", — деди Нурдан Орунтаев.

Белгиленгендей, Инженердик изилдөөлөр департаменти Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-июлундагы токтомуна ылайык түзүлгөн. Департамент министрликтин курамына киргенден бери анын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана кызматкерлер үчүн заманбап шарттарды түзүү боюнча иштер жүргүзүлүп келет.

Анын алкагында мекеменин башкы кеңсеси соңку 50 жыл ичинде алгачкы жолу толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, 2025-жылы пайдаланууга берилген. Учурда ушул сыяктуу иштер автобазанын аймагында да активдүү уланууда.

Министрликтин маалыматы боюнча, бардык оңдоо жана калыбына келтирүү иштери ички ресурстардын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2026-жылдын январь-август айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгүн Социалдык фонд жарыялады. Билдирүүгө караганда мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан 2026-жылдын январь-август айларында жалпы 15 млрд 61 млн сом инвестицияланды. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, анын 11 млрд 489,4 млн сому мамлекеттик баалуу кагаздарга

Жети-Өгүздө 226 млн сомдук жаңы мектеп курулуп бүттү

Жети-Өгүздө 226 млн сомдук жаңы мектеп курулуп бүттү

Ысык-Көл облусунун Саруу айылында 500 орундуу жаңы мектептин курулушу толук аяктап, объект жаңы окуу жылына карата пайдаланууга даяр болду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, мектептин курулуш иштери 2024-жылдын июль айында башталган. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын жалпы наркы 226 млн сомду түздү. Жаңы мектеп заманбап талаптарга

Кытайдагы ири жарманкеде Кыргызстан инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырууда

Кытайдагы ири жарманкеде Кыргызстан инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырууда

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Кытайдын Сямынь шаарында өтүп жаткан 26-Кытай эл аралык инвестициялар жана соода жарманкесине катышууда. Агенттиктен билдиришкендей, жарманкеге 129 өлкө жана аймактан 1 200дөн ашуун мамлекеттик мекеме жана бизнес-делегация, ошондой эле 30 эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышууда. Иш-чаранын алкагында инвестициялык

Кыргызстанда 100 млн долларлык "Сары-Таш" логистикалык борбору түзүлөт

Кыргызстанда 100 млн долларлык "Сары-Таш" логистикалык борбору түзүлөт

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен "Текстиль Транс" ЖЧКсы "Сары-Таш" эл аралык транспорттук-логистикалык борборун түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, долбоорго 100 млн долларга чейин инвестиция тартуу пландалууда. Борбор Кытай - Кыргызстан