Жаштар мамлекеттик башкаруунун жаңы мууну болууга даярдалууда

Жаштар мамлекеттик башкаруунун жаңы мууну болууга даярдалууда

Кыргызстанда мамлекеттик башкаруунун жаңы муунун калыптандырууга багытталган "Жаш кадрлар мектеби" долбоорунун катышуучулары менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда өлкөнүн өнүгүүсүндөгү жаштардын орду, мамлекеттик кызматка кесипкөй кадрларды тартуу жана келечектеги лидерлерди даярдоо маселелери талкууланды.

Улан Маматканов бүгүнкү күндө Кыргызстан масштабдуу өзгөрүүлөрдүн жана динамикалуу өнүгүүнүн доорун баштан кечирип жатканын белгиледи.

"Акыркы жылдары өлкө тездик менен өзгөрүп, өнүгүүнүн жаңы баскычына өтүүдө. Ири долбоорлор ишке ашырылып, жаңы Кыргызстанды куруу процесси жүрүп жатат", — деди ал.

МинКаб Төрагасынын орун басары белгилегендей, мамлекет башчысы жаш жана кесипкөй адистерди мамлекеттик башкаруу системасына тартууга өзгөчө көңүл буруп келет. Анын айтымында, мамлекеттик институттардын өз ара тыгыз жана координацияланган иши гана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздай алат.

Жолугушуунун жүрүшүндө жаштардын потенциалын өнүктүрүү, санариптик технологияларды жайылтуу жана өлкөнүн таланттуу кадрлар резервин даярдоо маселелери дагы көтөрүлдү.

Ошондой эле Улан Маматканов Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын максаттарына токтолуп, бул максаттарга жетүүдө жаштардын салымы чоң болорун белгиледи.

Жыйынтыгында ал "Бир депутат – бир окуучу" долбоорунун маанисине токтолуп, катышуучуларга билим алууда жана кесиптик өнүгүү жолунда ийгиликтерди каалады.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2026-жылдын январь-август айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгүн Социалдык фонд жарыялады. Билдирүүгө караганда мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан 2026-жылдын январь-август айларында жалпы 15 млрд 61 млн сом инвестицияланды. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, анын 11 млрд 489,4 млн сому мамлекеттик баалуу кагаздарга

Жети-Өгүздө 226 млн сомдук жаңы мектеп курулуп бүттү

Жети-Өгүздө 226 млн сомдук жаңы мектеп курулуп бүттү

Ысык-Көл облусунун Саруу айылында 500 орундуу жаңы мектептин курулушу толук аяктап, объект жаңы окуу жылына карата пайдаланууга даяр болду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, мектептин курулуш иштери 2024-жылдын июль айында башталган. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын жалпы наркы 226 млн сомду түздү. Жаңы мектеп заманбап талаптарга

Кытайдагы ири жарманкеде Кыргызстан инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырууда

Кытайдагы ири жарманкеде Кыргызстан инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырууда

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Кытайдын Сямынь шаарында өтүп жаткан 26-Кытай эл аралык инвестициялар жана соода жарманкесине катышууда. Агенттиктен билдиришкендей, жарманкеге 129 өлкө жана аймактан 1 200дөн ашуун мамлекеттик мекеме жана бизнес-делегация, ошондой эле 30 эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышууда. Иш-чаранын алкагында инвестициялык

Кыргызстанда 100 млн долларлык "Сары-Таш" логистикалык борбору түзүлөт

Кыргызстанда 100 млн долларлык "Сары-Таш" логистикалык борбору түзүлөт

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен "Текстиль Транс" ЖЧКсы "Сары-Таш" эл аралык транспорттук-логистикалык борборун түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, долбоорго 100 млн долларга чейин инвестиция тартуу пландалууда. Борбор Кытай - Кыргызстан