QR-код аркылуу төлөө эмне үчүн ыңгайлуу?

QR-код аркылуу төлөө эмне үчүн ыңгайлуу?

Кыргызстанда QR-төлөм системасы жакшы эле өнүккөн, бирок жарандар дагы деле накталай акча же банктык карта менен төлөөнү артык көрүшөт. Бирок QR-коддор Кыргызстандын экономикасынын кыймылдаткычы боло турган кирешелүү, ыңгайлуу жана коопсуз төлөм ыкмасы болуп саналат.

Бул тууралуу кененирээк эксперт, экосистеманы өнүктүрүү жана Мбанк эквайринг тармагынын директору Кубаныч Шатемиров айтып берет.

Кантип башталган?

2018-жылы Кыргызстан QR-төлөмдөрүн унификациялоо боюнча алгачкы кадамдарын жасады. Ошондо эле рынокто ар кандай электрондук капчыктардын төлөө үчүн түрдүү QR-коддорунун "зоопаркы" пайда боло баштады.

Андан кийин Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин сайтында накталай эмес QR-төлөмдөрүнүн улуттук стандарты иштелип чыккан. Ошол мезгилдеги бул стандарт абдан прогрессивдүү болгон, жадагалса андан европалык үлгүлөр алынган. Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп улуттук деңгээлде мындай универсалдуу стандартты иштеп чыккан.

Бул механизмди иштеп жана ар кандай тиркемелер тарабынан QR-коддорун окуй алган өз ара аракеттенүү оператору пайда болушу керек болчу. Башкача айтканда, QR-төлөмдөрдүн борбордук системасын тейлөө функцияларын өзүнө ала турган кандайдыр бир уюм зарыл эле. Бул ролго Банктар аралык процессинг борбору (МАПБ) бекитилген, ага кийин ар кандай банктык жана төлөм уюмдары кошулган. Эми бардык QR-коддор бул өз ара аракеттенүү оператору аркылуу өтөт.

QR-төлөмдөрүнүн кандай түрлөрү бар?

Функциялары боюнча QR-коддору эки түргө бөлүнөт:

  • статикалык — бул туруктуу маалыматтарды камтыган коддор. Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул сиз сканерлеп, төлөй турган коддору бар стикерлер. Төлөмдүн бул түрүн колдонууда сатып алуучу төлөм суммасын өзү киргизиши керек.
  • динамикалык — түзүүгө мүмкүн болгон коддор. Башкача айтканда, шарттуу түрдө сатуучу өзү түзгөн сумманы QR-кодго киргизип, аны сканерлеп, керектүү өлчөмдө төлөй алышы үчүн сатып алуучуга берет. Төлөмдүн бул түрүн колдонууда сатып алуучуга кошумча эч нерсе киргизүүнүн кажети жок.

Карталар жакшыбы же QR-коддорбу?

Кыргызстандын калкы көптөн бери ар кандай төлөм системаларынын пластикалык банк карталарын, анын ичинде эл аралыктарды да активдүү колдонуп келет. Бирок, алар өз ишин бекер кылышпайт. Элестеткиле, бул карталар аркылуу ар бир төлөм үчүн комиссиялар алынат. Албетте, бул эгерде сиз жөн эле дүкөндө нанга акча төлөп койсоңуз анча байкалбайт. Бирок бүткүл калктын жана экономиканын масштабында бул чет өлкөгө кеткен абдан таасирдүү сумма.

Кыргызстандын өзүнүн улуттук системасы – "Элкарт" бар. Ал боюнча төлөмдөр жана акча каражаттарынын бүткүл жүгүртүүсү өлкөнүн ичинде калат, ал өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат, ошондой эле бардык банктарга жана электрондук капчыктарга туташтырылган. Бирок, бул жерде да кемчиликтер бар. Сиз картаны жоготуп, сындырып, бузуп алышыңыз же жөн эле мөөнөтү бүтүп калышы мүмкүн. Анан сөзсүз түрдө картаны жаңысына алмаштыруу керек болот. Ошол эле учурда, карттарды өндүрүү үчүн жабдуулар, материалдар, пластика сыяктуу белгилүү бир чыгымдарды талап кылат.

Азыр санариптештирүү доору, бардык банктар жана электрондук капчыктар мобилдик тиркемелерге басым жасашууда. Ошондуктан, QR-коддору аркылуу төлөм системасына өтүү дүйнөлүк тренд болууда. Бул арзаныраак – төлөө үчүн пластикалык карта жасоонун кереги жок, болгону телефонуңуз жана банк эсебиңиз болушу керек.

Эмне үчүн пайдалуу?

Биринчиден, бирдиктүү стандарттын аркасында сиз кайсы мобилдик банкингди же электрондук капчыкты колдонгонуңуз маанилүү эмес. Каалаган QR-код сканерлөө функциясы бар каалаган мобилдик тиркеме менен сканерлесеңиз болот.

QR-төлөмдөрү банк карталары аркылуу төлөмдөр сыяктуу эле бирдей убакытта өтөт же андан да тез болушу мүмкүн. Бул төлөм жүргүзүү үчүн кодду сканерлөө керек болгон сатып алуучулар үчүн абдан ыңгайлуу. Мындан тышкары, бардык төлөм квитанциялары мобилдик тиркемеде сакталат жана төлөм фактысын тастыктоо үчүн жаныңызда бир топ кагаздарды алып жүрүүнүн кажети жок.

Соодагерлер үчүн QR-коддорду колдонуу пайдалуу, анткени азыр накталай эмес төлөмдөр менен иштегендерге жеңилдетилген салык ставкалары бар. Аларга QR аркылуу бир нерсени сатуу дагы пайдалуу, анткени алар банктык карталар аркылуу төлөмдөрдү кабыл алганга караганда, комиссия бир топ төмөн жана көп учурда таптакыр жок.

Накталай эмес төлөмдөр экономиканын жаңы кыймылдаткычы боло алары далилденген. Ал эми QR-төлөмдөр мамлекет үчүн пайдалуу, анткени бул система үчүн пластикалык жана карталарды чыгарууга кошумча акча коротуунун кереги жок. Албетте, БАПБ серверлерди тейлөө жана бүтүндөй QR-төлөм системасын колдоо үчүн каражат керек, бирок кандай болгон күндө да бул пластикалык жана карталарды чыгарууга сарптоодон арзаныраак болот.

QR-төлөмдөр коопсузбу?

Коопсуздугу боюнча шек саноого эч кандай негиз жок. QR-коддор аркылуу төлөмдөрдү жүргүзө алган же аларды генерациялай алган процесстин бардык катышуучулары Улуттук банктын лицензиясы бар финансылык институттар болуп саналат. Башкача айтканда, транзакциялардын ички кыймылына келсек, бул карта менен төлөм жүргүзгөндөй эле коопсуздук деңгээли жогору деп ишенимдүү айта алабыз.

Бул төлөмдөргө зыян келтирүүчү эч кандай үчүнчү тараптар жок. Процесстин бардык катышуучулары катуу жана жогорку коопсуздук стандарттарын сакташат.

Мындан тышкары, ар бир QR-төлөмүн жүргүзүү үчүн системага кирип, манжа изи же Face ID аркылуу тиркемеге кирип, SMS же PIN кодду киргизиш керек болот. Андан кийин колдонуучу банк картасын колдонгондогудай эле төлөмдү ырасташ керек. Кээде QR-коддору пластикалык карталарды колдонуудан да коопсуз келет.

Мындан тышкары окуңуз

"Сүрөтчүлөр үйү" боюнча талаш: мэрия маалыматтарды четке какты

"Сүрөтчүлөр үйү" боюнча талаш: мэрия маалыматтарды четке какты

Бишкек шаарынын мэриясы жалпыга маалымдоо каражаттарында тараган "Сүрөтчүлөр үйү" боюнча токтом долбоору соттун чечиминен кийин кайра чакыртып алынган деген маалыматтарды четке какты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Муниципалитеттин билдирүүсүнө ылайык, долбоор коомдук талкууда турган учурда да, аны күн тартибинен алып салуу каралып жаткан учурда да сот тарабынан чектөө чаралары

"АБанк" агроөндүрүүчүлөрдү колдоого 500 млн сом бөлдү

"АБанк" агроөндүрүүчүлөрдү колдоого 500 млн сом бөлдү

"АБанк" ААКы айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, кооперативдерди жана агробизнести колдоого багытталган "Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо – 2" (ФОТП–2) программасын ишке киргизди. Бул максатта 500 млн сом каражат бөлүндү. Жаңы продукт айыл чарба кооперативдерине, акционердик коомдорго жана ЖЧКларга багытталган. Программа үч негизги багытты камтыйт: мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү

Бишкекте бирөөнүн 150 миң долларын алдап алган шектүү кармалды

Бишкекте бирөөнүн 150 миң долларын алдап алган шектүү кармалды

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы 3-апрелде өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүүлөр кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ал 2023-жылдын 26-июлунда 150 миң долларын Кытайга которуп берүү үчүн берген, бирок алданган. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча катталган. Милиция

Кыргызстандын өкүлү эл аралык соода комитетинде вице-төрага болуп шайланды

Кыргызстандын өкүлү эл аралык соода комитетинде вице-төрага болуп шайланды

1-3-апрелде Бангкок шаарында Азия жана Тынч океан регионунда трансчек аралык кагазсыз сооданы жөнөкөйлөтүү боюнча Алкактык макулдашуунун Туруктуу комитетинин бешинчи сессиясы өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Жыйындын алкагында Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү Заир Конурбаев Туруктуу комитеттин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Ал эми төрага болуп Азербайжан Республикасынын