Кыргыз үйдү тигип, аны презентация кылуу да өзүнчө искусство — боз үй бизнеси менен алектенген Урмат Бадачы уулу менен маек

Кыргыз үйдү тигип, аны презентация кылуу да өзүнчө искусство  — боз үй бизнеси менен алектенген Урмат Бадачы уулу менен маек

Кыргыздын боз үйүн жасап, Польша, Германия, Францияга чейин жөнөтүп бизнес кылган Урмат Бадачы уулу хан боз үй менен чабандын боз үйүнүн айырмачылыгы, баалары, айыл тургундарын баккан бул ишкерликтин түрү тууралуу айтып берди. Учурда анын атактуу хан боз үйүнө казактардан бери кызыгып, буюртмаларды байма-бай берип жатышкан убагы.

— Айтсаңыз, кантип боз үй тигип сатуу менен алектенип калдыңыз?

— Мен Тоң районунун Кызыл-Туу айылынын тургуну болом. Биздин айылда дээрлик ар бир үй-бүлө кыргыз үй тигишет, кичинеңден буларды көрүп жүрсөң, кааласаң-каалабасаң да сага сиңе берет экен. Бул көпчүлүктүн кызыгуусун арттырган жумуш да. Кыргыз үйдү тиккени катышпасаң деле, карап тургандын өзү эле канча кызык. Өзүм 33 жашта болсом, 8-9-класстан бери эле аралашып келе жатам.

— Уук сыяктуу бөлүктөрүн каяктан жасатасыздар? Атайын цех барбы?

— Ууктары кадимки талдан эле жасалат, андан башка шаардан алчу материалдар болот, айылдан алчулары болот. Классташ балдар болуп, кимибиз кайда жүргөнүбүзгө карап, бөлүшүп жасай беребиз.

Айылда ар бир үйдө устакана бар. Кийиздерин цехтен ак, кара койдун жүнүнөн чыгарышат. Оймо-чиймелерин болсо, быйыл буюртма көп болуп, айылдан ашып, ат-башылык апаларга чейин жасаттык.

Боз үй жасап, аны презентация кылуу — бул өзүнчө эле соода искусствосу десем болот. Бул дагы кардарды тартууга өзүнчө маркетингдик амалды талап кылат.

— Арзан боз үй жана кымбат боз үйдүн баалары канча турат?

— Экөөнүн айырмасы — алардын копмлектациясындагы, жасалгасындагы айырмачылыгында. Эң арзан боз үй — бул жыгачтан жасалган чабан боз үй. Анын жиптери, боолору аркандан болот, көбүнчө жайлоого алышат.

Чабандыкы — 110-120 миң сом турат. Ал эми хан боз үйлөр — 20-25 миң доллар турат. Өздүк наркы болсо 16 миң долларга чейин кетет.

— Бир айда канча боз үй чыгарасыздар?

— Бир айда жөнөкөй беш боз үйдөн 20га чейин чыгарган убактарыбыз болду. Түркияда жер титирөө болбодубу, ошондо жасадык.

— Казактар да көп буюртма берет дедиңиз, алар өздөрү жасашпайбы?

— Билбейм, өндүрүш бар дешет, бирок бизден көп алышат. Бар окшойт, анткени жакында эле орустар буюртма бергенде алып бара жатып, жолдон көрдүк. Биздики жөнөкөй болсо деле оймолор кошулуп, кооз келет, алардыкы жөнөкөй экен. Кыргыз боз үйүн тандап жатышканда монголдордун боз үйү менен салыштырышат экен.

Кыргыз үйдүн майрамдык маанайы бар. Бийиктиги, кенендиги менен айырмаланат.

— Бир хан үйдү, мисалы, сиз өзүңүздүн үй-бүлөңүз менен эле жасай аласызбы же башкалар дагы кошулушабы?

— Хан боз үй турду, анын ичинде оймо-чиймелүү жасалгалары, төшөнчү, сандык, шырдак, полу сыяктуу көп нерсе бар. Аны ар ким жасайт. Орточо эки айга жетпеген убакытты алат. Бул үйдө отуруп иштечү жумушка кирет. Үйдө отуруп жакшы акча тапса болот, бизде кыз-келиндер иштешет. Мисалы, үзүк боо деп коебуз, аны кыздар бала кезинен эле кызыгып, жеңелеринен, апаларынан үйрөнүп алышат. Ошолор үйүнөн буюртма алышып эле, иштей беришет. Айылда кээде бала-чакага убакыт болбой калат.

— Эң көп буюртманы каяктан аласыздар?

— Мурдагы жылдары негизинен Польша, Германия, Франциядан, Европадан алчубуз. Акыркы 1-2 жылда Казакстандан, Россиядан, Кыргызстандын ичинен алып баштадык. Европага караганда бул жакта жеткирүү жеңил. Европага жөнөткөндө документациясына өзүнчө бир киши жүгүрүшү керек. Фитосанитардык текшерүүдөн өткөрөбүз, Маданият министрлигине барабыз, акыркы процесс Бажыдан бүтөт. Европалыктар өздөрү буюртма беришет. Бирок аларга да түшүндүрүп, презентация кылуу өзүнчө бир чоң жумуш.

— Ким англисче түшүндүрүп берет?

— Студент кезимде Франциядан келген студент менен жашап калгам. Мектептин базасы менен жүргөнмүн, айла жок, ошондо бираз сүйлөп калдым. Гугл-котормочуну колдонобуз. Ал эми поляктар менен сүйлөшүп атып, кээ бир сөздөрүн да үйрөнүп алдым.

— Булардын баарын өлчөмүн чыгарып, эскиздерин жасаган адам барбы же кандай иштейсиздер?

— Калыптанган стандарт менен эле иштейбиз. Негизинен канат, ууктун саны менен саналат. 55 баш ууктан 125 баш уукка чейин кетет. Мисалы, кийиз тиккендер "канча баш, түндүгү канча" дейт, "75 баш" десең түшүнүшөт. Эки күндө кийизин тигип, 8-10 миң сом акчасын алышат.

— Азыр кимге жасап жатасыздар?

— Азыр Алматы шаарынын “Зеленстрой” мекемесинин жетекчиси хан боз үй буюртма берген болчу, ошону жасап жатабыз. Кардарга жөнөтөрдөн мурда тигип көрөбүз, жакында Бишкекте ошол хан боз үйдү көтөрөбүз. Кызык болсо, келип көрүп кетсеңиздер болот.


Кыргыздын боз үйү — элдин сергек акылынан чыккан, чебер колунан тамган, теңдешсиз өзүнчө өнөр. Ал — укмуштай айлакердик көркөмдүккө, математикалык так эсепке жана физикалык тең салмакка ээ. Жалаң мал чарбачылыгын аркалаган эл каалаган жерге: мейли тоодо, мейли түздө жашоого бирдей оңтойлуу шарт түзгөн үйдү жаратып алуусуна жашоо-тиричилиги өзү мүмкүндүк берген. Үйдүн жыгачы «он эки канат», «сегиз канат», «алты канат», «төрт канат», же «жүз баштуу», «сексен баштуу», «жетимиш баштуу», «элүү баштуу» деп айтылат. Чоң-кичинесин далилдеген үйдүн башы сайылган ууктун саны менен өлчөнөт. Тигип-чечүүгө жана көчүп-конууга, ички эмеректеринин орун алышына 55—65—75 баштуу үйлөр арбын жасалган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү ѳтүп жатат

Кыргызстанда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү ѳтүп жатат

Бүгүн, КРнын Жогорку Кенешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 30 көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү өтүүдө. Бул тууралуу БШК расмий баракчасында билдирген. Жалпысынан өлкө боюнча 2 492 участкалык шайлоо комиссиянын ичинен 1 324 шайлоо комиссиясына 10 329 арыз келип түшкөн. Алардин ичинде жаш курагы, майыптыгы,

БШК дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн 788 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

БШК дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн 788 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

БШК дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн 788 эл аралык байкоочуну Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого аккредитациялаганын бүгүнкү брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчытык Шайназаров билдирди. Аккредитациядан өткөн эл аралык байкоочулардун курамында: -Чет өлкөлөрдүн борбордук шайлоо органдары — 20 өлкөдөн 39 өкүл; -Эл аралык уюмдар жана парламенттик бирикмелерден — 11 уюмдан 680 өкүл (анын ичинде ОБСЕнин

БШК быйыл шайлоочулардын саны 50%га чейин жогорулашы мүмкүн экенин билдирди

БШК быйыл шайлоочулардын саны 50%га чейин жогорулашы мүмкүн экенин билдирди

Аралыктан добуш берүү системасын киргизүү менен шайлоочулардын саны 40-50%га жогорулашы мүмкүн экенин  борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди. “Аралыктан добуш берүү системасын киргизүү жана маалымдоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен шайлоого катышуу деңгээли жогорулайт деп ишенебиз. Мурун бул көрсөткүч 30% болсо, азыр 40-50%га жетет деген үмүт бар. Ошондуктан,

Өлкөнүн бардык аймактарында азык-түлүк жарманкелери өтүп жатат

Өлкөнүн бардык аймактарында азык-түлүк жарманкелери өтүп жатат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси менен республиканын бардык аймактарында азык-түлүк жарманкелери уюштурулууда. Мындай жарманкелер 2026-жылдын июнь айына чейин уланмакчы. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, ар бир районго жарманке өткөрүүгө атайын график боюнча аптанын күндөрү бөлүнгөн. Бүгүн Бишкек шаарынын эски