Биз санына эмес, сапатына иштейбиз — "Пельмени от Хакимовой" азыктарын чыгарган ишкер айым Матлюба Хакимова

Биз санына эмес, сапатына иштейбиз — "Пельмени от Хакимовой" азыктарын чыгарган ишкер айым Матлюба Хакимова

ИШКЕР MEDIA ЖИА менен биргеликте чакан жана орто бизнес менен алектенген ишкерлерди колдоого болгон аракетин жумшап келет. Бүгүн болсо өзүнүн, жолдошунун көздөрү азиз болгонуна карабай "Пельмени от Хакимовой" деген даамдуу жарым фабрикат азыктарын чыгарып, жумуш орундарын түзүп, коомго пайда келтирип келген ишкер айым Матлюба Хакимованы маекке тарттык.

"Көзүмдүн көрүүсүн 30 жашымда жоготтум"

— Азыр мен 35 жаштамын. Көздүн көрүүсү боюнча 1-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген инсандардын катарын толуктайм. Көзүмдүн көрүүсүн 30 жашымда жоготтум, такыр көрбөй калдым. Өзүм Сүлүктүдө төрөлгөнмүн, балалыгым Лейлекте өттү. Кийин КМУнун математика жана информатика бөлүмүн бүтүрүп, математика мугалими болуп 2018-жылга чейин иштедим. Көрүүм жылдан жылга начарлаган сайын мектепте иштеген мен үчүн кыйындап баштады. Кийин Бишкекке атайын көзү азиздерди окутуу курсуна өз алдынча басканды, технология, компьютер, смартфондор менен иштегенди үйрөнүүгө келдим. Ошол курстан өз алдынча жашаганды үйрөндүм, көзү азиз катары жаңыча жашап баштадым.

"Эгер сен азыр иштеп, жакшы жыйынтык көрсөтсөң, башка көзү азиздерге да жол ачылат" дешти

—  2019-жылы Бишкектеги "Кайнар" деген ресторандын жарым фабрикат жасаган цехине чүчпара жасап иштегенге мени жумушка орнотушту. Башында жаккан жок, аябай кыйналдым.

Ошол жерде иштеп жүргөндө биринчи жолу көзү азиз катары коомго аралаша баштадым. Мурда жашырчумун, көзүм көрбөгөнүнөн уялчумун, өзүмдү коомдун бир бөлүгү катары сезе алчу эмесмин, өзүмдү кошо алчу эмесмин. Кыйын мезгилди ошол жерден өтүп кеттим. Колум менен жасасам окшошпойт, ошентип эки ай иштедим. Башында жумуштан кыйналып, "иштей албайт экенмин" десем, мени жумушка орноткон адамдар "эгер сен азыр иштеп, жакшы жыйынтык көрсөтсөң, башка көзү азиздерге да жол ачылат, эгер сен иштей албасаң, аларды да жумушка албай коюшат" дешти. Ошондо менде жок дегенде башкаларга жардам берүү үчүн ынтызарлык, мотивация пайда болду.

"Катар" кайрымдуулук фондуна кез келдим

— Иштеп баштагандан эки айдан кийин "Катар" кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү менен жолугуп калдым, алардын атайын аял кишилерди колдогон долбоору бар экен, алар ишкердик менен алектенем деген аялдарга жардам көрсөтүп, жумуш баштап бергенге демөөрчү болушат экен.

Алгач мен алардан үй сураган элем, анткени жашаганы үйүм жок эле. Үйүм эле болсо өзүмдүн оокатымды өзүм кыла алам деп, болгону үйгө жардам берүүсүн сурандым. Бирок алар башка долбоорлор менен иштегендиктен, мага чакан бизнес ачканга көмөктөшөрүн айтышты. Ошентип 2020-жылы мини цехке чүчпара түйгөнгө, тоңдурганга эмне керек болсо, бүт жабдыктарды алып беришти. Жаңы эле иштеп баштаганымда карантин болуп калды, бирок туруп калбай акырындан иштей бердик. Мен каалаган деңгээлге жете элекмин, анткени оңой көрүнгөнү менен кыйын эле экен. Үй-бүлөлүү болгон соң ага да көңүл бөлүш керек. Айына мынчадан табам деп айта албаймын, цех турган имаратты ижарага алам жана өндүрүштүн өзүнүн чыгымдары болгондуктан аны чоңойтуп кетүүгө мүмкүнчүлүгүм болбой жатат.

"Аз жасасак дагы, сапаттуу, пайдалуу жасоого аракеттенебиз"

— Негизи жарым фабрикат азыктарды өндүрүү — аябай эле пайдалуу бизнес. Анткени сактоо мөөнөтү үч ай, бат бузулбайт, жакшы иштесең, чоң киреше тапсаң болот, мен үй алганга деле жетсем болмок, бирок менин мүмкүнчүлүктөрүм чектелүү болуп жатат.

Биздин цехибиз 7-кичи райондо мечиттин жанында жайгашкан. Биздин азыктар башка жарым фабрикаттардан адалдыгы, табигыйлыгы менен айырмаланат, биз санына эмес, сапатына иштейбиз.

Аз жасасак дагы, сапаттуу, пайдалуу жасоого аракеттенебиз, жасаганың адамдын ден соолугуна зыяны тийбей, пайдалуу болсо, тапканыңдын да берекеси болот. Кошумча жыт бергич, консерванттарды кошпойбуз.

Азыркы учурда негизинен пельмени жасайбыз, кээде буюртма болуп калганда кесме, камыр, манты, вареники да жасап беребиз. Негизинен азыр уйдун этинен жасалган пельмендерге басым жасап жатабыз, себеби ага талап жогору. Ассортиментти көбөйтсөк болмок, бирок мен өзүмдүн убактыма, мүмкүнчүлүгүмө жараша болуп жатат. Анткени андан сырткары, атайын көзү азиздер же начар көргөндөр үчүн атайын адистештирилген китепканада дагы иштейм.

"Биз эле жардамга муктаж эмеспиз, биз деле коомго жардам бере алабыз"

— Бул бизнести өзүм баштаган жокмун десем болот, себеби эң алгач чийки азыктарды дагы демөөрчүлөрүм алып беришкен болчу, бирок ошону эле өзүмдүн пайдама иштетпей, түшкөн акчаны кайра салып, бизнести улантып кете алдым. Тоңдургандан кийин таңгактаганга чейинки бардык жабдыктарыбыз бар. Өзүбүз этикеткасы менен баштыктарды буюртма берип жасатабыз. Кардарларыбызга жөн эле баштыкка, ал эми дүкөндөргө "Пельмени от Хакимовой" деген баштыкка салып таратабыз. Азыр 3-4 чоң дүкөндөргө беребиз, калгандарын буюртма менен эле даярдап беребиз. Жумушчу кыздарым түйүшөт, ал эми мен даярдап берем, жолдошум болсо жеткирип турат.

Биздин максатыбыз — эптеп эле өзүбүзгө пайда табуу эмес, коомчулукка да пайда келтирүү. Биз эле жардамга муктаж эмеспиз, биз деле коомго жардам бере алабыз дегим келет. Анткени жолдошумдун да көзү азиз, азыркы учурда атайын долбоор менен иштеп жатабыз, октябрь айынан тартып көзү азиз кыз-келиндерди жарым фабрикат азыктардын түрлөрүн жасоого бекер үйрөтүп-окутабыз.


Мындан тышкары окуңуз

1-январдан тарта Кыргызстанда желим баштыктарды колдонууга тыюу салынат

1-январдан тарта Кыргызстанда желим баштыктарды колдонууга тыюу салынат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2027-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда полимердик пленкадан жасалган пакеттерди жана пластмасса буюмдарын өндүрүүгө, сатууга жана акысыз таратууга тыюу салынганын эскертет. Ошондой эле аларды өлкөнүн аймагына алып кирүүгө да тыюу салуу каралган. Бул чара полимердик материалдардын айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна тийгизген

Ишкер Media
Азербайжанда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме болот

Азербайжанда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме болот

Бүгүн, Азербайжандын Баку шаарында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин (АӨИЧК) жетинчи саммити өтөт. Ага Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров да катышат. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Саммиттин алкагында мамлекеттердин, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын башчылары өз ара байланыштарды чыңдоо, санариптештирүү жана туруктуу экономикалык

Ишкер Media
Балыкчы шаарында 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Балыкчы шаарында 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Ысык-көл облусунун Балыкчы шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн негизинде 484 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты. Билдирүүгөкараганда, 2018-жылы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн токтомунун негизинде Балыкчы шаарындагы эркин экономикалык зонанын аймагында жайгашкан “Аэродромдун” 30 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен “Т.” ЖЧКсына жеке

Ишкер Media
Ага-Хан фонду Каба токой чарбасына 2 млн сомго жакын инвестиция тартты

Ага-Хан фонду Каба токой чарбасына 2 млн сомго жакын инвестиция тартты

2026-жылы Ага-Хан фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында Каба токой чарбасына 1 млн 900 миң 402 сомдук материалдык-техникалык колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу Токой кызматы билдирди. Анын ичинде: • "Токойлорду жашылдандыруу жана колдоо" долбоору аркылуу экме токойлордун аянтын тосуу үчүн 1 млн 654 миң сомго

Ишкер Media