Өзбекстанда электрондук тамеки колдонууга, сатууга, алып жүрүүгө тыюу салынды

Өзбекстанда электрондук тамеки колдонууга, сатууга, алып жүрүүгө тыюу салынды

Өзбекстанда электрондук тамекини жана ага жакын системаларды алып кирүүгө, алып чыгууга, сатууга, сатып алууга, сактоого тыюу салынды. Мындай норма Шавкат Мирзиеев 27-ноябрда кол койгон мыйзамга киргизилди. Lex.uz порталы белгилегендей документ 2026-жылдын 1-мартынан тарта күчүнө кирет. 

Ошону менен бирге эле тиешелүү талаптарды бузганы үчүн, тагыраагы эгер тыюу салынган продукцияны ири көлөмдө реацлизациялоо же административдик жаза колдонуудан кийин кайталап мыйзам бузуу учурларында кылмыш жоопкерчилиги каралган. 

 Мыйзамга кирген өзгөртүүлөргө ылайык, электрондук тамекини импорттоп жана саткандыгы үчүн эң жумшак жаза – базалык эсептик өлчөмдүн 300дөн 500гө чейинки көлөмүндө айып пул төлөтүлөт. Бул 123,6 млн сумдан (10,3 миң доллар)  206 млн сумга (17,3 миң доллар) чейин. 
Мындан сырткары, 2ден 3 жылга чейин түзөтүү иштери түрүндө сакнциялар, 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу киргизилери каралып жатат.  

Эске салсак, ушул жылдын апрель айынын аягында электрондук тамекилерди, ал үчүн атайын суюктуктарды жана никотин системаларын жүгүртүүгө тыюу  салуу жөнүндө мыйзамы Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенаты тарабынан жактырылган. 

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банкты" түзүүгө уруксат берди

Улуттук банк "Почта Банк" юридикалык жакты түзүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, банк калкка жана бизнеске Кыргызстандын бардык аймактарында банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүнү пландап жатат. Долбоор банк инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана ири шаарлардан тышкары, анын ичинде алыскы аймактарда финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоордун

Ишкер Media
Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Чет өлкөдө филиал ачкан банктардын капиталына кошумча талаптар коюлушу мүмкүн

Улуттук банк чет мамлекеттерде филиал ачкан коммерциялык банктардын уставдык капиталына кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Улуттук банктын маалыматына ылайык, документ президенттин 2026-жылдын 6-мартындагы жарлыгын ишке ашыруу жана банктардын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүнө байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан. Долбоордо чет өлкөлөрдө филиал ачууну пландаган

Ишкер Media
Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

Бишкекте батирлер арзандап, Ошто үйлөр кымбаттоодо

2026-жылдын январь–август айларында Бишкекте батирлердин баасы инфляцияны эске алганда 2,95%га төмөндөдү. Ал эми Ош шаарында жеке турак үйлөрдүн баасы, тескерисинче, 9,04%га өстү. Бул тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына таянып, Economist.kg жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Бишкекте батирлердин баасы

Ишкер Media
Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан жана Өзбекстандын бажы кызматтары кызматташтыкты кеңейтет

Түрк мамлекеттер уюмунун бажы администрацияларынын жетекчилеринин 12-жолугушуусу 12-октябрда Бишкекте өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Маалым болгондой, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын Бажы комитети 2027-2028-жылдарга өз ара аракеттенүү боюнча Жол картасына кол коюшту. Документ бажылык администрациялоо, санариптештирүү, маалымат алмашуу, бажы контролун өркүндөтүү,

Ишкер Media