Кыргызстан менен Германия кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууну талкуулады

Кыргызстан менен Германия кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууну талкуулады

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Берлин шаарына (Германия Федеративдик Республикасы) жумуш сапары менен барган. Өкмөт башчы Германиянын Бундестагындагы "Германия – Борбордук Азия достук тобу" депутаттары менен жумушчу эртең мененки тамак форматында жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары чыңдоого багытталган кеңири чөйрөдөгү маселелерди талкуулашты.

Касымалиев сүйлөшүүлөрдө Германияны Европа Биримдигинде жана жалпы Европа мейкиндиктеринде Кыргызстандын негизги өнөктөшү катары белгилеп, эки өлкөнүн ортосунда саясий диалогду бекемдөө, узак мөөнөттүү экономикалык долбоорлор, инфраструктура, агроөнөр жай, экспортту диверсификациялоо жана инвестициялык тармактардагы кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу пикирин билдирди.

Ал ошондой эле административдик регламенттерди жөнөкөйлөтүү, салык саясатын модернизациялоо жана санариптик сервистерди киргизүү аркылуу инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө умтулуп жатканын баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу, реформаларды талкуулоо жана эки тараптуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

"Ысык-Ата" санаторийинде 3 жаңы корпус жана санариптик тутум ишке кирди

"Ысык-Ата" санаторийинде 3 жаңы корпус жана санариптик тутум ишке кирди

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев "Ысык-Ата" санаторийиндеги жаңы объектилердин ачылышына катышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, санаторийде 3 жаңы корпус, спорт зал жана 250 орундуу заманбап ашкана пайдаланууга берилди. Ошондой эле "Саламат" автоматташтырылган тутуму жана Face ID технологиясы киргизилип, каттоо,

Ишкер Media
Кызыл-Кыяда 200 жаранга көмүр акысыз таратылды

Кызыл-Кыяда 200 жаранга көмүр акысыз таратылды

Кызыл-Кыя шаарында социалдык жактан аярлуу катмардагы жарандарга акысыз көмүр таратылууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27-октябрдан тарта башталган иш-чаранын алкагында 200 жаранга жалпы 60 тонна көмүр акысыз бөлүштүрүлдү. Көмүр таратуу иштери шаар мэри Б. Кошалиевдин жетекчилиги алдында уюштурулуп, кыш мезгилинде муктаж үй-бүлөлөрдүн турмуштук шартын

Ишкер Media
Өлкөдө үч медициналык объекттин курулушун каржылоо мүмкүнчүлүгү каралууда

Өлкөдө үч медициналык объекттин курулушун каржылоо мүмкүнчүлүгү каралууда

24-октябрдан тарта Кыргызстанда Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) "Туруктуу саламаттык сактоо секторун модернизациялоо" долбоорун даярдоо боюнча миссиясы иш алып барууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди. Маалым болгондой, Ислам өнүктүрүү банкынын адистери техникалык-экономикалык негиздемени даярдоонун алкагында Ош жана Нарын облустарына барышты. Алар медициналык объекттерди куруу үчүн сунушталган

Ишкер Media
Бишкектеги Ак-Бата конушунда мектеп курулууда

Бишкектеги Ак-Бата конушунда мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Ак-Бата конушунда спорт комплекси жана жаңы мектеп курулууда. Ал эми Энергетиктер шаарчасындагы “Алёнушка” бала бакчасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Мэриянын маалыматына ылайык, аталган конуштагы спорт комплексинде дзюдо, футбол, гандбол жана волейбол менен машыгууга арналган эки спорт зал, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр жана машыгуу залы каралган. Учурда имараттын каркасы толук

Ишкер Media