Д. Трамп үчүнчү дүйнө өлкөлөрүнөн болгон миграцияны

Д. Трамп үчүнчү дүйнө өлкөлөрүнөн болгон миграцияны

АКШ президенти Дональд Трамп өлкөдө чет өлкөлүктөрдүн расмий саны 53 миллионду түзөрүн жана үчүнчү дүйнө өлкөлөрүнөн келген адамдар миграциясын биротоло токтоторун билдиргенин ТАСС агенттиги жазды. 

“Мигранттардын реалдуу саны алда канча көп. Качкындар түйшүгү – Америкадагы социалдык дисфункциянын негизи себеби. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин эмне гана болгон жок”,-дейт ал. 

Буга улай АКШ жарандары болбогон адамдарга мамлекеттик жеңилдиктер берилбей турганын дай айткан. 

“Мен биздин өлкөнүн жарандары эместерге федералдык жеңилдиктерди жана субсидияларды кыскартам, ички тынчтыкты бузган мигранттарды жарандыгынан ажыратам жана коомдук жүк болгон, коопсуздукка коркунуч жараткан ар бир жаранды депортация кылам”,-дейт Д.Трамп. 

Эске салсак, буга чейин АКШ бийлиги Дональд Трамп администрациясы “тобокелдик тобуна” кошкон 19 өлкөнүн жарандарына берилген грин-карталардын баарын масштабдуу текшерерин жарыя кылган. Мындай буйрукту президент Вашинтонгдогу атышууда Улуттук гвардиянын эки аскер кызматкери курман болгондо берген.  

Мындан тышкары окуңуз

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

9-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчигийн Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлор талкууланды. Ошондой эле ишкерлер ортосундагы байланышты

Ишкер Media
"Кошой" ААК заводунда электрондук кезек фермерлердин ишин жеңилдетти

"Кошой" ААК заводунда электрондук кезек фермерлердин ишин жеңилдетти

Сокулуктагы "Кошой" ААК кант заводунда 2 жылдан бери электрондук кезек системасы иштеп жатат. Анын аркасында кант кызылчасын ташыган унаалар кезек күтпөстөн, код аркылуу заводго кирип, кант кызылчасын тапшырып, кайра эгин талаасына барып, бир күндө 2 жолудан каттап жатышат. Борбордук кант кызылчасын кабыл алуу пунктунун башчысы Каныбек Талангутовдун айтымында,

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга иш сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга иш сапары аяктады

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун 8-9-октябрда Түркмөнстанга болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, 8-октябрда мамлекет башчысы Борбордук Азия жана Азербайжан лидерлеринин Консультативдик жолугушуусуна катышып, мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Жыйынтыгында лидерлер Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Ошол эле күнү Садыр Жапаров Түркмөнстандын

Ишкер Media