Жашылча-жемиштерден десерт жасаган кондитердик үйүн негиздеген Нурия Жорупбекова менен маек

Жашылча-жемиштерден десерт жасаган кондитердик үйүн негиздеген Нурия Жорупбекова менен маек

Адатта таттууларды ден соолукка зыяндуу жана терс таасирин тийгизген азык катары элестетебиз. Бирок Нурия Жорупбекова таттуулардын даамын да, пайдасын да айкалыштыра жасайт. Учурда анын Vanilli кондитердик үйүндө табигый ингредиенттер кошулган жашылча-жемиш маффиндери бышырылат. Нурия Жорупбекова Economist.kg басылмасына курган маегинде бул идеяга кантип келгенин жана десерттердин даамы менен ден соолукка пайдалуулугун кантип айкалыштыра алганын айтып берди.

 Нурия өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

— Алгачкы лингвистика жаатындагы билимимди Түштүк Кореяда алгам. Экинчи билимим юридикалык. Мен ишмердүүлүктүн ар кандай тармактарында иштейм: курулуш тармагында, ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында насаатчы жана бизнес-насаатчымын. Жакында эле жеке бизнесимди баштадым. Быйыл мен JICAда окудум, ал жерде Vanilli кондитердик үйүм үчүн бизнес пландын долбоорун жаздым.

— Сергек жашоонун талаптарына жооп берген кондитердик үйүн түзүү идеясы кайдан келип чыкты?

— Бул идея менин оюмда Түштүк Кореяда окуп жүргөндө пайда болду. Ошол жерден корей улутунун бир өзгөчөлүгүн байкадым. Алар жаңы нерсени сынап көрүүнү сунуштаганда, алар "ооз тийиңиз, даамдуу" деп айтышпайт, алар дайыма "ооз тийиңиз, бул ден-соолукка пайдалуу" деп айтышат. Алардын маданияты дайыма туура тамактанууга басым жасайт. Ошондуктан алар ар дайым даамына эмес, пайдалуулугуна карап баа беришет.

Бул нерсени байкап, эмне үчүн биз муну өз өлкөбүздө колдонбойбуз деп ойлоно баштадым. Кошумча, бизнесимди баштаардан мурда мен эне болдум. Ошондо мен туура тамактануу, келбетти мурдагы калыбына келтирүү жана пайдалуу тамактарды тандоо маселеси менен бетме-бет келдим. Баламды тамактандырып баштаганда, мен да баламды кичинесинен ден соолугуна пайдалуу тамак-аштарды көбүрөөк колдонууга кантип үйрөтөм деп ойлоно баштадым. Балдар кондитердик азыктарды жакшы көрүшөт, бирок таттуулар дайыма эле пайдалуу боло бербейт. Анан мен эмне үчүн таттуу салттуу десерттерди жашылча-жемиштер менен айкалыштырбаш керек деп ойлоно баштадым.

Көрсө, атүгүл мындай азыктардын атайын рецепттери бар экен, мен аларды кийин америкалыктардан сатып алгам. Функционалдуу азыктарды: жашылча-жемиш булочкаларын түзүү идеясы мына ушундан келип чыккан. Алардын курамында витаминдер, минералдар жана антиоксиданттар менен табигый түрдө байытылган суперфуддор бар.

— Жумушуңузду баштоого канча каражат кетти?

— Бул бизнести баштаганда колумда сегиз айлык балам бар эле, декреттик өргүүдө болчумун. Ошондуктан, мен баштоо үчүн чоң суммадагы акча сала алган жокмун. Мен кондитердик тармактан алыс болчумун, бизнестин бардык ички процесстерин билүү үчүн алгач кондитердик курска бардым. Негизи бул үчүн көп акчанын кереги жок. Ошентип менин бизнесиме алгачкы салымым 12 миң сомдон башталды. Андан кийин жабдыктарды сатып ала баштадым, ага 12-13 миң доллар кетти. Андан кийин, жайларды ижарага алууга жана кызматкерлерге эмгек акы төлөө зарылчылыгы болду. Азыр мени кошкондо беш кишиден турган чакан командабыз бар.

Бирок мындай бизнеске көп акча салыш керек эмес. Мен жөн гана эч кимге көз каранды болгум келген жок, ошондуктан мен дароо жабдууларды сатып алууга инвестициялай баштадым. Мындай бизнести минималдуу баштапкы капиталы бар ар бир кожойке баштаса болот. Ал жабдууларды жана жайларды ижарага алса болот, анда ал туруктуу чыгымдарды түзбөйт, бирок өзгөрүлмө чыгымдар болот.

— Жакында эле жеке бизнесимди ачтым деп айтып жатасыз. Бул убакыттын ичинде сиздин азыктарыңызды жакшы көргөн туруктуу кардарларыңыз пайда болдубу?

— Башында кондитердик азыктар таттуу гана эмес, ден соолукка да пайдалуу болоорун элге көрсөтүүгө көп убакыт кетти. Чынын айтсам, биз кардарлардын даам каалоолорун жана жылдар бою калыптанып калган стереотиптерди өзгөртүү үчүн көп аракеттерди жасадык. Бирок ошого карабастан биздин азыр туруктуу кардарларыбыз бар.

Биз негизинен B2B сектору менен кызматташабыз, алар үй дүкөндөр жана кофейнялар. Бул биздин кардарларыбызга жетүүнү жеңилдетет жана ыңгайлуураак кылат. Мындан тышкары, мындай кызматташтык Just-In-Time бизнести башкаруу системаларын оптималдаштырууга жардам берет (Toyota'ныкындай мөөнөтүнө жараша даярдоо бизнести башкаруу системасы).

— Маффиндерден сырткары Vanilli кондитердик үйүндө дагы кандай азыктар бышырылат?

— Биз дагы деле туура тамактануу концепциябызды сактап келебиз. Анткени биздин миссиябыз десерттердин экологиялык тазалыгын, табигыйлыгын жана ден соолукка пайдалуулугун сактоо болуп саналат. Бул фактыны эске алсак, биздин таттуулардын ассортименти анчалык деле кенен эмес. Бирок, жеке буюртма болсо каалаган кондитердик азыктарды чыгара алабыз. Мисалы, биз азыр мисте жана безе булочкаларын, сулу печеньелерин, баклаваны, ар кандай даамы жана кошумчалары бар булочкалардын түрлөрүн чыгарабыз.

— Дени сак тамак-аш сыяктуу тармакта бизнес жүргүзүү канчалык кыйын?

— Кондитердик базарга кирүүдө эч кандай кыйынчылык көргөн жокмун. Анткени биз чындап эле чай менен таттуу жегенди жакшы көрөбүз. Бул биздин негизги тамактануу адатыбыз. Кошумчалай кетсек, биз пандемиядан кийин ачылганбыз жана пандемияга чейин мен өлкөдө экономикалык кризис болобу, пандемия болобу же карантин болобу — адамдардын дайыма тамактанууга суроо-талаптары болорун түшүндүм. Ошондон улам мен бул тармактан келечекти көрүп, ушул сферага токтолдум.

Рынокту талдап чыккандан кийин мен өлкөдө сергек тамактануу менен алектенген кондитердик ишканалар өтө аз экенин байкадым. Мен дагы өзүмдүн практикамдан көрдүм, биздин элдерге аларга туура тамактануу жана туура азыктар керек экен. Менин айланамда, мисалы, кант диабети менен ооруган көп адамдар бар. Көбүнчө мага байланышып, кандайдыр бир ооруга чалдыккандар үчүн таттууларды жасап берүүнү суранышат. Глютен жей албагандар бар, ошондой эле психикалык жактан жабыркагандар же майып балдар бар. Алар үчүн туура тамактануу абдан маанилүү.

Ошондуктан бул нишаны жана позицияны максаттуу тандап алдым. Анын үстүнө, ал бош болчу. Маркетологдор айткандай, ал көгүлтүр океан болчу (атаандаштыктан эркин базар – ред.). Бирок бул нишанын да аудиториянын, диапазонун чектелүү болушу сыяктуу өзүнүн кемчиликтери бар. Бирок биздин милдет – массага жетүү эмес, коом пайдалуу тамактарды жей турган куралга айлануу. 

— Продукцияңызды жасоодо табигый ингредиенттерди колдоносузбу?

— Жергиликтүү дыйкандар менен кызматташып, алардан айыл чарба азыктарын сатып алабыз. Биз консерванттарды, ароматизаторлорду, стабилизаторлорду ж.б. колдонбойбуз. Башкача айтканда, биздин продукциялар курамындагы табигый ингредиенттердин эсебинен гана даамдуу болот.

— Азыктарыңыздардын баалары кандай?

— Албетте, баасы кайсы дүкөндө сатылганына жараша болот. Анткени биздин өнөктөштөр өздөрүнүн бааларын кошушат. Бирок орто эсеп менен биздин продукциянын баасы 340 грамм салмактагы бир баштыгына 150 сомдон жана андан жогору турат. Бул абдан берекелүү, чайдын үстүндө беш адам ырахаттанып жесе болот.

— Сиздердин азыктарыңыздар Бишкектен башка жакта сатылабы?

— Тилекке каршы, башка аймактарга сатууга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Биздин азыктарга, мен жогоруда айткандай, консерванттар жана стабилизаторлор кошулбайт. Ошондуктан, алардын сактоо мөөнөтү башка кондитердик азыктардыкындай узак эмес. Мындан тышкары, атайын сактоо шарттары бар. Мындан улам өлкөнүн башка аймактарына жайыла албай жатабыз. Бирок биз башка аймактардан келгендер менен кызматташууга, алар менен азык жасоонун ыкмаларын же рецепттерин бөлүшүүгө, франшиза ачууга жана башкаларга даярбыз. Бизге продукциябызды Алматыга жеткирүү сунушу түшкөн. Бирок Бишкектен Алматыга тамак-аш алып келүү жогоруда саналган себептерден улам ыңгайсыз болот. Ошондуктан биз аларды Казакстанга франшиза ачууга чакырдык. Азыр казак тарап бул сунушту карап жатат.

— Келечекке кандай пландарыңыздар бар?

— Мен бул багытта мындан ары өнүгүп, дени сак тамактануу концепциясын карманып, кардарларыбыздын даам каалоолорун жана диеталык чектөөлөрүн эске алуу менен бизнести жана ассортименти кеңейтүүнү каалайт элем. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери мага кайрылып, балдарына таттууларды жасап берүүмдү суранышты. Андан сырткары, ушундай балдар билим алып жаткан борбордун директору менен жолугуп калдым. Мүмкүн, биз ушул сыяктуу борборлор менен кызматташабыз, анда тамактануу жагынан чектөөлөр бар адамдар кандайдыр бир реабилитациядан өтүшөт.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча 985 миң тоннадан ашык дан эгиндери жыйналды

Өлкө боюнча 985 миң тоннадан ашык дан эгиндери жыйналды

Өлкө боюнча пландалган 617 миң гектар аянттын 57,1%ы — 352,7 миң гектары жыйналып бүттү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,9 миң гектарга көп. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Учурда 985,1 миң тонна дан жыйналып, дүң жыйым былтыркыга

Жаштардын 10 долбооруна 200 миң сомго чейинки гранттар берилди

Жаштардын 10 долбооруна 200 миң сомго чейинки гранттар берилди

13-августта "Мамлекеттик жана муниципалдык максаттуу программаларга ылайык жаштардын демилгелерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Иш-чарада министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков мыкты деп табылгандарга 200 миң сомго чейинки каржылык колдоо көрсөтүлгөн гранттык сертификаттарды тапшырды. Маалыматка ылайык,

Бишкекте бир күндө 168 мыйзамсыз жарнама демонтаждалды

Бишкекте бир күндө 168 мыйзамсыз жарнама демонтаждалды

12-августта Бишкектин Свердлов районунда дизайн-коддун талаптарына жооп бербеген жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Курманжан Датка көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен Чоң Чүй каналына чейинки бөлүгүндө өз алдынча орнотулган 168 жарнамалык конструкция алынды. Ишкерлер жана мүлк ээлери жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун мыйзамдуулугун алдын ала текшерип, объектилердин сырткы

Ысык-Атада өрттөнүп кеткен үйдүн ээсине 400 миң сом кенемте төлөндү

Ысык-Атада өрттөнүп кеткен үйдүн ээсине 400 миң сом кенемте төлөндү

Ысык-Ата районуна караштуу Сары-Жон айылында өрттөнгөн турак жайдын ээсине камсыздандыруу кенемтеси төлөндү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти. Маалыматка ылайык, турак жай болгону 600 сомго камсыздандырылган. Өрттөн кийин уюм тарабынан үй-бүлөгө 400 миң сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмү берилген. Учурда үй-бүлө жаңы турак жайын куруп, оңдоп-түзөө