Эшмат Келдибеков: “Жүрөгү менен кыйынчылык тарткан адам катуу аракет кылат”
Адам баласы качан турмуштук муктаждыктан кыйналып, жаны ачыганда гана жоктон бар кыларын бизнесмендердин, ишкерлердин көбү айтып келишет. СССР тараганда нанга жетпей калган учурларды баштан кечирип, 18 жашынан Ош базарында тачке түртүп иштеп, кийин бизнеске аралашканда чоң суммада банкрот болуп, андан да чоң кыйынчылык менен чыккан ишкер, “Адал Жол” ЖЧКсынын башкы директору Эшмат КЕЛДИБЕКОВ бул жолу ишкерлик боюнча кызыктуу маек куруп берди.
-Эшмат мырза, сиз көп жылдардан бери тигүү тармагында бизнес кылып келе жатасыз. Бул тармакка качан, кантип аралашып калдыңыз эле?
- Негизи апамдын ата-теги илгери уста болгон экен. Үй-булөдө 5 эркек, 2 кызбыз. Чоң таятабыз, таятабыз уста болгондуктанбы, айтор беш эрек бир туугандын баарынын колу бир нерсеге жөндөмдүү. Мыкты түз каксак дагы Карим уста деп бири-бирибизди тамашалап калабыз.
Анан апам илгери быткомбинатта тигүүчү болуп иштеген. Апамдын кол машинасын кичинебизде бекинип алып бирдемелерин оңдоп жиберип да ийчү элек. Атам ыраматылык тескерисинче электрден коркчу эле. Ал шоопур болгондуктан ашыкча дүйнө деле чогултпаптыр. Орто жашагандыктан союз тараган жылдары нанга жетпей калган күндөрүбуз болгон. Ошонун баары менин тигүү тармагында ишкер болушума түрткү болду окшойт.

- Борборго качан келип, качан бул тармакка кириштиңиз эле?
- Мен 2001-жылы 18 жашымда борборго келип, Ош базарында араба түртүп иштедим. Азыр айрымдарга айтсам, “Кантип сиз араба түртүп иштейсиз, андай болушу мүмкүн эмес” деп ишенишпейт. “Ата-энебиз бай болбосо, манаптын баласы болбосок ошентип иштедик да” дейм аларга. Ошол араба түртүп жүргөндө эле менин соодагер, реализатор болом деген максатым бар эле. Бир жылга жакын Ош базарда иштеген соң, “Мадина” базарына иштегени бардым. Ал жерден деле дароо реализатор болуп кете албадым. Акырындап базардын аркы-беркисин билип, үйрөнө баштадым. Оверлог оңдогон бир байкеге жармашып жүрүп оверлог оңдогонду үйрөнүп алдым. Анан бир уйгур байкелерге ошол кездеги жаңы чыккан оверлогдорду саткан реализатор болдум. Кийин башка бир уйгур соодагерге иштедим. Ошол кезде Кыргызстан тигүү тармагында болгону саналуу эле түстөгү жиптер бар болчу, ошолорду 110 түскө чейин жеткирүүгө салым коштум.
- Азыркы сиз сатып жаткан заманбап, автоматташтырылган тигүү машиналарын сатууга кайсы жылдары кириштиңиздер эле?
- 2004-жылга чейин илгерки апалар иштеткен кара кол машиналарды, кичинекей оверлогдорду сатчубуз. Анан 2004-жылдан тарта Кытайдан азыркы заманбап, ак тигүүчү машиналар келе баштады. Башында тигүүчүлөр “Бул Кытайдыкы болсо сапатсыз болсо керек” дешип ишенишпей, албай жүрүштү. Биз катуу жарнамалап, андай машиналар менен иштөө алда канча эффективдүү, ыңгайлуу экенин түшүндүрө баштагандан кийин анан эл сатып ала баштады. Кыскасы, Кытайдын тигүүчү машиналарын биздин рынокко жайылтууда да биздин салымыбыз чоң.



- Ортодо бир чоң банкрот болгонуңузду уктум эле. Андан кантип чыктыңыз?
-Уйгурлар менен иштешип жүрүп ортодо Россияга барып курулуш тармагында да иштедим. Ошол учурда уйгур бизнесмен мени кайра чакыртып, Мадинадан өзүнчө дүкөн ачып берди. Жакшы соода кылып, атаандаштарымдын кардарларынан бери өзүмө тарттым. Ишим илгерилеп, бизнесим жакшы түптөлүп калганда кытай соодагерлерине алданып, 2012-жылы чоң суммага банкрот болдум. Ал кезде бул акчага борбордон 10-15 үй же батир сатып алганга болот эле. Таң калганым, ошол учурда мени жакшы тааныган, иш колуман келип турганда акелеп-жакелеп жүрүшкөн адамдар эле “Бул ушуну көрмөк” деп табалашкан учурлар болду. Жети атамдын урпагы укпаган суммада банкрот болгондуктан ал учур мага өтө чоң сыноо болду. Ар бир мүнөттүн өтүшү мен үчүн кыйынга турду. Болгон аракет, кыйынчылык менен 6 жыл дегенде ошол банкроттон чыктым. Ошондо жүрөгү менен кыйынчылык тарткан адам катуу аракет кыларын түшүндүм.
-Сиз Бишкекте “Тик-Ток швеймаг” кийим тигүүчү машиналарды саткан дүкөн ачып, кийин анын филиалдарын жер-жерлерде да ачтыңыз. Учурда жалпы канча филиал бар?
- Ооба, убагында биз чоң компанияга айланып, 100дөй менеджерлерге жумуш орундарын түзүп, 7 облуста филиалдарыбызды ачканбыз. Бирок, кийин биздин айрым өнөктөштөр сооданын, иштин көзүн таап алган соң өз алдынча иштеп кетишти. “Сени менен өмүр бою бирге иштейм” дегендер акырындап суюлуп, азыр саналуу адамдар менен иштешип жатам. Учурда тигүү тармагында бир аз кыйынчылык жаралганына байланыштуу курулуш тармагындагы бир-эки досума менеджерлик жардамымды берип жатам.



-Соцтармактарда Кытайдан келген электромобилдерди да жарнамалап калып жатасыз. Бул жагындагы ишкерлигиңиз кантип жатат?
-Бул менин атайын бизнесим эмес. Болгону мурдатан иштешип жүргөн кытай өнөктөштөргө жардам берип жатам. Алар бул жакка алып келген унааларын убактылуу мага тапшырышат. Менден анан унааны алып-сатуу менен иштеген балдар алып кетишет. Чынын айтканда, унаа сатуунун наны жеңил эмес экен. Мурда автоунаалар Корея, Грузия, Европа, Япониядан алынып келчү болсо Кыргызстанга бир дагы грузин, япон же корей келчү эмес. Ошондо алып сатуучулар бир аз пайда көрүшчү экен. Азыр Кыргызстанга унааларды кытайлар өздөрү алып кирип жатышат. Ошондуктан бул жерде киреше табыш кыйын экен.


-Бир маегиңизде кытай тилин билериңизди айтыпсыз. Азыр кандай деңгээлде билесиз жана бул тилди кантип үйрөндүңүз эле?
- Кытай тилин деле банкроттун себебинен үйрөндүм. Көрсө, адам кыйналганда көп жөндөмдөрү ачылып, тили да чыгат экен. Ага чейин кытай тилин аяк-буяктан үйрөнгөнгө, окуганга аракет кылып башыма кирбей койгон. Тыйыным жок Кытай мамлекетинин көчөлөрүндө калганда гана мурда окугандарым эсим келип, кытайлар менен сүйлөшүүгө туура келди. Азыр бул тилди аябай мыкты билбесем да, турмуштук деңгээлде билем. Анда-санда кытайлар менен баарлашып калганымды көргөндөр мени кытайча түш жоруйт деп ойлошот.
-Ишкер катары кайсыл өлкөлөргө чыктыңыз, ал жактардан биз эмнени жакшы үйрөнө албай жатабыз?
- Кол алдымда иштеген балдар мени бир жылы Дубайга эс алууга жөнөтүштү. Эс алганча анализдеп көрсөм арабдар курулуш тармагында 4 эле нерсе – темир, бетон, терезе, кондиционер менен байып жатышыптыр. Курулушта алар бизчилеп бышкан кыш колдонушпайт экен. Бир имараттын каркасын тургузуп туруп, дубалын арматура, бетон менен көтөрүп, айнек терезелер менен кооздоп коюшат. Ысык, суукту болсо жалаң кондиционер менен жөнгө салышат. Бардык шарты бар, заманбап, асман тиреген кооз имараттагы жатакана, мейманкаларга сырттан туристтер агылып келе беришет экен. Бизде туристтер келсе каякка алып барышыңды билбейсиң. Алып барсаң да эс алуучу жайлардын шарттары талапка жооп бербейт жана баалары кымбат. Андыктан ушул жагын колго алсак жакшы болчудай деп калам.


-Бир маегиңизде Кытайдагы сонун техникалардын, жабдыктардын 1-2 эле пайызын алып келдик, калганынын чет оюлбай турат дептирсиз. Азыр кандай жабдыктарды алып келип, эмне өндүрсөк болот?
-Азыр бизде курулуш тармагы актуалдуу болуп турат. Кытайда курулушту жеңилдете турган, сапатын жакшырта турган ыңгайлуу курулуш техникаларын, жабдыктарын, түрдүү материалдарды оңой эле чыгарып коюп жатышат. Аларды көрүп көзүң күйөт. Бизде ушул жагынан өндүрүш дээлик жокко эсе болуп, курулуш тармагыбыздагы кичинекей, жеңил нерсени да окшоштура албай жатабыз.


-Азыр чакан ишкерлик баштагандардын айрымдары ишин өнүктүрүп кетсе, кээ бири банкрот болуп калып жатат. Дагы бирөөлөр каражаты бар туруп ойлогон идеясын ишке ашыра албай жатышат. Аларга кандай кеңеш бересиз?
-Эң биринчиден адам көп издениши керек. Анан билгендерден кеп-кеңеш алып, баштай турган ишин анализдегенге үйрөнүш керек. Мисалы, мага калпакпы, автоунаабы, айтор бир нерсе өндүрөм дегендер келсе өзүмдүн тажрыйбама жараша теория, практика боюнча акысыз эле кеңеш берем. Анан ишкер болом дегендер жалкоо болбошу керек. Бизде көбү 10-11ге чейин уктайт. Андайда береке да кетет, иш да болбойт. Таң эрте турган адамдын мээси сергек болот, иши арбыйт. Мисалы, курулуштагы усталар жакшы иштесе күнүнө 5 миң сомдон жөн эле тапса болот. Ошондо бир адам айына 150 сомдон көп таап жатпайбы. Ошого да биздин моюнубуз жар бербейт. Кыскасы, убакыт акча экенин түшүнбөй, түшүнсөк дагы жасабай жатабыз. Ошентсе да арабызда убакытын текке кетиргиси келбеген жигиттердин, ишкерлердин бар экени мени кубандырат.
-Азыр Россия чек араны жабары менен Кыргызстандын тигүү тармагы кыйын учурга кептелди. Ушундай акыбалга кептелбеш үчүн эмне кылышыбыз керек эле?
- Биздин бир катачылыгыбыз – тигүү тармагынын продукцияларын экспорттой турган рынокту кеңейте албай жатабыз. Россияны эле карап жата бербей Америка сыяктуу ири өлкөлөргө чейин товар чыгарсак болот. Албетте, ал жактарга жөнөтүү тобокелчиликтери бар. Бирок, анын да жолун таап чечсе болот. Азыр биз порттор аркылуу да экспортту көбөйтүүнү ойлонуп жатабыз. Бул боюнча буюрса келечекте жакшы жаңылык кылабыз.
Экинчиден, биз чоң-чоң, автоматташтырылган тигүү цехтерин ачышыбыз керек. Ошондо масштабдуу буйрутма берүүчүлөр өздөрү кызыгып, келе башташат. А биз беш-алты тигүү машинасын кое калып, эптемей оокат кылат экенбиз. Андай тигүү цехтери менен биз алыс бара албайбыз. Азыр союз кезинен бери бирөө ээлеп, иштетилбей жаткан эски имараттар көп. Ошолорго 100, 200дөн тигүү машиналарын коюп, автоматташтырылган ишканаларды ачсак натыйжасы жакшы болот.


- Ири бизнес башташ үчүн дагы каражат керек. Инвестицияны кантип тапсак болот?
- Азыр 300 миң долларга жакшы бизнес баштаса болот. Аны табуу деле кыйын эмес. 1000 доллардан акчасы бар, бирок, эмне иш кылышты билбегендер азыр бизде көп. Ошону ойлонуп биз Бизнес комбайн-борбор ачып жатсак вайлдберрис токтоп калды. Комбайн дегенибиз, комбайн талаадагы эгинди алдынан киргизип буудай кылып чыгарып берет. Ошол сыңары 100 киши 1000 доллардан алып келип комбайн-борборго 100 миң доллар салат. Ага 100 миң долларлык товар алып, 150 миң долларга сатсак 50 миң доллар пайда калат. Акча салуучуларга 20% берилсе миң доллар салган адам айына 17 миң сомдон алып турат. Ушинтип ички инвесторлор менен чоң ишкерлик кылса болот. Ага болгону сабыр, ынтымак, ишеним, чыдамкайлык гана керек.