Кыргызстан аркылуу Россияга автотранзит 52,5%га кыскарды

Кыргызстан аркылуу Россияга автотранзит 52,5%га кыскарды

Быйыл Кыргызстан аркылуу Россияга жеңил автоунаалар транзити 52,5%га кыскарганын “Автостат” агенттигинин директору Сергей Целиков  өзүнүн Telegram-каналында билдирди. 

Анын айтымында, жалпысынан жеңил унаа импорту 64%га кыскарган. 2025-жылдын 10 айында Россияга 290 миң жаңы жеңил автоунаа киргизилген. Бул 2024-жылдын 10 айына салыштырмалуу 64%га аз. 

Автоимпортунун мындай кескин кыскарышына 3 себеби баса белгилеген. Биринчиси – рыноктун 20%га кыскарышы. Экинчиси өткөн жылдан калган чоң агымдар. Үчүнчүсү – Россия территориясында автоунаа чогултуунун көлөмүнүн өсүшү. 

Кытайдан жаңы унааларды алып келүү 68%га азайып – 210 даана. Ошентсе да КЭР автоунаа импорттоо  боюнча жалпы көлөмдүн 72,5%ын түзүп, эң чоң канал боюнча калган. Кыргызстан аркылуу Кытай унааларынын транзити быйыл 32,5 миң даанага чейин кыскарган. Анын ичинен Кыргызстандын үлүшү 11%ды түзөт. 

Мындан тышкары окуңуз

Баткен облусундагы сел 20,8 млн сомдук зыян келтирди

Баткен облусундагы сел 20,8 млн сомдук зыян келтирди

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун жетекчилигинде Баткен облусунун Жарандык коргонуу кызматтарынын отуруму өттү. Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйында 30-апрелден 5-майга чейин катуу жааган жаандын кесепетинен Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Кызыл-Кыя шаарында катталган сел кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштер каралды. Ошондой эле күтүлүп жаткан сел коркунучтарынын алдын алуу,

Адылбек Касымалиев банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Адылбек Касымалиев банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев банк секторунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоосунда ал бул күн улуттук валюта — кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилиши менен тыгыз байланыштуу экенин белгилеп, анын өлкөнүн эгемендүү финансы системасын калыптандыруудагы маанисине токтолду. Адылбек Касымалиев акыркы жылдары өлкө экономикасы туруктуу өнүгүү жолуна түшүп, ички дүң продуктунун көлөмү эки

Чүйдө жана Бишкекте жол курулуштарына текшерүү жүргүзүлдү

Чүйдө жана Бишкекте жол курулуштарына текшерүү жүргүзүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы бир катар жол курулуш объектилерин кыдырды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министр Бишкектеги Профсоюз көчөсүндөгү, Түндүк айланма жолундагы жана Чүй облусунда жүрүп жаткан жол куруу иштеринин жүрүшү менен таанышып, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берди. Иш

Бишкекте өткөн "Өлбөс полкко" 30 миңден ашуун адам катышты

Бишкекте өткөн "Өлбөс полкко" 30 миңден ашуун адам катышты

Бүгүн Бишкек шаарында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон баатырларды эскерүүгө арналган "Өлбөс полк" аттуу аскердик-патриоттук акция өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жүрүшкө 30 000ден ашык адам катышты. Акциянын катышуучулары согушта курман болгон же тылда эмгектенген туугандарынын, ардагерлердин сүрөттөрүн көтөрүп, Д. Асанов атындагы парктан Жеңиш аянтындагы "Түбөлүк