“Эмел”– 214 метр тереңдиктен чыккан "кыргыз боржомиси". Өндүрүүчү Азирет-Аалы Жакыпов менен маек

“Эмел”– 214 метр тереңдиктен чыккан "кыргыз боржомиси". Өндүрүүчү Азирет-Аалы Жакыпов менен маек

“Эмел” – Жумгалдын Көк-Ой айылынан чыккан табигый минералдык суу. Курамы жана даамы боюнча дүйнөгө таанымал “Боржомиге” окшош. Суу минералдарга бай болгондуктан, ички органдарга жана тамак сиңирүү системасына пайдалуу. 2014-жылдан бери үзгүлтүксүз иштеп, бирок өндүрүштүн көлөмү аз болгондуктан рынокко кеңири таанылбай келген. Быйыл ишкананын жабдуулары жаңылангандан кийин өндүрүштүн көлөмү 2,5-3 эсеге көбөйгөн. Учурда ички рынокту камсыздоо менен бирге, жакынкы жылдары экспортко чыгууга да даярданып жатат. Биз “Эмел” аква ишканасынын сатуу бөлүмүнүн директору Азирет-Аалы Жакыпов менен минералдык суунун өзгөчөлүктөрү, ден соолукка пайдасы, өндүрүштөгү кыйынчылыктар жана келечектеги максаттары тууралуу маек курдук.

- Ишканаңыздар качан, кандайча түптөлгөн? 

- “Эмел” минералдык суу ишканасы ата-энемдин талыкпаган мээнетинин аркасында түптөлгөн. Атам өзү өмүр бою минералдык сууну жакшы көрүп ичкендиктен, бул тармакка болгон кызыгуусу мурда эле күчтүү болчу. Бул булак Жумгалдын Көк-Ой айылынан чыгат. Атам ошол булактын суусун ичип, анын өзгөчө касиетин жана даамын байкап калган. Ушундан улам атамда ал булактан минералдык суу чыгарган ишкана ачуу идеясы жаралган.

Негизи 1978-жылдары эле скважина казылган экен. Кийинчерээк 1990-жылдары башка жеке ишкерлер иштетүүгө аракет кылышып, бирок иштери үзгүлтүккө учурап, ишкана жабылып калган. Атам 2008-жылы процессти кайра жандандырып, бардык уруксат кагаздарын алып, документ иштерин бүтүргөн. Андан соңишкананы кантип иштетип, кантип минералдык суу чыгарса болот деп изилдеп жүрүп, 2013-жылы ишкананыбиринчи жолу сыноо катары иштетип көрдүк. Ноябрь айында бир нече жума иштеп, кайра жабууга туура келди. Толук кандуу өндүрүш 2014-жылы башталды. Ал кезде ишканабыздын кубаттуулугу анча чоң эмес болгондуктан, күнүнө аз гана көлөмдө минералдык суу чыгара алчубуз.

Жаңы өндүрүш болгондуктан, башында эл бизди жакшы тааныбай, суроо-талап дээрлик жок болчу. Ага карабай, акырындан ишти уланта бердик. Убакыттын өтүшү менен элдин ишеними артып, кардарларыбыздын саны өстү. 

- Анан өндүрүштүн көлөмүн кантип чоңойттуңуздар?

- 2019-жылы биз Кытайдан жаңы жабдууларга буюртма берип, ишканабыздын кубаттуулугун күчтөндүргөнбүз. Быйыл Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан жеңил шарттар менен насыя алганбыз. Ага дагы жаңы өндүрүш линияларын орнотуп, өндүрүштүн көлөмүн көбөйттүк. 

Жаңы жабдууларды орноткондон кийин мурдагыга салыштырмалуу 2,5-3 эсеге көп минералдык суу өндүрө баштадык. Бул көлөм күн салкындаганда туура эле болот экен. Ал эми сезон учурунда жетпей калып жатат. Буюрса, алдыда дагы да өндүрүштүн көлөмүн көбөйтөбүз деген пландар бар.

Сууну негизинен 1 литрлик бөтөлкөлөргө куябыз. Мурун 0,5 литрлик бөтөлкөлөрдү да чыгарганбыз, бирок айыл жеринде 1 литрлик сууга суроо-талап жогору болгондуктан, 0,5 литрлик сууну токтотуп койгонбуз. Ал эми суунун литри дүкөндөрдө 45 сомдон сатылат. Бул өз категориясында өтө арзан же кымбат эмес, туура эле баа деп эсептейбиз.

-“Эмел” деген аталыш кайдан келип чыккан жана анын мааниси?

Жумгал өрөөнүнүн алыскы тоолорунда мөңгүлөр тиреп турган Эмел жайлоосу бар. Ошол жайлоодогу мөңгүлөрдөн эриген суу “Эмел” минералдык суусунун башаты болуп саналат. Мөңгүлөрдүн суусу жер алды менен келгенде табигый жол менен минералдашып калат. Ошондуктан, биз да суунун аталышын “Эмел” деп койдук. Бул сөздүн өзү дагы “элге эм болсун, шыпаа болсун” деген маанини камтыйт. Демек, биз чыгарган суу дагы өзүнүн табигый касиети жана пайдалуулугу менен адамдарга саламаттык жана сергектик тартууласын деген жакшы ниет менен ушундай атаганбыз. 

- Минералдык сууну скважинадан алып, бөтөлкөгө куюп сатууга чейинки процессти айтып берсеңиз. 

- Ишканабыз скважинанын жанында жайгашкан. Суу ошол жерден эле бөтөлкөгө куюлат. Бул – абдан маанилүү фактор. Себеби, сууну куюп алып ары-бери ташыганда, курамындагы минералдар түбүнө чөгүп, сапатын жоготуп коет.

Суу 214 метр тереңдиктен, скважинадан атып чыгат. Чыкканда суу 18-20 градуска чейин ысык болот. Алгач, суу атайын чыпкалардан өткөрүлүп, кум-таш өңдүү чоң-чоң элементтерден тазаланат. Бирок, ашыкча чыпкалоо дагы болбойт, себеби суунун курамындагы пайдалуу элементтер дагы тазаланып калышы ыктымал. Тактап айтканда, суунун атайын тазалоо деңгээлинен ашырбай, минералдык курамын сактоо менен чыпкалайбыз. Андан соң сууну атайын муздатуучу жабдуулар менен муздатып, көмүр кычкыл газын кошобуз. Акырында сууну бөтөлкөлөргө куюп, этикетин чаптап, таңгактап, сатууга даярдайбыз. 

Учурда ишканада туруктуу иштеген 13 жумушчу-оператор бар. Негизги жумушту ошолор аткарышат. Кээ бир учурда сырттан жардамчыларды чакырып калабыз.   

-2014-жылдан бери үзгүлтүксүз чыгарылып келе жатса да, эмнеге көпчүлүккө белгилүү боло алган жок?

-Мурда ишканабыздын кубаттуулугу күчтүү болбогону үчүн күнүнө азыраак өлчөмдө эле суу өндүрүлчү жана ал дароо сатылып кетчү. Андыктан, сууну таанытуу жана жарнамага деле анча муктаждык болчу эмес. Ошондон улам көп таанылбай келген. Биз алды менен өндүрүштү көбөйтүп, анан жарнамага көңүл бура баштадык десем туура болот. 

- Азыркы учурда “Эмел” минералдык суусу республиканын бардык аймактарына тарайбы? 

- Ооба, акырындап республиканын бардык аймактарына тарай баштады, бирок бардык соода түйүндөрүнө жетпейт. Негизги кардарларыбыз дүң соода дүкөндөрү. Быйыл Глобус менен Азияга “суубузду текчеңерге коелу, иштешели”, деп кайрылганыбызда: “Өндүрүшүңөр анча таанымал эмес экен, сатылбай туруп калышы мүмкүн”, - деп баш тартышты. Албетте, алардын дагы өздөрүнүн талаптары болот да. Чынында эле бизди эл толук тааный элек.

Быйыл Ош менен Жалал-Абадга дистрибьюторлор биздин сууну сынап көрүү үчүн алып кетишти, бирок азырынча чоң натыйжа боло элек. Албетте, ал үчүн дагы убакыт керек. Азырынча ишканабыз да, өндүрүш көлөмүбүз да, кирешебиз дагы чакан болгондуктан, акырындык менен көбөйтүп келе жатабыз. 

-Кардарларыңар кимдер?

- Орто жана улуу муундагы адамдар дайыма өзүбүздүн өндүрүш деп бизди колдошот. Ошондой эле эмне ичип, эмне жеп жатканын көзөмөлдөп, ден соолугуна жоопкерчилик менен мамиле кылган адамдар дагы биздин суунун туруктуу кардарлары. Ал эми көпчүлүк жаштардын биздин өндүрүштөн анча кабары жок. Базарда ар кайсы өлкөлөрдүн суулары көп болгондуктан, жаштар көбүнчө маани бербей эле сатып алып, иче беришет.Бирок, аларга деле биздин өндүрүштү тааныштырып, курамы жана пайдасы тууралуу айтып бергенден кийин, кадимкидей ойлонуп калышат. Анын үстүнө биздин минералдык суунун даамы жана сапаты абдан жакшы. Мисалы, 10 киши ичсе, 9уна сөзсүз жагат.

-Көпчүлүк эл “Эмелди” Боржомиге окшоштурушат экен...

- “Боржоми” да “Эмел” да хлорид-гидрокарбонаттуу минералдык суу тибине кирет. Ошондон улам кардарларыбыз суунун даамдарын окшоштурушат. Анын үстүнө суунун курамындагы кальций, магний, натрий жана башка элементтердин пайызы да “Боржомиге” жакын.   

Кээ бир минералдык сууларды ичкенде тамакты ачыштырып же кычыштырат го. Ал эми биздин суу аябай жумшак жана газы да тамакты кычыштырбайт. Бул биздин негизги артыкчылыктарыбыздын бири.

Негизи минералдык сууну айнек бөтөлкөлөргө куйса, сапаты жакшы сакталат. Пластик арзаныраак жана башка өзүнүн артыкчылыктары болгондуктан, азырынча пластик бөтөлкөлөргө куюп жатабыз. Келечекте сууну айнек бөтөлкөлөргө куюу максатыбыз бар. Анан дагы баса келгилеп коюучу нерсе, биз колдонгон бардык сырьелорду: бөтөлкө, капкак, газ жана этикеткаларды Кыргызстандын ичинен алабыз. Бул да болсо атамекендик өндүрүшкө болгон биздин колдообуз.  

-Суунун ден соолукка пайдасы тууралуу айта кетсеңиз? 

- Суунун курамындагы минералдар ашказан, боор, өт, табарсык, он эки эли ичеги өңдүү ички органдарга пайдалуу. Ошондой эле тамак сиңирүүнү ылдамдатууга жардам берет. Жерден чыккан бардык эле сууну бөтөлкөгө куюп сата берүүгө болбойт. Ал үчүн атайын уруксат кагаздарын алып, курортологиядан текшерүүдөн өткөрүү керек. Алар сууну текшерип көргөндөн кийин гана “куйсаңар болот” же “болбойт” деген чечим чыгарышат. Бизде “Курамы ушундай жана бул органдарга пайдалуу, куюп сатсаңар болот” деген курортологиянын расмий чечими бар.

Көп адамдар чалып: “Менин боорум ооруйт, өтүм ооруйт. Ичсем жардам бере алабы?” деп сурай беришет. Биз дарыгер болбогондон кийин эч качан “ичсеңер айыгып кетесиңер” деп айта албайбыз. Ошондуктан, “Зыяны жок, ошентсе да дарыгериңерге көрсөтүп, кеңешип көрүңүз”, дейбиз. Кээ бир адамдар минералдык сууну атайын шарт менен ичүү керекпи деп ойлошот. Бирок, андай чектөө жок. Бул сууну ичкенде пайдасы гана болбосо, зыяны тийбейт.

- Өндүрүш процессинде кандай кыйынчылыктарга туш болосуздар?

-Кыйынчылык ар бир эле иште болот да. Өндүрүш тармагында жабдууларды дайыма жаңыртып туруу абдан маанилүү, анткени темир конструкциялар үзгүлтүксүз иштеп тургандыктан тез эле эскирип, иштен чыгып калат. Дайыма механиктер карап, оңдоп-түздөп турушу керек. Азыркы жабдуулардын көбү электрондук башкаруу менен иштейт, программалары туура эмес иштеп калганда атайын адистер зарыл болот. Тилекке каршы, биздин өлкөдө мындай адистер өтө аз. Механикалык иштерди так билгендер да чанда.

Биз минералдык суу чыгаргандыктан, ишкананын бардык түтүктөрү дат баспаган атайын металлдан болушу шарт. Пластик түтүктөр таптакыр жарабайт. Жабдуулардын көп тетиктери Кыргызстанда сатылбайт, ошондуктан чет өлкөдөн буюртма беребиз. Алар келгенче убакыт өтөт, келген соң Нарынга алып барып орнотуп бере турган адистерди издөө дагы бир өзүнчө түйшүк. Ошентсе дагы, ушул тармактын ысык-суугуна чыдап, жылдар бою үзгүлтүксүз иштеп келе жатабыз. 

-Өндүрүш көлөмүн кеңейткенден кийин жарнама иштерине көңүл бура баштадык дебедиңизби. Бул жаатта кандай иштер жүрүп жатат?

-Учурда инстаграм баракчабыз активдүү иштеп, ал эми сайтыбыз даярдалып жатат. Бүгүн заманбап жарнаманын эң натыйжалуу жолу – блогерлер, ырчылар, кино жылдыздары аркылуу таанытуу эмеспи. Биз да ошол багытта иштеп, жакшы жыйынтыктарды көрүп жатабыз. Эмки жылы дагы блогерлер жана белгилүү адамдар менен биргеликте жарнама жүргүзүүнү ниет кылуудабыз. Анткени азыр интернет менен социалдык тармактар эң таасирдүү жана тез жеткирүүчү каражат болуп калбадыбы.

Келечекке кандай пландарыңыз бар жана суусундук түрлөрүн көбөйтүү тууралуу ойлоруңуз барбы?

- Келечекке пландарыбыз көп. Жогоруда айтканымдай, сууну айнек идиштерге куюп, жарым литрлик жана 1,5 литрлик варианттарын чыгарууну да көздөп жатабыз. Буюрса, келерки жылдан тарта эл аралык талаптарга ылайык сертификат алып, анан экспортко чыгуу максатыбыз бар. Сертификациянын талаптары абдан көп болгондуктан, бул иш 1-2 жылга созулушу мүмкүн. Ушуга даярданып, аракет кылып жатабыз.

Чет жактан азыр да кызыгып, сурагандар бар. Учурдагы уруксат кагаздарыбыз менен ЕАЭБдин аймагында соода кылууга мүмкүн. Бирок өндүрүш көлөмү чектелүү болгондуктан, азырынча экспортко чыга албай жатабыз.

“Эмне үчүн бир эле түрдөгү суу чыгарасыңар? Ассортиментти көбөйтпөйсүңөрбү?” – деп көп сурашат. Албетте, биз деле түрлөп чыгарууну каалайбыз, бирок азырынча ушул өндүрүшкө суроо-талап болгондон кийин ушуну элге таанытып алууну көздөп жатабыз. Жаңы түр кошуу деле оңой эмес. Азыр бизде бир гана өндүрүш линиясы бар. Эгер дагы башка суусундук кошобуз десек, ага таптакыр өзүнчө жаңы жабдуу керек болот. Ал жакка инженерлерди чакырып, орнотуп, кайра башка процесс түзүү зарыл. Суу куйганды токтотуп коюп, башка нерсе аралаштыра албайбыз. Анын үстүнө азыркы чыгарган суубуз толугу менен сатылып жатат. Бирок келечекте бул багытта да жакшы пландарыбыз бар. 

-Жаш ишкерлерге кандай кеңеш берет элеңиз?

- Биринчи кезекте аракет кылуудан коркпош керек. Ишкерлик баштоо үчүн идеалдуу шарт күтүүнүн кереги жок, шартты өзүң түзөсүң. Ишкерлик жолунда кыйынчылык, тоскоолдук, чарчоо сөзсүз болот. Бирок, максатыңардан тайбагыла демекмин. Анан дагы тажрыйбалуу бир мугалимдин: “Келечеги кең кесип жок, келечеги кең – кесипкөй бар” деген сөзүнөн аябай таасирленгем. Чынында эле ишке берилип, кайсы иш, кайсы тармак болбосун ошонун майын чыгарып мээнетин жумшаган адам сөзсүз ийгиликке жетет. 

-Маегиңизге чоң рахмат! Ишиңизге ийгилик!

Мындан тышкары окуңуз

К.Ташиев: "5 жылда өлкөгө 300 млрд сомдон ашык мүлк жана акча каражаты кайтарылды"

К.Ташиев: "5 жылда өлкөгө 300 млрд сомдон ашык мүлк жана акча каражаты кайтарылды"

Соңку беш жылдын ичинде коррупциялык элементтерге каршы күрөшүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 300 млрд сомдон ашык мүлк жана акча каражаты кайтарылганын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "Регион ТВ" телеканалына берген маегинде билдирди. Анын айтымында, 30 миң гектардан ашык жер жана 1 миңге жакын ишкана мамлекеттин менчигине кайра кайтарылган. “Эмне үчүн Кыргызстанда

Мамлекеттик бажы кызматы кореянын KOICA жана CUPIA агенттиктери менен кызматташат

Мамлекеттик бажы кызматы кореянын KOICA жана CUPIA агенттиктери менен кызматташат

КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратында МБКнын Төрагасы А.А. Салиевдин жетекчилиги астында KOICA жана CUPIA агенттигинин делегациясы менен бажы иши чөйрөсүндө актуалдуу маселелерди жана өнүктүрүү преспективаларын талкуулоо боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү.  Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашты. Бул иш-чаранын максаты - Кыргыз бажысынын институционалдык дараметин модернизациялоо

Кытайдан келген цемент ташуучу унааларда товарларды жашыруу фактысы аныктады

Кытайдан келген цемент ташуучу унааларда товарларды жашыруу фактысы аныктады

Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы тарабынан бажы мыйзам бузууларын алдын алууга жана болтурбоого багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө Кытай Эл Республикасынан «Ц.С» ЖЧКсынын дарегине бара жаткан чиркегичтүү алты унаа (цемент ташуучу унаалар) кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, «Дордой»

Бишкекте шаардыктарга суткасына 20 миң куб метр суу берилет

Бишкекте шаардыктарга суткасына 20 миң куб метр суу берилет

Бишкек шаарында саатына 8 500 куб метр, суткасына 19–20 миң куб метр суу Орто-Алыш суу алуучу түйүнүнөн элге берилип турарын "Бишкекводоканал" муниципалдык ишканасынын суу менен камсыздоо кызматынын жетекчиси Кеңешбек Акматов бүгүн радио эфирде билдирди. Суу үнөмсүз колдонулгандыктан, жер алдындагы суунун деңгээли кадимкидегиден 100 метрге төмөндөп кеткен. Мурда