Эттен тоюмдуу, соядан пайдалуу: Таластык ишкер төө буурчактан көчмөндөр үчүн уникалдуу протеин жаратууда

Эттен тоюмдуу, соядан пайдалуу: Таластык ишкер төө буурчактан көчмөндөр үчүн уникалдуу протеин жаратууда

Таластык ишкер Русланбек Кенжалиев «көчмөндөрдүн азыгы» деп аталган төө буурчактан жасалган өзгөчө протеинди иштеп чыкан. Ишкер этке караганда тоюмдуу, чет өлкөлүк аналогдордон пайдалуу азыкты кантип даярдагандыгы тууралуу ийгилигинин сыры менен Economist.kg маалымат булагына бөлүшкөн. Ишкер берген кызыктуу маекти кыргыз тилинде толугу менен окуп чыгууну сунуштайбыз.

—Өзүңүз тууралуу кыскача айтып берсеңиз?
Аты жөнүм - Русланбек Кенжалиев. Азыр биз төө буурчакты кайра иштетүү менен алектенип жатабыз. Буга чейин соода тармагында кийим-кече алып базардан аны кайра сатып иштеген чакан бизнесим бар болчу.

— Төө буурчактан азык жасоо идеясы кандайча жаралып калды?
Баары 2007-жылы башталган. JICAнын «Бир айыл — бир продукт» долбоорунун алкагында Таласка жапон адистери келип, окутуу өткөрүшкөн. Алгач төө буурчак пастасын жасоону үйрөндүк. Сактоо мөөнөтүн сегиз айга узартуу үчүн кант кошчубуз. Бирок кант ден соолукка зыяндуу болгондуктан аны кошпой, таза буурчактан продукт жасоонун жолун издей баштадык. Тынымсыз изденип, иштеп жатып, тогуз жылдык тажрыйбанын негизинде азыркы жыйынтыкка жетиштик.

—Демек, бул азыкты төө буурчактан жасалган протеин десек болот тура?
Ооба, ошондой десек болот. Бул экологиялык таза, толук кандуу азык. Аны кадимки тамак катары колдонсо болот: эртең менен ачкарын сууга аралаштырып ичсеңиз, энергия берет жана ден соолукту колдойт. Балдардан тартып, улгайган кишилерге чейин баарына пайдалуу.

—Бул азыкты иштеп чыгуу процесси кандайча ишке ашырылат?
— Даяр азыкты алыш үчүн бизде беш күн убакыт кетет: 10 кг буурчакты кайра иштетүүгө орто эсеп менен ушунча убакыт талап кылынат экен. Алгач биз чийки затты сорттоп, жууп, сууга салабыз. Сууга салуу учурунда сууну ар эки саат сайын алмаштырып турабыз. Андан кийин буурчакты кайнатабыз.

Биздин байкообузча, дал ушул этаптарда адамга зыяндуу болушу мүмкүн болгон заттар чыгып кетет. Андан соң буурчакты кайра кургатып, майдалап, электен өткөрүп, анан гана таңгактайбыз.

Азыр айына 1,5 тонна азык өндүрүп жатабыз. Өндүрүш толугу менен кол эмгегине негизделген. Азыр бизде алты адам иштеп жатат. Өндүрүштүн бул көлөмү жетишсиз, анткени суроо-талап жогору болууда.

— Химиялык кошулмалар маселеси тууралуу айтып жүрдүңүз эле. Бул иштин татаал жагы ушундабы?
— Ооба, башында бул эң татаал маселе болду. Дыйкандар түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн аммофос, селитра жана башка жер семирткичтерди колдонушат. Ушундан улам лабораториялык тестирлөөдөн узак убакытка чейин өтө албай жүрдүк.

Алты жыл бою лаборатория менен иштедим: продукт жасап, анализге тапшырам — өтпөйт. Бирин оңдосом, экинчиси чыгат. Акыры алты жыл дегенде химикаттарды толук чыгарып салган, коопсуз жана элге пайдалуу азыкты иштеп чыктык.

— Чийки затты кайдан аласыздар? Таластагы төө буурчактын абалы азыр кандай?  
— Чийки заттын бир бөлүгүн өзүбүз өстүрөбүз, бир бөлүгүн жергиликтүү дыйкандардан сатып алабыз. Ай сайын 1,5 тонна даяр азыкты алыш үчүн болжол менен 3 тонна 800 кг төө буурчак керектелет.

Быйыл Таласта төө буурчак менен абал татаал. Төө буурчак сыртка дээрлик сатылган жок, ошондуктан анын баасы 80–85 сомго чейин түштү. Былтыр 150–160 сом болчу, мурда 220 сомго чейин жеткен.

Ушул себептен улам айыл чарба министри Бакыт Торобаев Таласка келген, жардам беребиз деген. Президент Садыр Жапаров дагы завод курууга колдоо көрсөтө тургандыгын билдирген.

Биз да дыйкандарды колдоого аракет кылабыз: базар баасы 120–130 сом болуп жатканда 150 сомдон сатып алып жатабыз. Былтыр 200 сомдон алып жаттык.

—Өндүрүштү кеңейтүү планыңыз барбы? Кандай тоскоолдуктар болуп жатат?
— Ооба, кеңейүүнү пландап жатабыз. ХACCП стандартына жооп берген цех курууну каалайбыз. Аны куруп алсак, Европа жана АКШга экспорттоого жол ачылат эле.

Негизги көйгөй — күрөөдө. Мини-цех куруу үчүн бизнес-долбоор даярдадык, анын болжолдуу наркы 150 миң $. Мамлекет 4–6% менен жеңилдетилген кредит берүүгө даяр, бирок кредит суммасынан эки эсе көп — 300 миң $ күрөөнү талап кылып жатат.

Биз Таластын гебернаторуна, Айыл-чарба депортаментине кайрылганбыз, Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев менен жолугушканбыз. Биздин сунушту жеткиргилечи деп суранганбыз: 150 миң $ берсе, цех куруп, ошол объекттин өзүн күрөө катары алса болот эле.

Эгер менде 300 миң $ мүлкүм бар болсо, ошону эчак сатып, кредити жок эле, цехти өзүм куруп алмакмын. Мына ушул биздин иштеги тоскоолдук болуп жатат азыр.

— Цех курулса, өндүрүш канчага өсүшү мүмкүн?
— Жаңы цех жумасына 5 тоннага чейин, айына 20 тоннадай даяр азык чыгарууга мүмкүндүк берет. Биздин жабдуулар уникалдуу, анын аналогу дүйнөдө жок, ошондуктан биз техникага буйрутма берип, өзүбүзгө ылайыкташтырып жасап алып жатабыз.

Мындан кийинки кубаттуулукту жогорулатуу линияны толук модернизациялоону талап кылбайт. Көлөмдү көбөйтүш үчүн болгону кургатуучу тетиктерди сатып алсак жетиштүү: бир кургаткыч болжол менен 10-12 миң $ турат жана айына орто эсеп менен 5 тонна кошумча өсүш берет. Калган жабдуулар өндүрүштү масштабдоого жетиштүү эле.

—Бул азыкты өзүңүз кандай колдоносуз?
— Биз үй-бүлөбүз менен аны күн сайын колдонобуз. Кичинекей кызым 1 жаш 2 айда - ага ботко катары даярдап беребиз. Жубайым туура тамактанууну карманат жана смузи жасайт: кулпунай, бананды майдалап, биздин азыкты кошот. Балдар какао менен жасалганды жактырышат — шоколад даамданып калат. Биздин азыкты айранга, сүткө, балга же жөн эле сууга деле кошуп колдонсо болот. Мен аны кээде шорпого деле салып ичем- даамы өзгөрбөйт. Эң башкысы адамды тажатпайт.

—Сиздин негизги кардарларыңыз кимдер?

— Биринчи кезекте - кант диабети менен ооругандар жана спортчулар. Азыр диабет менен жабыркагандар көп, бирок алардын дары-дармеги, инсулин кымбат турат. Биздин бир таңгак 400 сом, ал болжол менен 10 күнгө жетет, бир күнгө 40 сом айланат. Бир коктейль эртең мененки же түшкү тамакты алмаштырып, 4–5 саатка чейин адамды ток кармайт.

Төө буурчак канттын деңгээлин төмөндөтүп, боордун иштешин колдойт, канды тазалайт жана майды эритет. Дарыгерлер кандагы гемоглабиндин деңгээлин да жогорулатат деп, билдирип жатышат.

— Сиз мамлекеттик мекемелер менен кызматташуу тууралуу сөз кылды элеңиз, тагыраак айта кетсеңиз?

— Ооба, биз Беловодск жана Сокулуктагы реабилитациялык борборлор менен иштешип жатабыз. Дарыгерлер төшөктө жатып калган балдарга биздин азыкты берүүнү туура табышкан. Натыйжасы абдан жакшы: балдар тамакты аш кылып, торолуп, атүгүл жатып калгандар олтура баштаптыр.

Мындан сырткары, биз Коргоо министрлигинде презентация өткөргөнбүз. Ага генералдар да катышкан. Бул аскерлер үчүн идеалдуу азык экенин айтып бердик. Биз кыргыздар көчмөн калкбыз. Биздин ата-бабалар кургаган этти майдалап жолго аттанышкан, аны сууга чылап ичишкен.

Биздин төө буурчактар килокаллориясы боюнча этке караганда энергиясы көп болгону менен жеңил сиңет. Жоокер майлуу эт жеп алган кезде уйкусу келип, шалдырайт, болгон энегиясы тамакты сиңирүүгө кетет. Ал эми төө буурчак болсо таза энергия тартуулайт. Аны колдонгон адам өзүн сергек сезет. Натыйжада Коргоо министрлигинин кызыгуусу жаралды. Алдын ала аскерге ай сайын 15 тонна жеткирип туруу макулдашылды. Ошондой эле УКМК, ИИМ жана ӨКМга да тапшырылат. Ошондуктан министрлик продуктка кызыгып, айына 15 тонна жеткирүү боюнча алдын ала макулдашылды.

— Силердин азык соя же буурчактан жасалган порошоктордон эмнеси менен айырмаланат?

— Соя же буурчактан жасалган порошоктордо килокаллориялар, белок, кальций жана клетчаткалар жокко эсе. Ал эми биздин азыктын курамында тескерисинче, белок, клетчатка жана В тобундагы витаминдер - В1ден В12ге чейин көп. Жөн жерден төө буурчакты көп өлкөлөр эттин ордуна колдонуп жатышкан жок чыгаар. Кимде ким туура тамактанууну карманса, курамында белок жана клетчаткалар жогору болгондуктан биздин азыкты тандашат.  

—Силердин продукцияны кайдан тапса болот?
— Биз буйрутманы интернет аркылуу жөнөтөбүз, ошондой эле дүкөндөрдө сатабыз. Бишкекте «Кыргыз органик», «Айыл азыгы» эко-дүкөндөрүндө, Таласта «Алтын Казык» жана «Оптовка» супермаркеттеринде сатылып жатат. Суроо-талап жогору: Москвага жана Казакстанга жеткирүүлөр болду. Бирок толук кандуу экспортко чыгыш үчүн бизге цех салып, эл аралык сертификат алуу талап кылынып жатат.

Мындан тышкары окуңуз

УКМК: Коррупцияга каршы күрөштөн 352 млрд сом кайтарылды

УКМК: Коррупцияга каршы күрөштөн 352 млрд сом кайтарылды

Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин штаб-квартирасында 2025-жылдагы оперативдик жана кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгарууга арналган коллегиялык жыйын өттү. Ага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев катышты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Жыйында улуттук коопсуздук органдары мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш багытында

ЖК мектептерди куруу үчүн 50 млн долларлык кредитти жактырды

ЖК мектептерди куруу үчүн 50 млн долларлык кредитти жактырды

Жогорку Кеңештин депутаттары 29-январдагы жыйында Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Мамлекеттик мектептерди куруу" фаза-2" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну үчүнчү окууда кабыл алышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Долбоордун алкагында 187,5 млн сауд риалы же 50 млн АКШ долларына барабар кредит тартылат.

Астанада Кыргызстандын элчилиги үчүн жер тилкеси бөлүнөт

Астанада Кыргызстандын элчилиги үчүн жер тилкеси бөлүнөт

Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда элчиликтер үчүн имараттарды жана жер тилкелерин өз ара акысыз пайдаланууга берүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда жактырды. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттиги Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиевге шилтеме берүү менен жазды. Мыйзам долбоору эки өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн муктаждыктарын камсыз кылуу

Бишкектеги жеке мектепте коопсуздук жана санитардык талаптар бузулганы аныкталды

Бишкектеги жеке мектепте коопсуздук жана санитардык талаптар бузулганы аныкталды

Кечээ шаар тургундарынын кайрылуусунун негизинде Бишкек шаарындагы "Креатив Таалим" жеке мектебинде жеринде текшерүү жүргүзүлдү. Иш-чарага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева катышты. Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүү учурунда мектеп аймагында коопсуздук талаптарынын олуттуу бузулуулары аныкталды. Атап айтканда, жогорку кооптуу жылуулук берүүчү жай эркин кирүүгө ачык болуп, ачык чуңкурлар катталган. Мектепке чектеш