Сезондук мигранттан — агро ишкердикке: Кубаныч Тагаев келечектин фермасын кантип ачты

Сезондук мигранттан — агро ишкердикке: Кубаныч Тагаев келечектин фермасын кантип ачты

Бүгүн “Ишкер медиа” “Борбор Азиядан Улуу Британияга сезон маалында иштеген жумушчулардын коопсуз миграциясы” долбоорунун катышуучулары жөнүндө макалалардын топтомунун биринчи материалын жарыялайт. Бул макалада эмгек миграциясындагы кыйынчылыкты жеңип гана тим болбостон, ошону менен бирге ишкердиктин комплекстүү негиздери тууралуу окуудан өтүп, андан кийин демилгенин колдоосу менен “1+1” каржылоосунун натыйжасында өз ишин ачууга жетишкен биздин мекендештер тууралуу сөз болот.

Биздин биринчи каарманыбыз – Чүй облусунун тургуну Кубаныч Тагаев. Ал айланма экономиканын принцибине таянып, тоокторго жана балыктарга жогору протеиндүү тоют өндүрүүнү өздөштүргөн. Тагыраак айтканда, ишканадагы ресурстар өндүрүш процессинде мүмкүн болушунча узак колдонулуп, чыгымдар азайып, жаңы циклдер үчүн чийки зат катары калдыктар пайдаланылат.

Кубаныч мырза Бишкектин жанындагы Селекционное айылында жашайт. Анын дыйкан чарбасынын негизги компоненти курт чымындын личинкаларынан турат. Бир жагынан, бул жандык жегенге боло турган заттардын кеңири түрүн (анын ичинде тамак-аш өндүрүшүнүн калдыктарын жана тооктун кыгын) жей берет. Ал эми башка жактан караганда, алар жашоого туруктуу келип, белокко өтө бай болушат.

 Мындан сырткары ишкер жумуртка тууй турган тоокторду кармайт, алар күнүнө пайдалуу кошумча азык катары 10–20 гр личинка жешет. Личинкалар тооктордун жумурткалоосун жакшыртып, канаттуулардын тамагынан антибиотиктерди толук алып салууга мүмкүндүк берет. Тооктон кык бөлүнүп чыгат, личинканы чымындар тууйт, иш жүзүндө кайра иштетилип өз жакындарын жешет. Бул процесс тынымсыз уланып турат. Жыйынтыгында чарба ээси зоогумус, жогорку протеиндүү тоют жана жумуртка сыяктуу бир нече түрдөгү продукцияны алат.

Селекциядан чыккан бул фермер долбоору бир жылга жетпеген убакыттын ичинде эле акталганын билдирди. Мындай ийгиликке кантип жетип, ага кимдер жардам бергенин Кубаныч Тагаев “Ишкер медиа” редакциясы менен бөлүштү.

— Кубаныч мырза, тоют даярдоо бизнесин баштоо идеясы кантип пайда болду? Бул келечектүү рынок экенин ошол заматта эле түшүндүңүзбү?

— Жок, буга мен көптөн кийин келдим. Буга чейин мен көп жыл бою экология багытында иштегем. Ар түрдүүлүктү жана жайыттарды калыбына келтирүү боюнча иш алып барчубуз. Ошо кезде мен малчылардын, дыйкандардын көйгөйлөрүн көп байкап жүрдүм. Алар малын багып, бирок сапаттуу тоют беришчү эмес. Мисалы: 1 малды чоңойтуш үчүн 6-8 ай багышчу. Бирок жакшы  тоют болсо, малды 3 айда эле чоңойтсо болот. COVID башталып, келишимдеримдин мөөнөтү бүткөндөн кийин мен өзүмдү бизнесте сынап көрүүнү чечтим. Базардан орун алып, атайын кампа ачтым. Ага тоюттун 60 түрүн таап келдим. Анын арасында соя, семичкенин жмыхы жана башка түрлөрү бар эле. Дүңүнөн саткан базарда тоюттун бардык түрүн бир жерге чогултканга аракет кылдым. Анан ошол жактан сапаттуу тоют чыгарганга багыт алдым. Себеби, баштапкы идеям өзүбүздө өндүрүлгөн жогорку сапаттагы тоют өндүрүү болчу.

— Эмне үчүн сиз дал ушул жогору протеиндүү тоютту өндүрүүнү тандап алдыңыз?

— Себеби, протеин ар бир организмдин өзөгүн түзөт. Ал адамга да, жаныбарлар жана канаттууларга да булчуң массасын түзүү жана өстүрүү үчүн абдан маанилүү. Мен протеиндин түрлөрүн көпкө чейин изилдеп жүрдүм. Биздин рынокто аларга болгон суроо талапты, кандай сунуштар бар экенин байкап жүрдүм. Кыргызстанга  протеиндүү тоют импорт менен келет жана өзүбүздө өндүрүлбөйт. Ошондуктан мен ушул багытта ишти баштадым.

— Бул өндүрүштү баштоодо эң чоң кыйынчылык эмнеде болду?

— Жаңычылыкта. Бул өзү биотехнология, жөн гана салттуу өндүрүш эмес, ага илимий мамиле кылуу керек. Курт чымыны көп изилдөөнү талап кылгандыктан, мен анын жашоо чөйрөсүн, шартын, температуралык режимдерин жана тамактануусун изилдеп чыктым.

Мен илимий эмгектерди, анын ичинде “черная львинка” аттуу курт чымындардын личинкаларын багууну кеңири баяндаган индонезиялык изилдөөлөр менен да таанышып чыктым. Ошонун негизинде мен чакан долбоор даярдагам. 2024-жылы долбоорум Эл аралык миграция (ЭМУ) боюнча уюмдун “1+1” программасынын алкагында колдоого алынды. Анын жыйынтыгында мен жогору протеиндүү тоют кошулмаларын өндүрүү үчүн 300 миң сом грант алдым.

— Сиз эмне иш жасап жатканыңызды билгенде, адамдар кандай кабыл алышат?

— Көптөр үчүн бул жаңылык. Мурда адамдар мындайды угушкан эмес. Аларга айтып, көрсөткөндө алгач ишенишпейт жана түшүнүшпөйт.  Бирок экинчи жолу кайтып келип, натыйжасын көргөндө гана өз ой-пикирлерин өзгөртүшөт. Мунун татаалдыгы анын жаңы ыкма болгондугунда. Азия жана Африка өлкөлөрүндө тоют үчүн курттарды багып өстүрүү кеңири жайылган практика. Биздин климат башкача, ошондуктан акклиматизациялоо оңойго турбайт.

— Программага катышуу сиздин ой жүгүртүүңүзгө кандай таасир этти? Өз бизнесиңизге кеңири көз карашта карап калдыңызбы?

— Ооба, абдан таасирин тийгизди. 2024-жылы Англияга барып иштеп келгенден кийин эле ЭМУнун “1+1” деген гранттык программасы жарыяланып калды. Мен ошого катышып, аябай чоң билим алдым, айрыкча бизнес жагында көзүм ачылды. Себеби бизнесте көп деле тажрыйбам жок болчу. Өзүм кесибим боюнча экологмун. Ошол жактан маркетинг деген эмне экенин, акчаны тартып келүүнүн, товарды таанытуунун жолдорун, салык төлөмдөрүн, бизнес-план жазууну ж.б. көп нерселерди үйрөндүм. Эки жуманын ичинде бизнес боюнча көптү билип калдым.

— Сиз ишкердиктен түшкөн кирешени өндүрүштү кеңейтүү үчүн колдоносузбу?

— Албетте. Мен дайыма кайрадан бизнеске инвестиция салып турам. Гранттык программанын алкагында мага каржылык колдоо көрсөтүлүп, ушул бизнести ачууга, атайын гранулятор жана майдалагыч сатып алууга колдоо көрсөтүлдү. Алган 300 миң сом каражат мына ушуга кетти. Андан кийин акырындык менен тоютту аз өлчөмдө болсо да чакан фермаларга өндүрүүгө жана жеткирүүгө мүмкүндүк бере турган толук кандуу системаны түптөп чыктык.

— Азыр сиздин бизнесиңиздин жергиликтүү жамаат менен канчалык деңгээлде байланышы бар?

— Азырынча бул үй-бүлөлүк бизнес. Ушул чакан ферманы биз балдарым, жубайым менен эле иштетип жатабыз. Мен үйдө болбогондо, ишти балдарым жүргүзө беришет. Ортодо милдетти бөлүштүрүп алганбыз. Бирок, бизнес кеңейе турган болсо, жумуш орундарын түзүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт деп ойлойм.

— Эгерде сиз Улуу Британияга иштөөгө барбасаңыз жана бул программага катышпасаңыз, бул бизнести ача алат белеңиз?

— Менимче, алдыга жылыш үчүн түрткү керек болот. Буга чейин көп ойлончумун, бирок алдыга жыла албай жүргөм. Ал эми Европада бизнес кандай уюштурулганын, кандай системага салынганын, ресурстарды кантип башкарганын өз көзүм менен көргөндө, бул менин ой жүгүртүүмө чоң таасирин тийгизди. Чет жакта канчалык кыйналып иштедик, баарын көрдүк. Миграцияда жүргөн оңой эмес экен. Ошонун баарын баштан өткөргөндөн кийин гана өз жериңде бизнес кылсаң, канча киреше алып келээрин түшүндүм.

Кубаныч Тагаевдин баянынан “Борбор Азиядан Улуу Британияга сезон маалында иштеген жумушчулардын коопсуз миграциясы” долбоорунун  катышуучулары өздөрүн жана үй-бүлөсүн туруктуу киреше менен камсыз кылгандан тышкары, илим, экология жана бизнестин кесилишинде турган чыныгы алдыңкы чечимдер менен иштөөгө да шарт түзүлгөнүн белгилей кетүү маанилүү.

💡
Мындай ийгиликтүү бизнес кейстер аймактарда заманбап ишкердик менен алектенүү өтө көп кырдуу, ойлонулган жана технологиялык мүнөзгө ээ боло алаарын көрсөтөт. Эгерде ишкананын ээси ой-тилегин келечекке багыттаса – жашоо үчүн аракеттенип баштаган эмгеги акырындык менен өнүгүүнүн, билимдин жана кесиптик жетишкендиктин булагына айланат.

Бул материал Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча өкмөтүнүн каржылык колдоосунун негизинде даярдалды. Макалада айтылган ой-пикирлер сөзсүз түрдө эле Улуу Британиянын өкмөтүнүн расмий көз карашын чагылдырбайт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым көчөлөрүнө жөө адамдар башкара турган жол чырактар орнотулат

Бишкектин айрым көчөлөрүнө жөө адамдар башкара турган жол чырактар орнотулат

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рамина Идырова 5-февралда борбор калаадагы кооптуу аймактарга жөө жүргүнчүлөр үчүн светофорлорду орнотуу маселесин көтөрдү. Экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча комиссиянын жыйынында депутат сатып алынуучу светофорлордун саны, сметанын бар-жогу жана алар орнотулуучу жерлер тууралуу сурап, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Транспорт жана жол-транспорттук

Былтыр жер казынасын пайдалануу активдери 1,6 млн долларга сатылган

Былтыр жер казынасын пайдалануу активдери 1,6 млн долларга сатылган

2025-жылдан бери жер казынасын пайдалануу укугуна 26 аукцион өткөрүлүп, алардын жыйынтыгында активдер болжол менен 1,6 млн долларга сатылганын "B5+1" форматындагы эки күндүк бизнес-форумдун алкагында өткөн бизнес- жолугушууда Эл аралык ишкерлер кеңеши билдирди. Кеңештин маалыматына ылайык, 2025-жылдын сентябрь айына карата жер казынасын пайдаланууга 2005 лицензия берилген. Анын

Каржы министрлиги Дүйнөлүк банк менен экология жана ишкерликти колдоону талкуулады

Каржы министрлиги Дүйнөлүк банк менен экология жана ишкерликти колдоону талкуулады

Финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен биргелешкен долбоорлордун аткарылышы боюнча жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушууда өлкөнүн социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүсүнө багытталган демилгелердин учурдагы абалы талкууланды. Негизги көңүл "Кыргыз Республикасында абанын сапатын жакшыртуу" жана "Микро-, чакан жана орто ишканалар үчүн туруктуу финансы

Б.Төрөбаев Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинде суу жана климат маселелерин көтөрдү

Б.Төрөбаев Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинде суу жана климат маселелерин көтөрдү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Дубай шаарында өткөн Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Саммиттин алкагында өткөн министрлердин тегерек столунда сүйлөгөн сөзүндө Бакыт Төрөбаев дүйнө жүзү климаттык, суу, азык-түлүк жана социалдык кризистердин бири-бири менен байланышкан татаал айкалышына туш болуп жатканын белгиледи.