Мал багып, уй саап жүрүп, таластык ишкер айым кантип алтын балык кармап алды?
Тоодогу малчылыкты түп-тамырынан бери алмаштырып, чакан ишкердикке аралашып, азыр “алтын балык” кармап олтурган Таластык ишкер айым Сайрагүлдү жергиликтүү калктын көбү тааныйт. Албетте макала жомоктогу алтын балык эмес, кадимки балык чарба “Алтын балык” тууралуу болуп жатат. “Ишкер медиа” Талас районунун тургуну, 4 баланын энеси Сайрагул Шабданова менен баарлашып, малчылыкка байланышкан ишти балык чарба менен алмаштыруу себептери, кыйынчылыктары жана жетишкендиктери тууралуу кызыктуу суроолорго жооп алды.
Сайрагул эже, алгач өзүңүз тууралуу тааныштырып өтсөңүз. Балык чарбасын ачканга чейин эмне менен алек болуп келдиңер эле?
Аты жөнүм - Сайрагул Шабданова. Талас районунун Көк-Ой айылында, малчынын үй-бүлөөсүндө төрөлгөм. 1 уул 3 кыздын энесимин. Орто билимдүүмүн. Союз тараганда эл катары соода кылдык, төө буурчак эгип, мал багуу менен алектендик. Айрыкча бодо мал кармап, 20 жакын уйду саап, күнүнө 150-200 литр чейин сүт тапшырып, ошолордун торпогун багып, малчылык менен алектенип жүрдүк.
Балык чарбасы менен алектенүү идеясы эмнеден улам жаралып калды? Кимдин идеясы жана кантип ишке ашты?
Балык багуу идеясы мага таандык. Сарайда мал менен олтура берип, ден-соолуктан бир аз кыйнала баштадык. Анын үстүнө дайыма эле - жылкылар жок, уй сааш керек ж.б түгөнбөгөн түйшүк түйшөлтүп жүргөн.
2019-жылы Токмокто туугандарыбыз балык бакчы, ошолорго конокко барып калдым эле, алар “балык баксаңар жакшы экен” - деп калышты. Алардын балык бакканын көрүп, менде дароо кызыгуу пайда болду. Анан үйгө келип эле жолдошума сунуштадым. Бирок, жолдошум такыр көнбөй койду. Себеби, канча жылдан бери эмгектенип чогулткан бир топ малы бар эле. Аларды саткысы келбей, мени жаман көрүп, “балык дагы мал бекен?”- деп такыр көнбөй койду. Аны менен талашып-тартышып жатып, акырында макул болду.
Ошентип, 2019-жылы октябрь айында малдын басымдуу бөлүгүн сатып, Токмок жакка көчүп кеттик. Ошол жактан 23 грдан - 26 миң балык чабагын сатып алдык. Ал жактагы туугандарыбыздын токой чарбасында 1 жыл бою балыгыбызды багып, чоңойттук, андан жакшы киреше таптык. Анан 2020-жылдын күзүндө кайра Таласка көчүп келип, ушул жерден “Алтын балык” деген аталыштагы балык чарбасын ачып алдык.



Сүрөт Сайрагүл Шабданованын архивинен
Бул ишти баштоодо кандай кыйынчылыктарга дуушар болдуңуздар? Ишти өздөштүрүүгө кимдер жардам беришти?
2020-жылы бул жерди толугу менен балыктарга ылайыкташтырганга көп убакыт жана жумуш талап кылынды. Чоң каналдын ичин - темир, таш, кум-топурак менен толтуруп, ар бир балыктын курагына жараша бөлүкчөлөрдү курганга өзүбүздүн бир туугандар жардам беришти. Мамлекеттен же банктардан каржы албастан өзүбүздүн короодогу малыбыз жана Токмоктон иштеп тапкан акча менен ушул жерди куруп алдык.
Башында кыйынчылык көп болду. Кышкы суукта курулуш иштерин жасап, муздак жерде жашап жаттык. Балыктар чоңоюп 1 кгдан ашканда бул жактан сатыкка кое турган жер таппадык. Анан суунун жээгине 1-2 боз үй тигип, балыкты бышырып сата баштадык. Биз Таласта биринчи ачылган балык болгондуктан, элдер бир-бирине кабарлап, биздин балыкка келе башташты. Биз эшикте кемеге коюп, ошого 1-2 кгдан балык жасап сатчык. Кийин балыкка келген элдин саны көбөйүп олтуруп, 5-6 жылда биз бир топ өсүштөргө жетиштик.
Балык чарбасы мал чарбасынан кыйла айырмаланат, анын өзгөчөлүгүн кантип өздөштүрүп алдыңыздар?
Негизи бир ишти баштаганда тажрыйба жана каалоо керек экен. Токмоктон алган тажрыйбабыз менен баарын өздөштүрүп кеттик. Албетте кыйынчылык бар. Эртең менен эрте туруп сууларын караш керек, тазалаш керек. Өздөрүнөн чыккан зыяндуу заңдарын жууш үчүн сууну агызып, убакыт сааты менен жемин берип туруш керек. Мисалы чабак убагында булар 5-6 маал жем жешет. Албетте булар сууда жаткандыктан, уй же жылкы кайтаргандай болбойсуң. Бирок булардын да душмандары бар. Суудагы норкалар, куштар буларга аңчылык кылышат. Ошолордун баарынан коргоп туруш керек.
Балык өзү аябай назик болот. Бөтөн жактан чабактарды сатып келип, алар жаңы жерди өздөштүргөнчө, организми көнүп, жашап кеткенче да бир топ убакыт талап кылынат. Суунун температурасы менен балыктардын жашап кетүү жөндөмү дал келиши зарыл. Ошондуктан суунун температурасын текшерип турабыз. Кайсы убакта сууну көбөйтүп же азайтыш керектигин байкап олтурабыз. Аба ырайы да буларга таасир этет. Өтө суукта же ысыкта булар жемди жакшы жебей калышат, табити айнып, булардын өсүшүнө зыянын тийгизет.
Бул балыктар табигый жол менен көбөйөбү же сырттан алып келесиздерби?
Бизге балыктар чабак убагында, Бишкектен алынып келинет. Анан бул жактан өзүбүз багып өстүрөбүз. Бирок, булар өздөрү менен өздөрү табигый түрдө көбөйбөйт. Буларды кайра тукумун көбөйтпөй тургандай кылып бизге сатышат окшойт. Айтор балыктын икрасынан малектор пайда болбойт. Биз дайыма буларды чоңойтуп сатып, алардын ордуна башка чабактарды алып келип кое беребиз.
Азыр канча балыктын түрүн багасыздар? Эмне үчүн дал ушул балыктын түрүн тандап алдыңыздар эле?
Биз азыр форель балыгын багабыз. Алар “радужный” жана “янтарный” деп, экиге бөлүнөт. Өңдөрү кара, боорунда кызыл сызыктары болгондуктан радужный, ал эми янтарный деп сары балыкты атап коюшат. Форелди тандап алган себебибиз, илгери аны падышалар гана жеп, жөнөкөй калкка жеткиликтүү болбоптур. Ошондуктан буларды “королевский” деп атап коюшат экен. Андыктан баарына жеткиликтүү болсун деп, тандап алганбыз. Анын сөөгү аз, жапайы балыктар сыяктуу майда кылканы жок, ортосунда эле чоң кылканы болот, таптаза жана жегиликтүү. Аны кичинекей баладан баштап улгайган кишилерге чейин сүйүп жешет.
Сиздер балыктарды дарылап турасыздарбы?
Балыктар ооруса массалык турдө ооруп калышат. Ошондуктан биз буларды оорутпагандын аракетин көрүп, алдын ала эле дезинфекция жасайбыз. Колдон келишинче ички органы оорубаш үчүн бир жылда 2-3 жолу жемге кошуп витамин берип турабыз. Балыктардын сырткы териси да дартка чалдыкпашы үчүн кадимки эле тузду тонналап алып келип, ошону менен сууну тазалайбыз. Негизи Таласта балыктар аз болгондуктан, жугуштуу оорулар деле жок.
Видео Сайрагул Шабданованын архивинен
Балыктын тоютун кайдан аласыздар, алар эмне менен азыктанышат?
Форелдин тоюту негизи жогору протеинге жана майга бай, аш болумдуу болушу шарт. Негизи жемди бизге чет өлкөдөн ташып келген жеткирип берүүчүлөр сатышат. Биздин жем Данияда өндүрүлгөн “Aller”, “Veronesi” деген, сапаттуу жем. Аны жегенде балыктар оорубай, жакшы чоңоюшуна басым жасап кымбатына карабай сатып алабыз. Бул жем лабороториядан текшерүүдөн өтүп келген эң жакшы жем. Анын жегенде балыкка да, балыкты жеген кишиге да зыян болбостугу аныкталган. Кыргызстанда дагы завод ачылып, өзүбүздүн жем чыгып жатат дешти, бирок азырынча аны алып көрө элекбиз.
Талас областында балык чарбасы менен алектенгендер көбөйүптүр, атаандаштыкка кантип туруштук берип жатасыздар?
Алгач биз иштеп баштаган кезде атаандаштык деген жок эле. Таласка келип, алгачкы ачылган балык чарба биздики болчу. Бизден кийин көптөр балык менен иштей башташты, арасында жайкы сезондо гана иштегендер, бизден да кыйла жакшы кафелерди куруп, балык сунуштагандар азыр көп. Бирок, биринчи ачылып биз кардарды топтоп алганбыз. Биздин ашканабыз жакшы болгондуктан Таластагы Балык №1 деген –атыбыз бар. Негизи биздин балыкты “жакшы балык” деп баалап жешет. Андыктан ушул атыбызды өчүрбөй сактап калуу биздин негизги максатыбыз.


Балыкты бул жерден бышырып гана сатасыздарбы же базар-дүкөндөргө да чийки зат катары сатыкка чыгарасыздарбы?
Балыкты биз чийки зат катары дүкөн-базарларга сатпайбыз. Жылына Таласта 1-2 ирет жарманке болуп турат, ошол жакка алып чыгып, элге жардам болсун, деп өзүбүз саткан баадан арзандатып сатабыз. Болбосо, ушул жерден эле кардарлар өздөрү бышырып же чийкилей алып кетип турушат.
Азыр канча кишини иш орду менен камсыз кылып жатасыз? Ортодо милдеттер кантип бөлүштүрүлгөн?
Балык чарбаны башкаруу оңой эмес. Ошентсе да 6 жылдан бери иштеп, көптөгөн кардарларды таптык. Азыр орозо кезде күнүнө 200дөй кишини тейлеп жатабыз. Албетте жалгыз баарына жетишүү мүмкүн эмес. Иштин көбү өзүбүздүн үйбүлөө мүчөлөрүнө жүктөлгөн. Жолдошум балык чарбасын карайт. Уулум керектүү азык-түлүк менен камсыздап, кассаны көзөмөлдөйт. Кызым ички жасалга, дизайн менен алек, ал эми мен бардык жоопкерчиликтүү иштерди жүргүзөм. Азыркы тапта 12 киши иштеп жатат. Сезон убагында 20дан ашуун кишини иш менен камсыз кылабыз. Алар ашпозчулар, идиш жуугучтар, официанттар, балык сойгон балдар ж.б. Андан сырткары атайын бухгалтерибиз да бар. Ал киши учет, отчет кылып, мамлекет алдында салык, соцфонд ж.б төлөмдөрдү убагында жүргүзүп турат.


Сиз ишкер болгусу келген, ишти эмнеден баштоону билбей турган адамдарга ишкер айым катары, кандай насаат айтат элеңиз?
Акчасы бар, бирок эмне кылууну билбей жаткандарга коркпой, тобокелдик кылып өз ишиңерди баштагыла, демекмин. Эгерде бизге окшоп балык чарбасы менен алектенгиңер келсе, бирок эмнеден баштаарды билбей жатсаңар, акыл насаатыбызды айтып, көрсөтүп берүүгө даярбыз.
Эң башкысы кылып жаткан жумушту сүйүп, аны ишке ашырууга каалоо болушу керек. Кээ бир иште ийгилик шыр эле болбой, финансылык жоготууларга алып келиши да мүмкүн. Андыктан ага да даяр болуп, кыйынчылыктарга чыдамдуу болууну сунуштайт элем.
