Баткендеги алгачкы лаванда экофермасын негиздеген мугалимдин ийгилик баяны
Мындан үч жыл мурун кадамжайлык мугалим Гульмира Саматова Баткенде лаванда өстүрүүнү баштаганда, анын ийгиликке жетерине көптөр күмөн санашкан. Бүгүн болсо анын чарбасы Кыргызстандын түштүк аймагындагы алгачкы лаванда экофермасы катары таанылып, жаңы агробагыттын өнүгүшүнө жол ачууда. Жыпар жыттуу гүлдөр жайнаган талаа азыр түшүмдүн гана эмес, агротуризмдин да булагына айланып жаткан чагы. Мугалимдик кесип менен ишкерликти ийгиликтүү айкалыштырып келген Гульмира айым менен лаванда бизнесинин мүмкүнчүлүктөрү, бул жолдогу кыйынчылыктар жана келечек пландар тууралуу маектештик.
– Гульмира айым, көп жылдык мугалимдик тажрыйбадан кийин агробизнеске кадам таштоого эмне түрткү берди? Лаванда өстүрүү идеясы кантип жаралды?
– Кесибим боюнча орус тили жана адабияты мугалимимин. Билим берүү тармагында 35 жылдан бери эмгектенип келем. Бирок айылда жашагандыктан, айыл чарбасына болгон кызыгуум дайыма күчтүү болчу.
Лавандага болгон кызыгуум 2020-жылы, пандемия учурунда башталды. Ошол кезде Ысык-Көлдөгү "Жаннат Гарден" экофермасынын негиздөөчүсү Айсулуу айым уюштурган онлайн вебинарга катышып калдым. Вебинарда мөмө-жемиштердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, заманбап агротехнологияларды колдонуу жана лаванда өстүрүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди. Дал ошол күндөн тартып бул өсүмдүккө кызыгуум артып, өз алдынча изилдей баштадым.



Лаванданын дарылык касиеттери, косметологияда жана медицинада колдонулушу, ошондой эле дүйнөлүк рыноктогу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтарды окуган сайын бул тармактын келечеги кең экенине ынандым.
2023-жылы "Shestarts" фонду ишке ашырган "Агроайым" долбооруна катышып, жеңүүчүлөрдүн катарына кирдим. Долбоордун алкагында Өзбекстанга агро-турга барып келдик. Дал ошол сапар мен үчүн чоң бурулуш болду. Анткени ал жактан аз көлөмдө болсо да лаванда өстүрүп жүргөн баткендик ишкер айым менен таанышып, анын тажрыйбасынан шыктандым.
Кийин андан эки түп лаванда көчөтүн алып келип, өз үйүмдүн короосуна отургуздум. Көчөттөрдүн жергиликтүү климатка жакшы ыңгайлашып, өсүп жатканын көргөндө Баткенде да лаванда өстүрүүгө толук мүмкүн экенине көзүм жетти.
Ошол эле жылы "Кыргызпатент" уюштурган "40 айылдан – 40 долбоор" гранттык сынагына катышып, "Violet Gold" инновациялык долбоорум жеңүүчү болду. Натыйжада 500 миң сомдук гранттык колдоо алып, Ысык-Көлдөн лаванда көчөттөрүн сатып келдик.
2024-жылдын май айынын соңунда көчөттөрдү отургузуп, Кыргызстандын түштүк аймагындагы алгачкы лаванда экофермасын негиздөөгө жетиштик.


– Ишти баштоодо кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?
– Чынын айтсам, эң биринчи тоскоолдук сырттан эмес, үйдөн болду. Өмүр бою мугалимдик кесипте иштеп жүрүп, бир күнү эле "лаванда өстүрүп, ишкерлик баштайм" десем, жолдошум да, балдарым да таң калышты. "Бул тармакты жакшы билбесең, кантип өстүрөсүң, кантип алып кетесиң?" деп кооптонушту.
Убакыт өткөн сайын алар менин бул ишке жөн гана кызыгуу менен эмес, чоң жоопкерчилик менен мамиле кылып жатканымды көрүштү. Акыры алар менин эң чоң колдоочуларыма айланышты.
Экинчи чоң тоскоолдук – жер маселеси болду. Өзүбүздүн ылайыктуу жерибиз жок болгондуктан, лаванда көчөттөрүн кайсы жерге отургузабыз деп көпкө чейин түйшөлдүк. Акырында лаванда көчөттөрүн алма багыбыздын арасына отургуздук. Көлөкө түшүп турганына карабай, көчөттөр жакшы өсүп, биздин шартка ылайыкташып кетти.
Өткөн жылы ACTED фондунун лаванданы тамчылатып сугаруу боюнча долбоорун утуп алдым. Долбоордун негизги талаптарынын бири чоңураак аянттын болушу эле. Ошентип, Абсамат айылындагы кайнагам иштетип жүргөн эки гектар ижара жердин бош турган 20 сотых аянтына лавандаларды көчүрүп, заманбап тамчылатып сугаруу системасын орноттук. Бул биздин чарбанын өнүгүшүндөгү маанилүү кадамдардын бири болду.
– Учурда лаванданын түшүмү жана кирешеси кандай?
– Башында 1100 түп лаванда көчөтүн отургузганбыз. Алардын 800ү биздин шартка жакшы ыңгайлашып, өсүп кетти. Өткөн жылы кургатылган гүлдөн 3,5 килограмм түшүм алсак, быйыл бул көрсөткүч 8 килограммдан ашты. Учурда анын 5 граммын 100 сомдон сатып жатабыз. Алгачкы эки жылда олуттуу пайда болгон жок. Бирок быйыл эмгегибиздин үзүрүн көрүп, жакшы киреше ала баштадык.

– Лаванда бизнесинин эң кызыктуу жагы эмнеде деп ойлойсуз?
– Чынын айтсам, азыр лаванда мен үчүн жөн гана бизнес эмес. Лаванда талаасына кирген сайын өзгөчө тынчтыкты жана ырахатты сезем. Башында балдарым “апа, ысыкта талаада кыйналып каласыз го?” деп көп кабатыр болушчу. Бирок лаванданын арасында жүрүп иштегенде кадимкидей эс алам. Айрыкча гүлдөгөн мезгилинде талаа жыпар жытка бөлөнүп, көз жоосун алган керемет көрүнүшкө айланат. Ошол учурда бардык түйшүк унутулуп, күч-кубат алгандай болом. Балким, аял киши болгонум үчүнбү, гүлдөр менен иштөө мага өзгөчө энергия берет.
– Лаванданын кургатылган гүлүнө суроо-талап кандай? Аны көбүнчө эмнелерге колдонушат?
– Кургатылган лаванда гүлдөрүн ар кандай максатта колдонууга болот. Биз аларды Кытайдан алдырган атайын кичинекей баштыкчаларга салып, жыпар жыт берүүчү саше катары сатабыз. Продукциябызды агрокөргөзмөлөрдө, ошондой эле социалдык тармактардагы баракчам аркылуу буюртма менен сатып алышат.
Мындан сырткары, бир тууган эжем лавандадан самын жасайт. Ал эми экожууркан өндүргөн таанышыбыз кургатылган гүлдөрдү жаздыкча жана жууркандарга кошуп пайдаланат. Лаванданын эң негизги өзгөчөлүгү – адамды тынчтандыруучу касиетке ээ болгондугу. Ошондуктан андан жасалган сашелер, жаздыкчалар жана жууркандар нерв системасын эс алдырып, сапаттуу уйкуга көмөк көрсөтөт.
– Бул ишти мындан ары кандай деңгээлге чыгарууну көздөп жатасыз?
– Быйыл лавандаларыбыз өзгөчө кооз гүлдөдү. Ошону элге көрсөтүп, бул маданиятты жайылтуу максатында 28-май күнү лаванда талаасында чакан фестиваль уюштурдук. Ага фермерлер, агросектордун өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ишкер айымдар катышып, тажрыйба алмашып, лаванданын мүмкүнчүлүктөрү менен жакындан таанышышты. Көпчүлүгү кызыгып, көчөт алып кетишти.
Лаванда – түштүк жергесиндеги жаңы агромаданият. Учурда райондук агрардык түзүмдөр да колдоо көрсөтүүгө кызыгып, келечекте лаванда кластерин түзүү боюнча сунуштарын беришүүдө.
Мындан тышкары, АРИС жана Экономика жана коммерция министрлигинин агротуризмди өнүктүрүү боюнча гранттык долбоорунан 600 миң сом колдоо алдым. Эми ошол каражаттын эсебинен лаванда талаасына боз үйлөрдү тигип, агротуризмди өнүктүрүүнү пландап жатабыз. Максатыбыз – адамдар гүлдөгөн лаванда талаасын көрүп гана тим болбостон, айылдын жашоосу менен таанышып, эс алып, өзгөчө тажрыйба алып кетчү жай түзүү.



– Ишкерликти баштоону кыялданып жүргөн айымдарга кандай кеңеш берет элеңиз?
– Айрыкча айыл жеринде жашаган айымдар үчүн ишкерликти баштоо оңой эмес. Буга менталитет, үй-бүлөнүн түшүнбөстүгү, ошондой эле аялдын мойнундагы күнүмдүк тиричилик түйшүктөрү тоскоол болушу мүмкүн. Бирок адамдын каалоосу күчтүү болсо, булардын баарын жеңүүгө болот экен. Мен өзүм да ушул жолдон өттүм.
Ошондуктан айымдарга айтарым – кыялыңыздардан жана максатыңыздардан баш тартпагыла. Алгач кыйын болушу мүмкүн, бирок аракетти токтотпосоңуздар сөзсүз жыйынтык болот. Кыргыз айымдары күчтүү, эмгекчил жана чыдамкай келишет. Кааласа бир колу менен үй-бүлөсүн, экинчи колу менен өз бизнесин ийгиликтүү алып кете алат деп толук ишенем.