Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында “Росатомдун” колдоосу менен инклюзивдүү чебер-класстар өткөрүлдү

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында “Росатомдун” колдоосу менен инклюзивдүү чебер-класстар өткөрүлдү

Иш-чара “Рухтун жел кайыктары” долбоорунун 10-жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлдү. Долбоордун командасы көчмөн маданиятынын салттарын жана кыргыз меймандостугун заманбап инклюзивдүү практика менен айкалыштырган уникалдуу боз үй тартуулады.

24-августтан 5-сентябга чейин Ысык-Көлдө “Рухтун жел кайыктары 2026: Экстрабилити кыймылы. Улантууну тандайбыз” аттуу эл аралык инклюзивдүү лагерь өттү. Аны “Ак таякча” автономдуу коммерциялык эмес уюму (АКЭУ) “Росатом” мамкорпорациясынын колдоосу менен уюштурган.

Лагердин спорттук жана социалдык-маданий иш-чараларына Кыргызстан, Түркия, Россия, Казакстан жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Катышуучулар парустук тримарандар жана калак менен сүзүүчү катамарандарды башкарууну үйрөнүштү, инклюзивдүү экипаждарда иштешти жана өздөрүнүн социалдык демилгелерин иштеп чыгышты.

2-сентябрда “Рухтун жел кайыктары” лагеринин командасы Кырчында өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кошулду. “Ак таякча” АКЭУ инклюзивдүү боз үйдү тартуулап, ал Оюндардын кеңири мейкиндигинин бир бөлүгүнө айланды.

“Көчмөндөр чеберканасы: салт, кыймыл, меймандостук жана келечек” секциясында сегиз интерактивдүү ишчара камтылган. Анда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген катышуучулар жана ыктыярчылар коноктор үчүн инклюзивдүү ыкмаларды айкалыштырган чебер-класстарды өткөрүштү. Айрыкча көздөрү таңылган активдүүлүк өзгөчө популярдуу болду.

Коноктор көздөрү таңылган абалда деңиз түйүндөрүн байлап көрүштү, боз үйдү жана салттуу тиричилик буюмдарын сенсордук изилдөө жүргүзүштү, ошондой эле белги берип ырдап, кол өнөрчүлүк менен алектеништи. Ал эми “Келечектин көчмөнү” чопо менен иштөө жана “Меймандостук жолу” самандан сүрөт жаратуу өзгөчө популярдуу болду.

Дүйнөнү сезимдер жана элестетүү аркылуу кабылдоого байланышкан чебер-класстар өзгөчө кызыгуу жаратты. Катышуучуларга даам, түстөр жана жыттар аркылуу өз кыялын элестетүү, андан кийин жумулуу көздөрү менен чопону колдонуп, элестеткен нерселерин жаратуу сунушталды. Дагы бир адаттан тышкаркы формат – “Караңгыда сейилдөө” болду. Мында катышуучулар айлана-чөйрө менен жаңыча баарлашууга мүмкүндүк алышты.

Ошол эле учурда боз үйдүн чыныгы атмосферасы сакталуу бойдон калды. Анда электр энергиясы колдонулган жок - мейкиндик табигый жарык менен жарыктандырылды. Аба ырайынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу түндүктү кээде жабууга туура келди. Бирок долбоордун өкүлдөрү бул факторду ийгиликтүү колдонуп, кошумча инклюзивдүү иш-чарага айландырышты. Мисалы, толук караңгылыкта — идиш-аякты көрбөстөн, чыгармачыл түшкү тамактанууну өткөрүлдү.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын котормочулары жана ыктыярчылары уюштуруучуларга чет элдик коноктор менен иштөөгө жардам беришти. Ушунун натыйжасында, Канада, АКШдан жана башка өлкөлөрдөн келген коноктор чебер-класстарга катыша алышты.

“Кырчын капчыгайындагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына “Рухтун жел кайыгынын” катышуусу - инклюзия ири эл аралык иш-чаранын жана маданий диалогдун бир бөлүгү боло аларын көрсөттү. Биздин боз үйүбүз конокторго кыргыз элинин салттары жөнүндө көбүрөөк билип гана тим болбостон - кыймыл, чыгармачылык, сенсордук тажрыйба жана биргелешип катышуу аркылуу, өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматтарын изилдей алган аянтчага айланды. Биз үчүн бул ири иш-чаранын бир бөлүгү болуп, баары үчүн жеткиликтүү жана ачык мейкиндик түзүү маанилүү болду”, - деп белгиледи “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов.

3-сентябрда лагердин базасында, Ысык-Көлдө Экстрабилити күнү өткөрүлдү, ага Бишкектен жана Кыргызстандын башка шаарларынан 100дөн ашык конок катышты. Программага тримаран жана катамарандар менен контролдук жүрүш, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын чебер-класстары кирди.

Экстрабилити күнү “Рухтун жел кайыктары” долбоорунун артисттеринин катышуусундагы инклюзивдүү концерт менен аяктады. Сахнада “Жаңдоо Мурасы” ансамбли жаңдоо тилин колдонуп, көрүүсү начар аткаруучу Назгүл Чынарбек кызы жана аутизм менен жабыркаган жаш музыкант Бекзат Турсунбеков тарабынан элдик жана классикалык чыгармалар аткарылды.

 “Рухтун жел кайыктары” - 2011-жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелүү жана чектелүү эмес адамдарды парустук экспедицияларда, спорттук жана чыгармачыл программаларда бириктирип келет. 2016-жылдан бери долбоор “Росатомдун” колдоосу менен өнүгүүдө. Ошондон бери анын катышуучулары - 16 өлкөдө болуп, беш эл аралык маршрутту өтүштү, 46 жел кайык менен сүзүү регаталарын жана мелдештерди, 50 Экстрабилити күнүн жана 47 шаарда 7 инклюзивдүү лагерди өткөрүштү.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте экспорттук көзөмөл боюнча семинар өтүүдө

Бишкекте экспорттук көзөмөл боюнча семинар өтүүдө

14–16-октябрда Бишкекте мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн экспорттук көзөмөл боюнча практикалык семинар өтүп жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты. Иш-чара Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Германиянын Экономика жана экспорттук көзөмөл боюнча федералдык ведомствосу (BAFA) тарабынан “ЕБ P2P” программасынын алкагында уюштурулган. Окутуунун негизги максаты - улуттук стратегиялык

Ишкер Media
Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

Мыйзамсыз курулуштардан 85,6 млн сом өндүрүлдү

2026-жылдын 9 айында Бишкекте 8 427 мыйзамсыз объект демонтаждалып, 267 054 чарчы метр муниципалдык жер бошотулду. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, анын ичинде 4 062 жеңил типтеги объект, 1 093 капиталдык курулуш жана тосмо, 3 272 жарнамалык конструкция алынган. Жол долбоорлорунун алкагында 842 объект,

Ишкер Media
Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Садыр Жапаров Бакудагы саммитте чет элдик инвесторлорду “Тамчы” АФИАга чакырды

Президент Садыр Жапаров 15-октябрда Бакуда өткөн Азиядагы өз ара байланыштарды чыңдоо, санариптештирүү жана туруктуу экономикалык өсүшкө арналды кеңешменин (АӨИЧК) жетинчи саммитине катышып, Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып берди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө акыркы төрт жылда Кыргызстандын АӨИЧКке катышкан өлкөлөр менен товар жүгүртүүсү

Ишкер Media
Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Акча алмашуудагы мыйзам бузуулар үчүн 3 алмашуу бюросуна айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн айрым алмашуу бюролоруна карата чара көрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, Бишкек шаарындагы 3 акча алмыштуруу мыйзам талаптарын бузушкан. Ушуга байланыштуу үч алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып

Ишкер Media