“Азия Сталь” ишканасы IPO аркылуу 1,6 млрд сом инвестиция тартып, өндүрүшүн кеңейтүүдө
Кыргызстанда курулушта колдонулган арматуранын басымдуу бөлүгү чет өлкөлөрдөн ташылып келет. Кара-Балта шаарындагы “Азия Сталь” металлургиялык ишканасы бул көз карандылыкты азайтуу үчүн өндүрүшүн кеңейтүүнү пландоодо. Бул максатта компания IPO өткөрүп, Кыргыз фондулук биржасы аркылуу өз акцияларын инвесторлорго сатып, 1 млрд 634 млн сом инвестиция тартты. Тартылган каражат өндүрүштү модернизациялоого жана кубаттуулукту жогорулатууга жумшалат.
“Азия Сталь” заводунун башкы директору Мурат Тыныстанов менен ата мекендик металлургиянын өнүгүүсү, акциялар аркылуу инвестиция тартуу, акционерлерге дивиденд төлөө жана заводдун өлкө экономикасына кошуп жаткан салымы тууралуу маектештик.
– “Азия Сталь” бүгүнкү күндө Кыргызстандагы курулуш тармагында кандай орунду ээлейт?
– “Азия Сталь” – өлкөдөгү курулуш арматурасын өндүргөн алдыңкы ата мекендик ишканалардын бири. Биз негизинен А500С класстагы курулуш арматурасын чыгарабыз. Бул Кыргызстандагы курулуш нормаларына жооп берген жана турак жайлардан тартып мектеп, бала бакча, ооруканаларга чейин ар кандай курулуш объектилеринде колдонулган негизги арматура түрү. Мындай сапаттагы арматураны Кыргызстанда биринчилерден болуп чыгара баштаган ишканалардын бири катары сапаттуу ата мекендик продукцияны өндүрүүгө өзгөчө көңүл бурабыз.



– Өндүрүштү кеңейтүү үчүн эмне себептен банктык насыяны эмес, фондулук биржа аркылуу инвестиция тартууну тандадыңыздар?
– Биз үчүн фондулук биржа аркылуу инвестиция тартуу эң ачык жана түшүнүктүү жол болду. Банктан насыя алууда белгилүү бир талаптар, күрөө маселеси жана башка шарттар коюлат. Ал эми акцияларды ачык сунуштоо аркылуу компания өнүгүүгө керектүү каражатты тартып, акция сатып алган адамдар анын акционерлерине айланат.
Бул система инвесторлор үчүн да ыңгайлуу. Алар жеке кабинети аркылуу өз акцияларын жана дивиденддерин көзөмөлдөй алышат. Аз өлчөмдөгү акцияларды интернет аркылуу сатып алуу мүмкүн болсо, ири көлөмдө сатып алууну каалагандар фондулук биржа же биздин кеңсеге кайрыла алышат. Кыскасы, бул бардык тарап үчүн ачык, жеткиликтүү жана түшүнүктүү система болгондуктан, биз фондулук биржа аркылуу инвестиция тартууну туура көрдүк.
– Акцияларды фондулук биржага чыгаруу процесси кандай болду?
– Албетте, фондулук биржага чыгуу оңой процесс эмес. Компания биржага акцияларын сунуштай алышы үчүн мыйзамда жана тиешелүү мамлекеттик органдардын бардык талаптарына жооп бериши керек. Биз дагы ошол талаптардын баарын аткарып, тиешелүү уруксаттарды алгандан кийин гана акцияларыбызды фондулук биржа аркылуу сатыкка чыгардык.
Менин билишимче, ата мекендик өндүрүш ишканаларынын ичинен биз биринчилерден болуп фондулук биржа аркылуу акцияларын ачык сунуштоого уруксат алдык. Бул биздин ишкананын ачык-айкын иштеп жатканын жана белгиленген талаптарга жооп бергенин көрсөтөт.
– Кыргызстанда акция сатып алуу азырынча кеңири жайыла элек. Инвесторлор бул мүмкүнчүлүктү кандай кабыл алышты?
– Чынында эле башында эл үчүн бул түшүнүк жаңы болду. Анткени Кыргызстанда өндүрүш ишканасынын акциясын сатып алып, андан дивиденд алуу тажрыйбасы дээрлик болгон эмес. Ошондуктан көпчүлүк акциянын кандай иштей турганын дароо эле түшүнө алган жок.
Өнүккөн өлкөлөрдө бул кадимки көрүнүш. Ири өндүрүш ишканалары фондулук биржа аркылуу каражат тартып, жарандар алардын акцияларын сатып алып, дивидендден кошумча киреше табышат. Бизде дагы убакыт өткөн сайын мындай маданият калыптанат деп ишенем. Биздин тажрыйбабыз кийинки компанияларга жол ачып берет деп ойлойм.
Акыркы жылдары ар кандай каржы пирамидалары көбөйүп, көп адамдар жабыркады. Ошол себептүү башында жакшы түшүнбөй күмөн санагандар да болду. Бирок биздин учурда кеп реалдуу өндүрүш жөнүндө болуп жатат. Биздин завод күн сайын иштеп, курулуш арматурасын чыгарып жатат. Ошол продукциядан өлкөдө мектептер, бала бакчалар, турак жайлар жана башка объектилер курулууда. Демек, инвесторлордун каражаты иштеп жаткан ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө жумшалууда.
– Тартылган 1 млрд 634 млн сом инвестиция негизинен кайсы долбоорлорго жумшалат?
– Тартылган каражаттын негизги бөлүгү өндүрүштү модернизациялоого жана жүгүртүү капиталын толуктоого багытталат. Жүгүртүү капиталы өндүрүштү үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн зарыл. Анын эсебинен чийки зат сатып алынып, жумушчулардын эмгек акысы, электр энергиясы жана башка өндүрүштүк чыгымдар каржыланат.



Ал эми каражаттын дагы бир бөлүгү өндүрүштү модернизациялоого жумшалат. Бул заводдун өндүрүш кубаттуулугун бир топ жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Учурда айына 6 миң тонна арматура өндүрсөк, кийинки жылы жаңылоо иштери аяктаган соң өндүрүш көлөмүн 15 миң тоннага чейин жеткирүүнү пландап жатабыз.
Мындан тышкары, арматуранын түрлөрүн да көбөйтөбүз. Азыр 10 миллиметрден 25 миллиметрге чейинки арматураны өндүрүп жатабыз. Буюрса, эмки жылдан тарта 6 миллиметрлик катанкадан баштап 32 миллиметрге чейинки арматураларды чыгара баштайбыз. Себеби, көптөгөн курулуш компаниялары бардык өлчөмдөгү арматураны бир эле өндүрүүчүдөн сатып алууга кызыкдар.
– Өндүрүш көлөмү көбөйгөндөн кийин өлкөдөгү арматурага болгон суроо-талаптын канча пайызын камсыздай аласыздар?
– Биздин завод ишке киргенге чейин Кыргызстандагы арматура рыногу дээрлик толугу менен импорттон көз каранды болчу. Учурдагы өндүрүш көлөмүбүз ички рыноктогу суроо-талаптын болжол менен 5-6%ын камсыздайт. Өндүрүш кубаттуулугун кеңейткенден кийин бул көрсөткүчтү 15%га чейин жеткирүүнү пландап жатабыз.
Албетте, өлкөдө курулуштун көлөмү жылдан жылга өсүп жаткандыктан арматурага болгон суроо-талап дагы көбөйүүдө. Биздин негизги максат – ата мекендик өндүрүштүн үлүшүн акырындык менен көбөйтүп, импортко болгон көз карандылыкты азайтууга салым кошуу.
– Акция сатып алган инвесторлор дивидендди кандай тартипте алышат?
– Биз акционерлерге дивидендди ар 3 ай сайын, башкача айтканда квартал сайын төлөп турабыз. Жылдык дивиденддик кирешелүүлүк 19%ды түзөт. Ар бир инвестор сатып алган акцияларынын санына жараша дивиденд алат.
Акционерлер өздөрүнүн жеке кабинети аркылуу акциялары жана эсептелген дивиденддер тууралуу маалыматты көрө алышат. Ошондой эле дивидендди банктык эсебине которуп же банктан накталай алуу мүмкүнчүлүгү бар.
– “Азия Сталь” заводунун кеңейиши өлкө экономикасына кандай салым кошот?
– Биз азыр өнүгүүнүн баштапкы баскычындабыз. Бирок бүгүнкү күндө эле мамлекетке реалдуу салым кошуп жатабыз. Ай сайын орто эсеп менен 4-5 млн сом салык төлөйбүз. Мындан тышкары, жарандарыбызды туруктуу жумуш орду менен камсыздап, жакшы эмгек акы төлөп жатабыз. Бул адамдардын чет өлкөгө иш издеп кетпей, өз өлкөсүндө иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзөт.
Бизде кызматкерлердин эмгек акысы толугу менен банктык эсеп аркылуу төлөнөт. Киреше салыгы, Социалдык фондго төлөмдөрү жана пенсиялык камсыздандыруу төгүмдөрү мыйзамга ылайык которулат. Бул дагы өлкө экономикасына кошкон салымыбыздын бир бөлүгү.



Андан да маанилүүсү – биз Кыргызстанда металлургия тармагын өнүктүрүп жатабыз. Арматура – ар бир курулуштун негизги материалы. Бүгүн биз өндүргөн арматурадан турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, ооруканалар жана башка объектилер курулуп жатат.
Өндүрүшүбүз да жылдан-жылга өсүүдө. Өткөн жылы айына 2,5 миң тонна арматура чыгарсак, быйыл бул көрсөткүч 6 миң тоннага жетти. Буюрса, кийинки жылы өндүрүш көлөмүн 15 миң тоннага чейин көбөйтүүнү пландап жатабыз. Өндүрүш өскөн сайын мамлекетке төлөнгөн салыктын көлөмү, түзүлгөн жумуш орундары жана ата мекендик продукциянын үлүшү дагы көбөйөт.
Менимче, эң чоң жетишкендик – Кыргызстанда жаңы металлургия тармагы калыптанып жатат. Бул жаңы заводдордун ачылышы гана эмес, жаңы адистердин өсүп чыгышы, жаңы технологиялардын келиши жана өлкөнүн өнөр жайынын өнүгүшү дегенди билдирет. Бул биздин келечекке кошкон эң чоң салымыбыз деп эсептейм.
Акционерлер үчүн жылдык дивиденддик кирешелүүлүк 19% деп белгиленген. Дивиденддер жылына төрт жолу – ар бир кварталдын жыйынтыгы менен төлөнөт.