Мурат Тыныстанов: “Алгачкы дивиденддерден кийин акцияларга кызыгуу артты”
Кыргызстанда IPO аркылуу 1 млрд 634 млн сом инвестиция тарткан “Азия Сталь” металлургиялык заводу акционерлерине алгачкы дивиденддерин төлөп берди. Ишкананын башкы директору Мурат Тыныстановдун айтымында, биринчи төлөмдөрдөн кийин инвесторлордун ишеними бекемделип, акцияларга болгон кызыгуу дагы арткан. Биз аны менен алгачкы дивиденддердин жыйынтыгы, ички инвесторлордун ролу, артыкчылыктуу акциялардын өзгөчөлүгү жана Кыргызстанда инвестициялык маданиятты өнүктүрүүнүн мааниси тууралуу маектештик.
– Компания акционерлерге алгачкы дивиденддерди төлөп берди. Инвесторлордун алгачкы реакциясы кандай болду?
– Акцияларыбызды досторум, тааныштарым менен катар мурда такыр тааныбаган адамдар да сатып алышты. Кыргызстанда өндүрүш ишканасынын акциясын сатып алып, дивиденд алуу тажрыйбасы азырынча кеңири жайыла элек болгондуктан, башында суроолор көп болду. Бирок алгачкы дивиденддер төлөнгөндөн кийин инвесторлордун ишеними кыйла бекемделди. Айрыкча дос-тааныштарымдан жакшы пикирлерди көп уктум. Алар дивиденддер өз убагында төлөнүп, бардык иштер ачык, так жүргүзүлүп жатканына ыраазы экенин билдиришти.
Биз дивидендди жылына 4 жолу, ар бир кварталдын жыйынтыгы менен төлөйбүз. Жылдык дивиденддик кирешелүүлүк 19%ды түзөт. Ошондой эле акция ээсинин дагы бир артыкчылыгы – зарыл болгон учурда өзүнө таандык акцияларын сатып, каражатын накталай ала алат.
Эң негизгиси, инвесторлор акча салган заводдун ишин өз көзү менен көрүп, өндүрүштүн кандай өнүгүп жатканын байкап турушат. Менимче, дал ушул ачык-айкындык алардын ишенимин бекемдеди деп ойлойм.



– Дивиденддер төлөнгөндөн кийин акция сатып алууну каалагандар көбөйдүбү?
– Ооба, кызыгуу күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Биз жарнамага деле көп көңүл бурган жокпуз. Ошентсе да, бизгебири-биринен угуп келгендер көп. Каржы тармагын жакшы түшүнгөндөр мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, дароо эле акцияларды сатып алышты. Ал эми биринчи жолу угуп жаткандар бардык шарттары менен таанышып, суроолоруна жооп алгандан кийин гана чечим кабыл алып жатышат.
Бизди кубандырганы – буга чейин акция сатып алган адамдар кийин аны өз жакындарына жана тааныштарына да сунуштай башташты. Бул биздин компанияга болгон ишенимдин артканын көрсөткөн эң жакшы мисал деп айта алам.
– Азыр акцияларды сатып алууга дагы мүмкүнчүлүк барбы?
– Биз жалпысынан 408 миң 623 акция чыгарганбыз. Бир акциянын баасы 4 миң сомду түзөт. Акционер болуу үчүн эң аз дегенде эки акция сатып алуу керек. Бүгүнкү күндө алардын басымдуу бөлүгү сатылып кетти. Калгандарын күзгө чейин сатып алууга мүмкүнчүлүк бар. Андан кийин акцияларды жайгаштыруу аяктап, компания учурдагы акционерлери менен ишин улантат.
– Акционер дивидендди алып эле тим болбостон, аны кайра инвестициялай алабы?
– Ооба, андай мүмкүнчүлүк бар. Эгер акционер алган дивидендин кайра акция сатып алууга жумшаса, анын үлүшү көбөйөт. Натыйжада кийинки кварталдан тартып дивиденд баштапкы салымга гана эмес, кийин кошулган акцияларга да эсептелет.
Башкача айтканда, дивидендди кайра акцияга жумшоо менен кирешени акырындык менен көбөйтүүгө болот. Бул дүйнөлүк практикада кеңири колдонулган ыкмалардын бири.
Мындан тышкары, биз акционерлерди жөн гана инвестор эмес, компаниянын өнөктөштөрү катары көрөбүз. Ошондуктан алар үчүн завод чыгарган продукцияга 5%га чейин арзандатуу каралган.



– Сиздер сунуштап жаткан акциянын өзгөчөлүгү эмнеде?
– Биз сунуштап жаткан акциялар артыкчылыктуу акциялар. Алардын негизги өзгөчөлүгү – дивиденддин өлчөмү алдын ала белгиленген. Башкача айтканда, инвестор канча киреше аларын алдын ала билет.
Мындан тышкары, мыйзам боюнча мындай акциянын ээлери дивиденд алуу жагынан жөнөкөй акциянын ээлерине караганда артыкчылыкка ээ. Ошондуктан туруктуу киреше алууну каалаган инвесторлор үчүн бул ыңгайлуу вариант болуп саналат.
– Акционер кааласа акциясын кийин сатып жибере алабы?
– Ооба. Акционер каалаган учурда акциясын башка адамга сата алат. Ошондой эле белгиленген мөөнөттөн кийин компания дагы акцияларды номиналдык баада кайра сатып алат. Эгер акционер өз акциясын башка сатып алуучуга жогорураак баада сатууга мүмкүнчүлүк тапса, бул анын өз чечими.
– Эмне үчүн Кыргызстанда ички инвесторлордун көбөйүшү маанилүү деп эсептейсиз?
– Дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттердин тажрыйбасын карасак, алардын экономикасынын өсүшүндө ички инвесторлордун ролу чоң. Мисалы, АКШ, Түштүк Корея, Япония сыяктуу өлкөлөрдө жарандар өз өлкөсүндөгү компанияларга инвестиция салып, алардын өнүгүшүнө түздөн-түз салым кошушат. Натыйжада ишканалар өндүрүшүн кеңейтип, жаңы долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алышат.
Менимче, Кыргызстанда да ушундай маданият акырындык менен калыптанышы керек. Жарандарыбыз ата мекендик өндүрүш ишканаларынын акционерлерине айланса, анын пайдасын бир эле компания эмес, жалпы өлкө көрөт. Анткени өндүрүш өнүккөн сайын жаңы жумуш орундар түзүлөт, мамлекетке көбүрөөк салык түшөт, импортко болгон көз карандылык азаят. Бул акыр аягында өлкөнүн экономикасына оң таасирин тийгизет.
Биздин мисалды алсак, акционерлер дивиденд гана алып жаткан жок. Алар ата мекендик өндүрүштүн өнүгүшүнө да салым кошуп жатышат. Бүгүн биздин завод чыгарган арматурадан мамлекеттик ипотекалык үйлөр, мектептер, бала бакчалар жана башка көптөгөн объектилер курулуп жатат. Демек, алардын инвестициясы өлкөнүн өнүгүшүнө иштеп жатат деп айтсак болот. Менимче, ички инвесторлордун эң чоң артыкчылыгы да ушунда.



– Каражатын инвестициялоону ойлонуп жаткандарга кандай кеңеш берет элеңиз?
– Эгер учурда иштетпей турган ашыкча каражаты болсо, аны жөн эле сактап койбой, ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү карап көргөн туура. Мисалы, кыймылсыз мүлк сатып алуу үчүн чоң суммадагы каражат керек. Ал эми акцияны мүмкүнчүлүгүңө жараша каалаган суммага сатып алса болот. Кимдир бирөө азыраак сумма менен баштаса, башкалары көбүрөөк инвестиция салышы мүмкүн. Эң негизгиси – акча иштеп турушу керек.
Акыркы жылдары каржылык пирамидалардан жабыркагандар көп болгондуктан, адамдар инвестициялык сунуштарга этият мамиле кыла башташты. Бирок, аларды мыйзамдуу иштеген инвестициялык компаниялар менен салыштырууга болбойт. Ошентсе да, инвестиция салаардан мурда компаниянын ишмердүүлүгүн кылдат изилдеп, анын мыйзамдуу негизде иштеп жатканын текшерүү маанилүү.
Биздин завод IPOго чыкканга чейин мыйзамда каралган бардык талаптарды аткарып, тиешелүү мамлекеттик органдардын текшерүүсүнөн өткөн. Бирок, муну менен сөзсүз эле биздин компаниянын акциясын сатып алгыла деп айтпайм. Эң башкысы – ар бир адам инвестициялык чечимди маалыматка таянып кабыл алышы керек. Ушундай мамиле гана инвестицияга болгон ишенимди арттырып, бул тармактын туура нукта өнүгүшүнө шарт түзөт.


