Чаткалдагы жарактан чыккан көпүрө калыбына келтирилет

Чаткалдагы жарактан чыккан көпүрө калыбына келтирилет

Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаев Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чандалаш айылындагы авариялык абалдагы көпүрөнүн учурдагы абалы менен жеринен таанышты.

Райондук админстрациянын маалыматына ылайык, кароо учурунда көпүрөнүн жергиликтүү тургундардын коопсуздугу үчүн олуттуу коркунуч жаратып жаткандыгы белгиленип, абалды тез арада жөнгө салуу маселеси талкууланды.

Ошондой эле район акими жергиликтүү калктын каттамын үзгүлтүккө учуратпоо максатында мурда пайдаланылып келген эски көпүрөнү оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, кайра пайдаланууга берүү боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине конкреттүү тапшырмаларды берди.

Берилген тапшырмалардын негизинде эски көпүрөнү оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн Чаткал районун өнүктүрүү фондунун өзгөчө кырдаалдарга каралган акча каражатынан 600 миң сом бөлүү чечими кабыл алынды. Аталган каражат көпүрөнү оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн №27 Жол тейлөө мекемесине бөлүнүп берилет.

Берилген тапшырмалардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышы райондук мамлекеттик администрациянын көзөмөлүндө болот.

 

Мындан тышкары окуңуз

Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары эсептегичтерди алмаштырууда

Чүй электр тармактары - "Улуттук электр тармагы" ААКнын филиалы электр энерегиясын эсептөөчү приборлорду пландуу түрдө алмаштырып жатат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, эсептегичтерди алмаштыруу жана маалыматты жаңылоо учурунда айрым учурда көрсөткүчтөр менен эсептөөдө айырмачылыктар болушу мүмкүн. Эгер сиз эсептегичтин көрсөткүчү менен квитанциядагы эсептөө дал келбесе, тейлөө боюнча

Ишкер Media
Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Кыргызстан менен Алжир кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Алжирдин Мамлекеттик министри, ТИМ башчысы Ахмед Аттаф менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жолугушууда эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланып, саясий диалогду тереңдетүү жана кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарлык билдирилди. Ошондой эле БУУ жана башка

Ишкер Media
Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media