Соң-Көлдө жайыт мыйзамдарын бузгандар 82,5 миң сомго айыпка жыгылды

Соң-Көлдө жайыт мыйзамдарын бузгандар 82,5 миң сомго айыпка жыгылды

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Нарын облусу боюнча аймактык башкармалыгы жайыт жерлерин коргоо жана жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча көзөмөлдү күчөттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, Ат-Башы, Нарын, Жумгал, Кочкор, Ак-Талаа райондорунун мамлекеттик администрацияларына жана Нарын шаарынын мэриясына калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча кызматтык каттар жөнөтүлдү. Анда жайыттарда техникаларды мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө жана туруктуу көзөмөл жүргүзүү тапшырылган.

Мындан тышкары, аймактык башкармалыктын кызматкерлери жайыттарда рейддик жана мониторингдик текшерүүлөрдү жүргүзүштү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кочкор районундагы Соң-Көл жайытында мыйзам талаптарын бузган 11 жаран аныкталды. Аларга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 252-беренесинин негизинде ар бирине 7 500 сомдон, жалпысынан 82 500 сом өлчөмүндө административдик айып салынды.

Аталган кызмат мындай көзөмөл иш-чаралары жайыттарды мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө жана жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында улантыларын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкекте тынчтык мыйзамына жараша коомдук тартипти сактоо көзөмөлдөнүүдө

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде тынчтыкты жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштерине багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө. Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери борбор калаадагы бир катар түнкү жана көңүл ачуучу жайларга барып, алардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз

Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда. Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда айдоочусу жок поезд сыноодон өтүп жатат

Россияда төртүнчү деңгээлдеги автоматташтыруу системасы менен жабдылган “Ласточка” электр поездин сынай башташты. Сыноолор Москвадагы борбордук шакек темир жолунда (МЦК) өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу РИА-Новости маалымдады. Билдирүүгө караганда, жаңы технологиянын өзгөчөлүгү — поездди башкаруу үчүн анын ичинде машинисттин болушу талап кылынбайт. Поезд өз алдынча ылдамдап, тормоз басып, эшиктерди ачып-жабат. Анын

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

Бостериде VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өттү

2026-жылдын 6-7-августунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өткөн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму болуп өтту. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулуп, ага Кыргызстан менен Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес ишканаларынын, өнүктүрүү институттарынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Форумдун биринчи күнүнүн жыйынтыгында бир катар келишимдерге кол