Кемин районунда клинкер чыгаруучу завод ишке кирсе, 300 адамды жумуш менен камсыз кылат

Кемин районунда клинкер чыгаруучу завод ишке кирсе, 300 адамды жумуш менен камсыз кылат

AAA GROUP корпорациясынын курамына кирген «Терек-Таш» ЖЧКсы Кемин районунда клинкер чыгаруу заводунун жана Ысык-Ата районунда цемент заводдун курулушу боюнча Economist.kg басылмасына маалымат берди.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 6-сентябрында министрлер кабинети менен «Терек-Таш» ЖЧКсы жана «ЗЕНИТ Фирма» ЖЧК компанияларынын консорциуму ортосунда цемент заводун куруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлган болчу. Инвестициялардын жалпы суммасы 150 млн АКШ долларын түзөт деп белгиленген. Бирок анда каражат кайсы финансы булактарынан алынары айтылган эмес болчу.

Economist.kg басылмасына «Терек-Таш» ЖЧКсына кайрылып, кенен маалымат сураганда, аталган ишкана каржылоо Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан, “Демир Кыргыз Эл аралык банкы” сыяктуу финансы институттарынан алынарын жана алар менен алдын ала макулдашуулар түзүлгөнүн, ошондой эле курулушка “AAA GROUP” компаниялар тобунун өздүк каражаттары колдонуларын билдирди.

Ал эми аталган ишкана 24-октябрда Тianjin cement design and research institute (SINOMA-TCDRI) цемент долбоорлоо-изилдөө институтунун (SINOMA-) көп жылдык өнөктөштөрү менен Кемин районунда клинкер өндүрүү жана Ысык-Ата районунда цемент майдалоочу заводдорду куруу үчүн жабдууларды долбоорлоо жана монтаждоо боюнча келишимге кол коюшту. Заводдун курулуш мөөнөтү: 2023-2024-жылдар. Пайдаланууга берүү мөөнөтү болсо, 2024-жылдын 3-кварталында пландалууда.

  • Ошентип Кемин районунда кубаттуулугу суткасына 3800 тонна (жылына 1 млн тоннадан ашык) клинкер чыгаруучу (жарым фабрикат) заводу курулат. 300дөн ашык жаңы жумуш орундары түзүлөт.
  • Ал эми Ысык-Ата районунда кубаттуулугу жылына 1.5 млн тонна цементти майдалоочу завод курулат. 200гө жакын жаңы жумуш орундары түзүлөт.

Цемент заводдон экономикага кандай пайда түшөт?

Аталган ишкана цемент заводунун курулушу (эки мейкиндик боюнча бөлүнгөн, бирок бир өндүрүш циклине ээ) төмөнкүдөй экономикалык натыйжаларды берет деп ишендирүүдө:

  • 500дөн ашык жаңы жумуш орундары түзүлөт
  • ата мекендик цементти өндүрүүнү көбөйтүү жана ошого жараша импортту алмаштыруу үчүн шарттар түзүлөт
  • экспорттук потенциал пайда болот
  • мамлекеттик жана жергиликтүү бюджетти жаңы салыктык чегерүүлөрдүн жана төлөмдөрдүн эсебинен толуктоого мүмкүнчүлүк берилет
  • Бишкек ЖЭБинин калдыктарын (көмүр күлүн) кайра иштетүү, бул өлкөнүн борбор шаарынын дээрлик чегиндеги таштанды төгүүчү жайларда көмүр күлүнүн топтолушу менен байланышкан экологиялык көйгөйдү чечүүдө чоң мааниге ээ болот. Жылуулук электр борбору күл төгүүчү жайды утилдештирүү жана тейлөөдөн бошотулган каражатты өзүнүн өнөр жайын өнүктүрүүгө жумшай алат.

Кошумча окуңуз:

Чүй облусунда 150 млн долларга цемент завод курулат

Бийлик 150 млн долларлык инвестициялык келишимди чиновниктердин балдарынын компаниялары менен түздү – Factcheck.kg

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абадда 126 миң адам таза суу менен камсыздалат

Жалал-Абадда 126 миң адам таза суу менен камсыздалат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Э.А. Акунбеков Корея Республикасына болгон иш сапарынын алкагында SAMAN компаниясы жана Korea Environmental Industry & Technology Institute (KEITI) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстанда калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселеси талкууланып, анын актуалдуулугу белгиленди.

Депутат окуучулардын тамактануусун 50 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады

Депутат окуучулардын тамактануусун 50 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады

Махабат Мавлянова  Жогорку Кеңеш жыйынында Кыргызстанда мектеп тамактануусун каржылоону көбөйтүү жана тендерлерге жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн катышуусун камсыз кылуу зарылдыгын айтты. Анын айтымында, эл аралык уюмдардын маалыматына ылайык, өлкө калкынын 26%ы жакырчылыкта жашайт, ал эми 41%ы жетиштүү жана толук кандуу тамактанууга мүмкүнчүлүгү жок. Депутат учурда 4-класска чейин окуучулардын ысык тамагына

Кыргызстанда ККЭБ үчүн жабдууларды  импорттоо тизмеси кеңейтилди

Кыргызстанда ККЭБ үчүн жабдууларды импорттоо тизмеси кеңейтилди

Министрлер Кабинети кайра калыбына келүүчү электр жабдыктары (ККЭБ) тармагындагы долбоорлор үчүн импорт учурунда кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотула турган товарлардын жана жабдуулардын тизмесин кеңейтти. Өзгөртүүлөр 2021-жылдын 4-октябрындагы №196 токтомуна киргизилди. Бул чечим кайра калыбына келүүчү энергия секторун өнүктүрүү үчүн кошумча шарттарды түзүүгө багытталган. Документке ылайык, жеңилдетилген импорт тизмеси ондогон жаңы

Мамлекеттик органдарды, ЖОЖдорду Токмокко көчүрүү демилгеленди

Мамлекеттик органдарды, ЖОЖдорду Токмокко көчүрүү демилгеленди

Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Саккараев жыйын учурунда айрым жогорку окуу жайларын Токмок шаарына көчүрүү демилгесин көтөрдү. Эл өкүлү көптөгөн өлкөлөрдө атайын студенттик шаарчаларды түзүү тажрыйбасы бар экенин белгиледи. "Эгерде биз Токмокту студенттик шаарчага айландырсак, бул абдан жакшы болот, себеби ал борбор калаага жакын жайгашкан. Ошондой эле айрым мамлекеттик органдарды,