Кыргызстанда Chevrolet жана Isuzu унаалары чыгарылат — баасы 13 миң доллардан башталат

Кыргызстанда Chevrolet жана Isuzu унаалары чыгарылат — баасы 13 миң доллардан башталат

Биргелешкен кыргыз-өзбек автоунаа заводу жеңил Chevrolet унаасын жана Isuzu коммерциялык унааларын чыгарат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «ДТ Техник» ЖЧКсынын директору Фархатжон Досматов билдирди.

Жыйында депутаттар Кыргызстандын министрлер кабинети менен Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы КРда автомобиль жана коммерциялык унааларды чыгарууну уюштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун талкуулашты.

«Баштапкы этапта биз Chevrolet жана Isuzu коммерциялык унааларын чыгарууну пландап жатабыз. Жеңил унаалардын баасы 13 миң доллардан, жүк ташуучу унаалардыкы — 28 миң доллардан болот», — деди Досматов.

Белгилей кетсек, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекова долбоор тууралуу маалымат берип жатып, ал үч этап менен ишке ашырыларын жана 500 жумуш оруну түзүлөөрү күтүлүп жатканын билдирген.

«Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу максатында, министрлер кабинети милдеттенмелерди алып жатат, ага ылайык, автотранспорт каражаттарын өндүрүү үчүн автоунаа комплекттерин импорттоодо жана аларды сатууда КНСтен, ошондой эле бул каражаттарды өндүрүү үчүн ташылып келген машина комплекттери да Бажы алымынан бошотулат», — деген анда министрдин орун басары.

Ошондой эле Усенбекова каражатты азырынча жеке компаниялар өздөрү каржылай тургандыгын, бирок эгер дагы керек болсо, Кыргыз-Өзбек фондуна кайрылса болорун айткан эле.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстан автоунаа чыгарган биргелешкен завод курууну пландап жаткандыгы кабарланган. Завод Чүй облусунун Ак-Суу айылында (Бишкек шаарынан 50 км) курулат. Ал жерде автоунаанын 19 түрү чыгарылмакчы. Кыргыз тараптан өндүрүшкө эки компания «Нур» ААКсы жана «ДТ Техник» ЖЧКсы, өзбек тараптан «Узавтосаноат» мамлекеттик ишканасы катышат.

Мындан тышкары окуңуз

Япония Кыргызстанга жол куруу үчүн грант бөлдү

Япония Кыргызстанга жол куруу үчүн грант бөлдү

Япониянын өкмөтү Кыргызстанга жол-курулуш техникаларын жеткирүү үчүн 533 миллион иен (болжол менен 296 млн сом) өлчөмүндө грант бөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 27-октябрда аталган министрлик менен Япониянын Japan International Cooperation System уюмунун ортосунда эки тараптуу консультативдик комитеттин жыйыны өттү. Жыйынга транспорт министринин биринчи

Ишкер Media
Кыргызстан Германия жана Польша менен аба каттамдарын ачууну пландаштырууда

Кыргызстан Германия жана Польша менен аба каттамдарын ачууну пландаштырууда

Кыргызстан Германия жана Польша менен аба каттамдарын ачууну пландаштырууда. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, аталган өлкөлөрдүн өз авиакомпанияларынын болушу эске алынууда. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов жергиликтүү медиаларга билдирген. "Германия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, анткени ал өлкөнүн Lufthansa Airlines авиакомпаниясы бар. Ошондой эле Польша менен да сүйлөшүүлөр жүрүп

Ишкер Media
К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

К.И. Скрябин атындагы КУАУнин студенттери өндүрүштө болуп, дуалдык билим алышты

“Технология жана биоресурстар” факультетинин студенттери Бишкектеги “Sonun Prodimpex” консерва заводунда дуалдык билим алышты. Сабактар “Жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү технологиясы” дисциплинасынын алкагында өткөндүгүн аталган окуу жайдан билдиришти. Маалыматка ылайык, теориялык окутуу кафедрада, ал эми практикалык даярдыктан өтүү заводдун базасында уюштурулду. Завод заманбап жабдуулар жана аккредитацияланган лаборатория менен камсыздалган. Ишкана тарабынан

Ишкер Media
Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди

Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү. Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу

Ишкер Media