Баткенде террордук коркунучтарга каршы даярдык текшерилди
Баткен облусунун Кадамжай шаарында «Баткен-Антитеррор-2026» аталышындагы антитеррордук машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, машыгуунун алкагында аймактык ыкчам штаб түзүлүп, террордук топторду аныктоо, алардын аракеттерине бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү.
Ошондой эле стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү даярдыгы текшерилди.
Машыгууга УКМКнын Баткен облусундагы башкармалыгы, Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана медицина кызматкерлери катышты.
УКМКнын маалыматына караганда, машыгуу террордук коркунуч жаралган учурда күч түзүмдөрүнүн даярдыгын жана мамлекеттик органдардын биргелешип иш алып баруу мүмкүнчүлүгүн текшерүүгө багытталды.

