Япония Кыргызстанга жол куруу үчүн грант бөлдү
Япониянын өкмөтү Кыргызстанга жол-курулуш техникаларын жеткирүү үчүн 533 миллион иен (болжол менен 296 млн сом) өлчөмүндө грант бөлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-октябрда аталган министрлик менен Япониянын Japan International Cooperation System уюмунун ортосунда эки тараптуу консультативдик комитеттин жыйыны өттү.
Жыйынга транспорт министринин биринчи орун басары Тариэль Жаныбеков, Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин жана Япониянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстанга жеткириле турган жол-курулуш техникаларынын тизмесин, аларды сатып алуу тартибин жана негизги жол-жоболорун камтыган протоколго кол коюлду.