Wildberries кепилдик төлөмдү азайтып КРдан сатуучулардын санын көбөйтөт
Wildberries айрым КМШ өлкөлөрүнүн жаңы сатуучулары үчүн платформада жаңы бизнес эсептерди ачууда кепилдик төлөмдүн көлөмүн азайтты. Азырынча, бул сумма 10 миң рублди түзөт. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.
Белгиленгендей, 10 миң рубль өлчөмүндөгү жеңилдетилген кепилдик төлөм алардын продукциясын жарнамалоо үчүн сарптаганга мүмкүн. Каражат кайтарылып берилбейт, аны соода платформасынын кызматтары үчүн гана колдонсо болот.
Wildberries аналитикалык кызматынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын январынан апрелине чейин платформада катталган Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан келген ишкерлердин жалпы саны өткөн жылга салыштырмалуу үч эсеге көбөйүп, 124 миңди түздү.