Алай менен Кара-Суу райондорунда жаңы ишканалар ачылды

Алай менен Кара-Суу райондорунда жаңы ишканалар ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ош облусуна жана Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында өндүрүш ишканаларынын ачылышына катышты жана бир катар объекттердин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.

Минкаб төрагасынын орун басары иш сапарынын жүрүшүндө Алай районуна караштуу Жаңы-Алай айыл аймагында жайгашкан «Жемиш Кампа» ААКнын ачылышына катышты. Бул ишкана жергиликтүү дыйкандар тарабынан өндүрүлгөн мөмө-жемиштерди узак мөөнөткө сактоо кызматын аткарат.

Андан ары Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан нан азыктарын чыгаруучу ишкананын ачылыш аземине катышты. Жергиликтүү тургундарды жумуш орундары менен камсыз кылуу максатында ачылган ишканада 50 адам иштейт жана анда өндүрүлгөн продукцияларды келечекте чет мамлекеттерге экспорттоо планы коюлган.

Мындан тышкары Араван районуна караштуу Керме-Тоо айыл аймагында «Ош Глобал Текстиль» ЖЧК тарабынан пахта буласынан жип ийрүүчү жаңы курула турган фабриканын долбоору менен таанышты. Пахтадан кездемелерди жана кийимдерди чыгарууну көздөгөн бул фабрикада 1500дөн ашуун адамды жумуш менен камсыз кылуу пландалууда.

Бакыт Төрөбаев ошондой эле Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында жайгашкан «Кыргызчеттранс-Ош» ЖЧКнын ишмердүүлүгү менен таанышты. Мында Кыргыз Республикасы менен  Кытай Эл Республикасынын ортосунда оор жүк ташуучу уналардын эл аралык базасы түзүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Арсы айылында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салынды

Арсы айылында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салынды

Кочкор районундагы Арсы айылында уруксат кагазы жок балык уулап жаткан үч жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин билдиришти. Маалыматка ылайык, бул факт Нарын регионалдык башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн кезектеги рейд учурунда катталды. Мыйзам бузган жарандарга протоколдор түзүлүп, айып пул салынды. Башкармалык жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга

Кыргызстан-Казакстан: элчилик имараттары 49 жылга акысыз пайдаланууга берилет

Кыргызстан-Казакстан: элчилик имараттары 49 жылга акысыз пайдаланууга берилет

Казакстандын Сенаты Кыргызстан менен дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн ишин камсыздоого багытталган макулдашууну күчүнө киргизди. Бул тууралуу Казакстандын парламентинин расмий сайтында жарыяланды. Документке ылайык, эки өлкө бири-бирине элчиликтерди жана элчилердин резиденцияларын жайгаштыруу үчүн жер тилкелерин жана имараттарды 49 жылга акысыз пайдаланууга берет. Макулдашуу 2025-жылдын 22-августунда Бишкекте түзүлгөн. Казакстанда документ алгач

ОСАГОну жаңыртууга убакыт келди: BAKAI Камсыздандыруудан 30% кешбэкти нак акча түрүндө алыңыз

ОСАГОну жаңыртууга убакыт келди: BAKAI Камсыздандыруудан 30% кешбэкти нак акча түрүндө алыңыз

BAKAI Камсыздандыруу ОСАГО үчүн нак акча түрүндө берилүүчү 30% жогорулатылган кешбэк акциясын 2026-жылдын аягына чейин узартты. Полисти тариздөө же жаңыртуу үчүн BAKAI мобилдик банкын колдонуп онлайн арыз берип, ОСАГОнун наркынын 30 пайызын картаңызга дароо кайтарып алыңыз. Мисалы: ✔️ полистин баасы – 1 680 сом ✔️ кешбэк – 504 сом ✔️ акча төлөм жүргүзүлгөндөн кийин

Ош шаарында эл аралык мотожүрүш өтөт

Ош шаарында эл аралык мотожүрүш өтөт

30-июлда Ош шаарындагы борбордук аянтта  "Көчмөн жолу" аттуу эл аралык мотожүрүш өтөт. Иш-чаранын салтанатуу ачылышы  саат 15:30да башталат. Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, мотожүрүш VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналып уюштурулууда. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Орусиядан келген 150гө жакын адам катышат. Алар өз өлкөлөрүнүн