Ош шаарында эл аралык мотожүрүш өтөт

Ош шаарында эл аралык мотожүрүш өтөт

30-июлда Ош шаарындагы борбордук аянтта  "Көчмөн жолу" аттуу эл аралык мотожүрүш өтөт. Иш-чаранын салтанатуу ачылышы  саат 15:30да башталат.

Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, мотожүрүш VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналып уюштурулууда.

Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Орусиядан келген 150гө жакын адам катышат. Алар өз өлкөлөрүнүн топторун тааныштырып, коопсуз жана жоопкерчиликтүү айдоо маданиятын жайылтууга салым кошушат.

Белгиленгендей, иш-чара шаардык бийликтин жана мотоцикл клубдарынын колдоосу менен уюштурулуп, мото-туризмди өнүктүрүү жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатын көздөйт.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Бааларга байкоо: кайсы азыктар кымбаттап, кайсылары арзандады?

Бааларга байкоо: кайсы азыктар кымбаттап, кайсылары арзандады?

Кыргызстанда сабиздин баасы 7%га, пастерленген сүт 2,1%га , кой эти 1,3%га, тандыр нан 0,4%га, ошондой эле айрым макарон азыктары 0,2%га кымбаттады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, аталган министрлик Кыргызстан, Казакстан жана Орусиядагы

Арсы айылында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салынды

Арсы айылында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салынды

Кочкор районундагы Арсы айылында уруксат кагазы жок балык уулап жаткан үч жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин билдиришти. Маалыматка ылайык, бул факт Нарын регионалдык башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн кезектеги рейд учурунда катталды. Мыйзам бузган жарандарга протоколдор түзүлүп, айып пул салынды. Башкармалык жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга

Кыргызстан-Казакстан: элчилик имараттары 49 жылга акысыз пайдаланууга берилет

Кыргызстан-Казакстан: элчилик имараттары 49 жылга акысыз пайдаланууга берилет

Казакстандын Сенаты Кыргызстан менен дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн ишин камсыздоого багытталган макулдашууну күчүнө киргизди. Бул тууралуу Казакстандын парламентинин расмий сайтында жарыяланды. Документке ылайык, эки өлкө бири-бирине элчиликтерди жана элчилердин резиденцияларын жайгаштыруу үчүн жер тилкелерин жана имараттарды 49 жылга акысыз пайдаланууга берет. Макулдашуу 2025-жылдын 22-августунда Бишкекте түзүлгөн. Казакстанда документ алгач

ОСАГОну жаңыртууга убакыт келди: BAKAI Камсыздандыруудан 30% кешбэкти нак акча түрүндө алыңыз

ОСАГОну жаңыртууга убакыт келди: BAKAI Камсыздандыруудан 30% кешбэкти нак акча түрүндө алыңыз

BAKAI Камсыздандыруу ОСАГО үчүн нак акча түрүндө берилүүчү 30% жогорулатылган кешбэк акциясын 2026-жылдын аягына чейин узартты. Полисти тариздөө же жаңыртуу үчүн BAKAI мобилдик банкын колдонуп онлайн арыз берип, ОСАГОнун наркынын 30 пайызын картаңызга дароо кайтарып алыңыз. Мисалы: ✔️ полистин баасы – 1 680 сом ✔️ кешбэк – 504 сом ✔️ акча төлөм жүргүзүлгөндөн кийин