Кыргызстан Starlink компаниясына интернет кызматын көрсөтүүгө лицензиясын берүүгө даяр

Кыргызстан Starlink компаниясына интернет кызматын көрсөтүүгө лицензиясын берүүгө даяр

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов америкалык SpaceX (Space Exploration Technologies Corporation) компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Жолугушууда тараптар Кыргызстанда Starlink спутниктик интернет системасына кирүү маселелерин талкуулашты.

Тараптар ошондой эле өлкөнүн алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарындагы колдонуучуларды, атап айтканда, жалпы билим берүүчү мектептерди жана мамлекеттик мекемелерди интернетке жеткирүү үчүн Starlink технологиясын колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Отурумдун жыйынтыгында Байсалов Кыргызстан Starlink компаниясына өлкө боюнча маалыматтарды берүү кызматына лицензия берүүгө даяр экендигин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда импорттун көлөмү 60%га чейин азайды – Садыр Жапаров

Кыргызстанда импорттун көлөмү 60%га чейин азайды – Садыр Жапаров

Кечээ президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып, экономиканы чыңдоо үчүн ата мекендик өндүрүшкө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Өлкө башчысы импортту азайтып, экспортту көбөйтүү зарылдыгын айтты. “Биз мүмкүн болушунча импортту азайтып, импорт менен экспорттун тең салмактуулугун камсыз кылышыбыз керек. Мурда 30% экспорттоп, 70% импорттосок, азыр импорттун көлөмү 60%

Португалия Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга экспорттун кескин өсүшүн текшерип жатат

Португалия Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга экспорттун кескин өсүшүн текшерип жатат

Португалиянын Финансы министрлиги жана көзөмөлдөөчү органдар Борбор Азия өлкөлөрүнө экспорттун өсүшүн текшерип жатышканын Público гезити жазды. Макалада айтылгандай, Португалиянын экспорту Украинадагы согуш башталгандан кийин Россияга жакын жайгашкан өлкөлөргө олуттуу көбөйгөн. Европа биримдиги Москвага каршы санкцияларды киргизгенден кийин Португалиядан Россияга 2021-жылдагы 26 млн евролук экспорттон кыйла төмөн түшүп кеткен. Португалиянын улуттук

Манас шаарынын "Тазалык" ишканасына 4 трактор тапшырылды

Манас шаарынын "Тазалык" ишканасына 4 трактор тапшырылды

Манас шаарынын "Тазалык" муниципалдык ишканасына 4 даана көп тармактуу, кар тазалоочу кичи трактор тапшырылганын президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Атайын техникаларды сатып алууга Жалал-Абад облусун өнүктүрүү фондунан 7 млн 100 миң сом бөлүнгөн. Облус башчысы Тилек Текебаев жаңы техникалар шаардын тазалыгын сактоодо, өзгөчө кыш мезгилинде кар тазалоо иштерин

ЕРӨБдүн 23,5 млн доллар насыясына алынган троллейбустар кайда?

ЕРӨБдүн 23,5 млн доллар насыясына алынган троллейбустар кайда?

Бишкекте Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына караштуу көз карандысыз отчеттуулук органынын (ЕРӨБ ККОО) делегациясы менен шаар тургундарынын жолугушуусу өттү. Делегация Лондон шаарынан келген. Бул сапар мурда троллейбустарды сатып алууга байланышкан шаардык транспортту каржылоо долбоору боюнча тургундардын расмий кайрылуусунун негизинде уюштурулган. "БишкекСмог" демилгелүү тобунун өкүлдөрү билдиргендей, талкууга ар түрдүү