Португалия Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга экспорттун кескин өсүшүн текшерип жатат

Португалия Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга экспорттун кескин өсүшүн текшерип жатат

Португалиянын Финансы министрлиги жана көзөмөлдөөчү органдар Борбор Азия өлкөлөрүнө экспорттун өсүшүн текшерип жатышканын Público гезити жазды.

Макалада айтылгандай, Португалиянын экспорту Украинадагы согуш башталгандан кийин Россияга жакын жайгашкан өлкөлөргө олуттуу көбөйгөн. Европа биримдиги Москвага каршы санкцияларды киргизгенден кийин Португалиядан Россияга 2021-жылдагы 26 млн евролук экспорттон кыйла төмөн түшүп кеткен.

Португалиянын улуттук статистика институту жарыялаган жана Público басылмасы келтирген эл аралык соода боюнча маалыматтарга ылайык, португалиялык экспорт төмөнкү өлкөлөргө өскөн:

  • Кыргызстан
  • Казакстан
  • Азербайжан
  • Түркия
  • Бириккен Араб эмираттары.
Португалиядан Кыргызстанга жөнөтүлгөн товарлардын көлөмү 2021-жылы болжол менен 200 миң евродон 2025-жылы дээрлик 6 млн еврого чейин өскөн. Басылма бул багыт улуттук экспорттун эң тез өсүп жаткан багыты экенин белгилейт.

Ошондой эле эң көп импорт көбөйгөн бул беш өлкө Россияга географиялык жактан жакын экени жана саясий байланыштары бириктирери айтылат.

Экспорттолгон негизги товарлардын бири — шарап заводдору үчүн тыгындар (пробкалар). Аларды өндүрүүдө Португалия дүйнөдө лидер болуп эсептелет. Público басылмасы белгилегендей, согушка чейин бул тыгындар Россияга экспорттолчу. Бирок кийин алар аскердик максатта колдонулушу мүмкүн деген себеп менен экспортко тыюу салынган.

Ошол эле учурда 2022-жылдын ортосунан тартып бул товарды жеткирүү төмөнкү өлкөлөргө көбөйгөн:

  • Түркия
  • Бириккене Араб эмираттары
  • Кыргызстан
  • Казакстан.

Басылма белгилегендей, иш жүзүндө португалиялык компаниялар, ошондой эле Европа биримдигинин өлкөлөрүнүн башка компаниялары товарларды үчүнчү өлкөлөргө экспорттоп, андан кийин Россияга кайра жөнөтүлүшү мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги “Унаа” ишканасынын айрым бөлүмдөрү эки күн иштебейт

Бишкектеги “Унаа” ишканасынын айрым бөлүмдөрү эки күн иштебейт

Бишкектеги “Унаа” мамлекеттик ишканасынын айрым бөлүмдөрү 31-августта жана 1-сентябрда иштебейт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу “Унаанын” өлкө боюнча бардык бөлүмдөрү жабык болот. 1-сентябрда аймактык бөлүмдөр өз ишин улантат. Бирок ШКУ саммитине байланыштуу Бишкектеги Аламүдүн, “Биримдик”, Чыгыш жана “Аю Гранд” соода борборундагы

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ошто мектепке кирип-чыгууга тоскоол болгон жайлар алынууда

Ош шаарындагы Жетимишов көчөсүндө жайгашкан Барпы Алыкулов атындагы мектептин айланасы иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекемеге кирип-чыгууга тоскоолдук жараткан унаа жуучу жана башка мыйзамсыз жайгашкан жайлар алып салынууда. Белгиленгендей, мектептин айланасын иретке келтирүү иштери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо жана жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Кел-Сууга барчу жол сүрүлүп, тегизделүүдө

Нарын облусунун Ат-Башы районунда Кел-Суу көлүнө алып баруучу жолдо оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Учурда туристтик сезонго байланыштуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун үстүн сүрүп-тегиздөө иштери күчөтүлдү. Кел-Суу көлүнө туристтер көп баргандыктан, сезондо бул багытта унаалардын агымы көбөйөт. Буга байланыштуу

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

Жайыл районунда коомдук ынтымакты бекемдөө маселеси талкууланды

24-августта Жайыл районунда улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара район акими Имамназар Буркановдун демилгеси менен уюштурулуп, ага район акимдигинин өкүлдөрү, Жайыл РИИБдин башчысы М.Калманбетов, этникалык маселелер боюнча