Туум жана санкциялардын 50% эсептен чыгарат – Салык кызматы шарттарын айтып берди

Туум жана санкциялардын 50% эсептен чыгарат – Салык кызматы шарттарын айтып берди

Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү Салык кодексинин 72-беренесине ылайык салык милдеттенмелерин аткарууда жеңилдетилген режимди пайдаланууга чакырат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Бул беренеге ылайык, салык төлөөчү салыктык текшерүүнүн же такталган салык отчетун берүүнүн натыйжасында эсептелген туумдардын жана салык санкцияларынын 50 пайызын төлөөдөн бошотуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Бул жеңилдетилген режимди пайдалануу үчүн бир эле учурда төмөнкү шарттар аткарылышы керек:

• учурдагы салык карызы жок болуу;

• салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечим тапшырылган же такталган салык отчету берилген учурдан тартып 15 күндүн ичинде салык калдыгынын толук суммасын, туумдардын жана салык санкцияларынын 50 пайызынын башка бөлүгүн төлөө.

50% жеңилдик алуу үчүн салык органына салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу жөнүндө арызды төлөнгөндүгүн ырастоочу документтер менен бирге жөнөтүү зарыл.

Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү салыктык текшерүүнүн же такталган отчетту берүүнүн натыйжасында эсептелген туумдун жана салык санкциясынын толук суммасын төлөп калбоо үчүн бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланууга жана зарыл болгон төлөмдөрдү жүргүзүүгө чакырат. Бул салык төлөөчүлөргө салык милдеттенмелерин аткаруунун кыйла ийкемдүү шарттарын камсыздайт жана КРнын салык мыйзамдарын сактоого өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Алайда 37 млн сомго спорт комплекси курулуп жатат

Алайда 37 млн сомго спорт комплекси курулуп жатат

Алай районундагы Сопу-Коргон айылында жаңы спорт комплекси курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор республикалык казынадан каржыланып, жалпы наркы 37 миллион сомду түзөт. Жаңы спорт комплекси заманбап талаптарга жооп берип, анын ичинде волейбол жана баскетбол аянтчалары, машыгуу залы каралган. Ошондой эле

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын премьер-министрин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын премьер-министрин кабыл алды

22-июнда Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды. Президенттик администрациядан билдиришкендей, жолугушууда тараптар саясий жана экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулап, эки өлкөнүн ортосундагы күн тартибиндеги орчундуу багыттар боюнча кеңири пикир алышты. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын өнөктөштүгү ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, эртең

1-сентябрдан тарта чет өлкөлүк номурлуу унааларды каттоо токтотулат

1-сентябрдан тарта чет өлкөлүк номурлуу унааларды каттоо токтотулат

Президенти тарабынан 2026-жылдын 3-июнундагы “Чет өлкөлүк мамлекеттик каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштырууну аяктоо жана алардын жүгүртүлүшүн жөнгө салуу чаралары жөнүндө” Жарлыкка кол коюлган. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, Жарлыкта 2026-жылдын 1-сентябрына чейин күчүндө боло турган транспорт каражаттарын легалдаштыруунун кошумча тартиби каралган. Кыргызстандын аймагына 2024-

Курулуш тармагында иштеген чет элдиктерди каттоо көзөмөлгө алынат

Курулуш тармагында иштеген чет элдиктерди каттоо көзөмөлгө алынат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ички иштер министрлигинин жана башка укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, курулуш компанияларынын жетекчилери менен жумушчу жыйын өткөрдү. Министрликтен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө курулуш объектилеринде эмгектенип жаткан чет элдик жарандарды каттоо, алардын мыйзам талаптарын сактоосу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо маселелери каралды. Тараптар чет